Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын №26/1.7 ТОКТОМУ

shapka_cn

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXVI чакырылышынын  кезексиз  XXVI сессиясынын

ТОКТОМУ

22-март  2016-жыл   №26/1.7                                                                         Орто-Нура айылы

Орто-Нура айылынын тургуну Байчериков Советбек Токталиевичтин кайрылуусун кароо жөнүндө

 

Орто-Нура айылынын тургуну Байчериков Советбек  Токталиевичтин Кичи Секи участкасындагы үлүшкө алган жер аянтынын үстүнөн суу түшүп жараксыз абалга келген, буга Нарын райондук МЧС тарабынан корутунду берилген. Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин XXVI сессиясы токтом кылат:

  1. Орто-Нура айылынын тургуну Байчериков Советбек Токталиевичтин кайрылуусу канааттандырылсын.
  2. Үлүш жер аянтын башка жерден которуп берүү жагы Нарын райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
  3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

 

Төрага:                                                                                  Ж.Жакыпов

__________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга, айыл өкмөтүнө, арыз ээсине.

Комментирование запрещено