Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын 13-март 2017-жылдагы № 4/2 ТОКТОМУ

shapka_cn

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXVI чакырылышынын  кезектеги IV сессиясынын 

ТОКТОМУ

13-март  2017-жыл   № 4/2                                                   Орто-Нура айылы

«Эки-Нура» жана «Бактыгул-Чабалдай» ИСКАКБларынын

 2016-жылга отчетун угуу жана 2017-жылга бюджетин

бекитүү  жөнүндө

            «Эки-Нура» жана «Бактыгул-Чабалдай» ИСКАКБларынын 2016-жылга отчетун угуп жана 2017-жылга бюджетин талкуулап,  Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин IV сессиясы токтом кылат:

1.«Эки-Нура» жана «Бактыгул-Чабалдай» ИСКАКБларынын

2016-жылга аткарган иштери боюнча отчету  канааттандырарлык деп табылсын.

  1. «Эки-Нура» жана «Бактыгул-Чабалдай» ИСКАКБларынын 2017-жылга бюджети бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
  2. 2017-жылга чейинки таза сууга карызы бар абоненттерден төлөмдөр толугу менен 2017-жылдын 1-майына чейин чогултулсун. 1-май 2017-жылдан баштап таза сууга болгон төлөмдөр эл менен талкууланып, төлөмдөр мурунку жылдардан жогорулатылып бекитилсин.
  3. Таза суунун төлөмдөрүн чогултууга жардам берүү айыл башчыларга жана аппарат кызматчыларына тапшырылсын.
  4. Таза сууга төлөмдөр чарба китепте каттоо боюнча ар бир жанга алынсын.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.
  6. Токтом Чет-Нура айыл өкмөтүнүн веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилсин.

 

Төрага:                                                                                                       Т.Сыдыкбеков

__________________________________________________________Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга, айыл өкмөтүнө;

 

«ЭКИ-НУРА»  ичүүчү суу керектөөчүүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин   2016-жылга Чет-Нура айылдык Кеңешинин  XXVII чакырылышынын  IV сессиясына берген 1-жылдык 

ОТЧЕТУ

       Урматтуу депутаттар! Биздин «Эки-Нура» ИСКАКБысы 2007-жылдан бери эки айылды таза суу менен камсыз кылып келүүдө. Чет-Нура,  Орто-Нура айылында  таза суу пайдалануучулар  420 түтүн, 1330-жан, үйүнө суу киргизген 38-түтүн бар . Жумуш орду менен 4-адам камсыз болгон: 1-жетекчи, 1-бухгалтер, 2-оператор. Айылда 48-колонка бар  анын ичинен 2-колонка жараксыз абалда, эки айылда менчик 6—мончо бар, анын ичинен калкты тейлеп  3-мончо иштейт. 2013-жылдын май айынан бери суу үчүн төлөм бир адамга 15-сомдон, үйүнө  суу киргизүү үчүн  уруксаат алуу  5000-сом, үйүнө суу киргизгенден кийин төлөм бир жанга 17-сомдон, мончо иштеткендер үчүн 1-айга төлөм  200-сомдон болуп айылдык Кеңеш тарабынан буйрук чыгарылган. Биздин бир айлык тарифтик планыбыз 14000 сом, жылдык план 168000 сом болуп бекиген. Төлөмдөр боюнча жалпы элдин жыйынтыгы боюнча  жакшы көрсөткүчтөр бар, башкача айтканда  «Эки-Нура»  ИСКАКБынын  2016-жылы  12-ай ичиндеги тарифтик аткарылыш  планы 110 пайыз  болду. Жалпы 2-айыл тургундарынан 185085-сом чогулду, жергиликтүү бюджеттен 2016-жылда  кайтарымдуу кредитке 53000 сом бөлүнгөн, бирок бул акча статья туура келбегендиктен максаттуу пайдаланылган жок.  Кайтарымдуу кредитке бүгүнкү күндө 53000 сом карызбыз, жыл башында 3000 миң сом котордук. Орто-Нура айылында 12 суу чоргосуна , Чет-Нура айылында 6 суу чоргосуна ремонт иштери жүргүзүлдү.

2017-жылга түзүп жаткан иш пландарыбыз: өндүрүлбөй келген карыздардын суммасы 130000 сомдун тегерегинде, азыр ушул карызы бар абоненттер менен иш алып барып өндүрүлгөн акча каражатын  суу чорголоруна толук ремонт иштерин жасоого жумшайлы деп жатабыз. Быйыл жаңы жетекчи шайланды, уставды кайра жаңыртып, тех.паспорт алуу үчүн документтерди өткөрдүк. ИСКАКБы  стратегиялык обүект болгондуктан  суу сактагычтын башын  талапка ылайык коруу үчүн  иштер жүргүзүлөт.

