Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын №26/4 ТОКТОМУ

shapka_cn

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXVI чакырылышынын  кезексиз  XXVI сессиясынын

ТОКТОМУ

22-март  2016-жыл №26/­­­4                                                                          Орто-Нура айылы

20-февраль 2016-жылдагы Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын    XXV сессиясына №25/4 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

XXVI чакырылышынын    XXV сессиясына №25/4 токтому менен мал сатууга 20-сомдон, кызмат көрсөтүү үчүн акы алуу ар кандай кызматтар үчүн 5-сомдон төлөм (кызмат көсөтүү) алуу бекитилген. Бирок бул төлөм салык кодексине туура келбегендигине байланыштуу жогорудагы сессиянын чечимине өзгөртүү киргизилсин.

Айыл өкмөтүндөгү:

  1. Мал сатууга жана ар кандай маалыматтар (справкалар) кызмат көрсөтүүсүз бекер берилсин.
  2. Мыйзамга ылайык каттоодо турган 1021 түтүндөн мусор үчүн (өз ара салык) катары 100 (бир жүз) сомдон акы алынсын.
  3. Ар бир алынган төлөмгө квитанция кыркылып ай сайын банкка төгүлүп турулсун.
  4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго  тапшырылсын.

 

 

Төрага:                                                                                  Ж.Жакыпов

__________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга.

Комментирование запрещено