Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын №26/1.5 ТОКТОМУ

shapka_cn

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXVI чакырылышынын  кезексиз  XXVI сессиясынын

ТОКТОМУ

22-март  2016-жыл   №26/1.5                                                             Орто-Нура айылы

Айыл өкмөтүнүн кайрак жер аянтын кароо жөнүндө

 

2009-жылы Чет-Нура айылдык Кеңештин сессиясынын чечими элдин макулдашуусу менен жайытка айланып кеткен кайрак жер аянты өз калыбына кайрак жер аянтына келип, чарба китептерге түшүп, кайрак жер аянтынын эсебине кирген. Бирок ошол жылдан бери эл пайдаланганы менен мыйзамга ылайык  трансформациялоо болбогондугуна байланыштуу депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI сессиясы токтом кылат:

  1. Чет-Нура айыл өкмөтүндөгү жайыттан кайрак жер аянтына 2009-жылдагы сессиянын чечими менен которулган 1247,71 Га жайыт аянты өз багытында калтырылсын.

 

  1. Айыл өкмөтүнүн Айыл программасына жана чарба китебинде катталган 1241,71 га жер аянты программадан, чарба китептен чыгарылып, жайыт аянтына которулсун.

 

  1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго  тапшырылсын.

 

 

Төрага:                                                                                  Ж.Жакыпов

__________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга.

Комментирование запрещено