Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIчакырылышынын кезексизXXVI сессиясынын №26/1.2 ТОКТОМУ

shapka_cn

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXVIчакырылышынын  кезексизXXVI сессиясынын

ТОКТОМУ

22-март 2016-жыл   №26/1.2                                                  Орто-Нура айылы

Орук-Там айылындагы эски ФАПтын жер аянтына мечит куруу үчүн максаттуу багытын алмаштуруу жөнүндө

 

Орук-Там айылындагы системдик каттоодон өткөн бирдейлештирилген коду 4-05-18-1006-0006эски ФАПтын ордуна мечит куруу үчүн максаттуу багытын өзгөртүү үчүн Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

  1. Орук-Там айылындагы системдик каттоодон өткөн бирдейлештирилген коду 4-05-18-1006-0006эски ФАПтын 650м2 жер аянты мындан ары мечитке берилип максаттуу багыты өзгөртүлсүн.
  2. Тийиштүү документтерине өзгөртүү киргизип берүү жагы Нарын аймактык каттоо башкармалыгынан суралсын.
  3. Орук-Там айылына мечит куруу үчүн системдик каттоодон өткөн 4-05-18-1006-0006 коддогу 650м2 жер тилкеси берилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:                                                                              Ж.Жакыпов 

________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга.

 

Комментирование запрещено