Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVI чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын
ТОКТОМУ
22-март 2016-жыл №26/7 Орто-Нура айылы
Төш-Булак айылына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан берилген трубаларды алмаштыруу жөнүндө
Төш-Булак айылына 2009- жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан азбест трубалар пайдаланууга берилген. Бирок ал трубаларды пластмасса трубаларга алмаштыруу ыңгайлуу экендиги Төш-Булак айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун токтому менен бекитилген.
Жогорудагылардын негизинде Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI сессиясы токтом кылат:
- Төш-Булак айылына Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан берилген азбест трубаларды пластмасса трубаларга алмаштырууга уруксаат берүү жагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын областтык башкармалыгынан суралсын.
- Трубалардын так туура алмаштыруу Төш-Булак айылынын айыл башчысы Белек уулу Турдакунга тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Төрага: Ж.Жакыпов
__________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга, айыл өкмөтүнө, Төш-Булак айылынын айыл башчысына.