Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVI чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын
ТОКТОМУ
22-март 2016-жыл №26/1.4 Орто-Нура айылы
Ийри-Суу айылындагы турак жай куруу үчүн бөлүнгөн жер тилкесинин аянтын бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айылынын турак жайга муктаж жарандары кайрылып там салу үчүн берилүүчү жер тилкенин аянтын 0,10гектардан 0,20гектарга көтөрүп берүүнү суранган. Себеби, айыл жери болгондуктан чарбалык иштерин кылууда 0,10гектар аз экенин билдиришкен жогорудагыларды угуп жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI сессиясы токтом кылат:
- Ийри-Суу айылында там салуу үчүн бериле турган жер тилкесинин аянты мурункусундай калтырылып 0,10 гектарды түзсүн.
- Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага: Ж.Жакыпов
________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга, айыл өкмөтүнө