Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVI чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын
ТОКТОМУ
22-март 2016-жыл №26/1.3 Орто-Нура айылы
Чет-Нура айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерин ижарага берүү үчүн түзүлгөн комиссиянын чечимдерин жана ижарага коюлган баштапкы бааларын бекитүү жөнүндө
Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерин ижарага берүү боюнча түзүлгөн комиссиянын чечимдерин карап чыгып жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI сессиясы токтом кылат:
- Аукцион өткөрүү боюнча комиссия иштеп чыккан баштапкы жана арымдын (шаг) баалары бекитилсин.
- Аукциондун негизинде берилген жер аянттары 5-7 жылга ижарага берилсин.
- Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго жана ижарага берүү боюнча түзүлгөн комиссияга тапшырылсын.
Төрага: Ж.Жакыпов
________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга, айыл өкмөтүнө, комиссияга