12-айга кеткен чыгымдар:

Айлык акы                                                                                           126000-сом

Соц.фонд                                                                                           24650-сом

Сатуудан түшкөн салык акысы (налог с продаж)                             5553-сом

Айыл чарба багытындаг ы эмес салык акысы, мүлк салыгы        14398-сом

Ремонт иштерине                                                                                   10855-сом

Башка чыгымдар                                                                               3570-сом

________________________________________________________________Бардык чыгаша                                                                                   185026-сом

 

Элди таза суу менен камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана ошондой эле «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу» жөнүндөгү Мыйзамдын негизинде айыл аймак башчылары менен айылдык Кеңештин бирден бир милдети жана ушул эле Мыйзамдын негизинде элге ичүүчү сууга тарифтин көлөмүн бекитип  токтом чыгарып берүү айылдык Кеңеш тарабынан жүргүзүлөт. «Эки-Нура» ИСКАКБысынын 2017-жылдагы  бюджетин 168000 сомго бекитип, тарифтик аткарылыш планын ар бир айга 14000 сомдон, жан башына 15-сомдон, үйунө суу киргизгендер үчүн 17-сомдон, суу киргизүү үчүн уруксат алуу 5000 сомдон, калкты тейлеген мончолор үчүн  айына 500-сомдон тариф бекитип берүүңүздөрдү жана төлөм акыларды чарба китебиндеги  каттоо боюнча же  учурда  жашап жаткан адамдарга жүргүзүү жагын чечип берүүңүздөрдү сурайбыз.

«Эки-Нура» ИСКАКБысынын суу сактагычынын коругу талапка жооп бербегендиктен резервуардын айланасынын узундугу 220метр болгон жерин коруу үчүн жана хлораторныйдын иштөө абалы туура эмес болгондуктан жалпы суу пайдалануучулардын ден соолугуна коркунуч туулуп жаткандыктан калыбына келтирүү үчүн  жергиликтүү бюджеттен 97270 (Токсон жети миң эки жүз жетимиш) сом бөлүп берүүңүздөрдү сурайбыз. (Аныкталгандан кийин  кетүүчү каражат эсептелинди).

 

«Эки-Нура» СООППВынын  жетекчиси:                              К.Дүйшөк уулу

эсепчиси:                              Р.Муканова

 

 

                    Чет-Нура айыл өкмөтү

 

Айыл аймагынын аталышы Айылдын аталышы Вода забор Суу тутукчолру Жайгашкан жердин аты Айланасы тосулган Эмне менен тосулган Ким тарабынан кайтарылган  

 

 

 

 

1

Чет-Нура айыл окмоту Орто-Саз айылы
 

2

Чет-Нура айыл окмоту Ак-Кыя айылы
 

 

3

Чет-Нура айыл окмоту Чет-Нура айылы Вода забор тоодон агып тушкон суу Чет-Нура айылынын башында жайгашкан Тикенек зым менен тосулган Ашымбаев  Сатаркул

Кароолчу

 

 

4

Чет-Нура айыл окмоту Орто-Нура айылы
 

 

5

Чет-Нура айыл окмоту Ак-Булун айылы
 

 

6

Чет-Нура айыл окмоту Ийри-Суу айылы Вода забор Ийри-Суу айылынын башында жайгашкан Дубал менен тосулуп атайын дарбаза салынган Оператор Муканбеталиев Аманбек Коконович Тел;0703365166
 

7

Чет-Нура айыл окмоту Тош-Булак айылы

 

«Бактыгул-Чабалдай»  ичүүчү суу керектөөчүүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин   2016-жылга Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын IV-сессиясына берген 1 жылдык

ОТЧЕТУ

              Урматтуу депутаттар жалпы бир жылдык отчет боюнча маалымат төмөндөгүдөй: Ийри-Суу айылында  суу менен камсыз болгон 160  түтүн, 890-жан, үйүнө суу киргизген 15-түтүн бар . Айылда 23-колонка иштейт.  Элдер таза суу менен саат 11.00дөн 16.00гө чейин камсыз болушат. Жумуш орду менен 3-адам камсыз болгон :    1-жетекчи, 1-бухгалтер, 1-оператор. 2010-жылдан бери суу үчүн төлөм бир адамга 10-сомдон, үйүнө  суу киргизүү үчүн  уруксаат алуу  3000-сом болуп жергиликтүү  кеңештен буйрук чыгарылган. Бул төлөмдөр боюнча жалпы элдин жыйынтыгы боюнча  көрсөткүчтөр төмөн, башкача айтканда  «Бактыгул-Чабалдай»  ИСКАКБынын  2016-жыл ичиндеги тарифтик аткарылыш  планы 51470 сом чогултулуп план 65 пайызга гана аткарылды.

2016-жылда жалпы чыгымдар:

Сатуудан түшкөн салык                                                  1785-сом

Айлык акы                                                                      29500-сом

Кайтарымдуу кредит                                                      5090-сом

Башка чыгымдар                                                                6684-сом

Айыл чарба багытындагы эмес салык акысы           5020-сом

Ремонт иштерине                                                            3391-сом

______________________________________________________              Бардык чыгаша                                                              51470-сом

2017-жылга «Бактыгул Чабалдай» ИСКАКБысынын бюджетин төмөндөгүдөй бекитип берсеңиздер:

1-жылдык бюджет          78000-сом

1-айлык тарифтик план  6500-сомдон

Суу түтүктөрү эскирип пайдалануудан чыгып жаткандыктан жалпы суу түтүктөрүн ремонт кылуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 50000(Элүү) миң сом карап берүүңүздөрдү өтүнөбүз.

 

«Бактыгул-Чабалдай» СООППВынын  жетекчиси:                К.Күчүков

эсепчиси:               Б.Кыштооба

 

Комментирование запрещено