Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын №26/1.6 ТОКТОМУ

shapka_cn

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXVI чакырылышынын  кезексиз  XXVI сессиясынын

ТОКТОМУ

22-март  2016-жыл   №26/1.6                                                                         Орто-Нура айылы

Мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлеринин инвестиция талап кылган жерлерин жакшыртылган жерлер түрүнө которуу жөнүндө

 

Орто-Саз айылындагы Шаркырак участкасын жана Орто-Нура айылындагы Кантордун Төшү участкасындагы мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлери жакшыртылып суу чыгарылгандыгына байланыштуу жакшыртылган жерлер түрүнө которууну талап кылат. Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин XXVI сессиясы токтом кылат:

  1. Орто-Саз айылындагы Шаркырак участкасын жана Орто-Нура айылындагы Кантордун Төшү участкасындагы мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлери айыл өкмөтүнүн жакшыртылган жерлер түрүнө кирип аукционго коюлсун.
  2. Тийиштүү документтерине өзгөртүүлөр киргизилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

 

Төрага:                                                                                  Ж.Жакыпов

__________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга, айыл өкмөтүнө

Комментирование запрещено