Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын №26/1.8 ТОКТОМУ

shapka_cn

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXVI чакырылышынын  кезексиз  XXVI сессиясынын

ТОКТОМУ

22-март  2016-жыл   №26/1.8                                                                         Орто-Нура айылы

Орто-Нура айылында түзүлгөн Орто-Нура үрөн фондусуна Мамлекеттик фондунун айыл чарба жеринен үрөн чарбасын өнүктүрүү үчүн ижарага баштапкы баа менен жер аянттарын түз берүү жөнүндө

 

Орто-Нура айылында түзүлгөн Орто-Нура үрөн фондусуна Мамлекеттик фондунун айыл чарба жеринен үрөн чарбасын өнүктүрүү үчүн ижарага баштапкы баа менен жер аянттарын түз берүү зарылчылыгы келип чыгууда. Муну мыйзам да көтөрөт, себеби ушул өңдүү үрөн чарбалар жана асыл тукум чарбалары колдоого алынат жана түз жергиликтүү Кеңештин чечими менен берилет деп жазылган.

 

Жогорудагылардын негизинде Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин XXVI сессиясы токтом кылат:

 

  1. Орто-Нура үрөн чарбасына Мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлеринен ижарага баштапкы баа менен жер аянттары түз берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага:                                                                    Ж.Жакыпов

__________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга, айыл өкмөтүнө, Төш-Булак айылынын айыл башчысына.

Комментирование запрещено