Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVI чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын
ТОКТОМУ
22-март 2016-жыл №26/2 Орто-Нура айылы
Чет-Нура айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетин бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Асанбековдун жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жылга түзүлгөн бюджетин угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI сессиясы токтом кылат:
- Чет-Нура айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жылдагы отчёту канаттандырылсын деп табылсын.
- Чет-Нура айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жылга түзүлгөн бюджети алымча кошумчасы менен бекитилсин.
- Бюджеттин аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Асанбековго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага: Ж.Жакыпов
__________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга, айыл өкмөтүнө, жайыт пайдалануучулар бирикмесине.