Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын 13-март 2017- жылдагы №4/7 ТОКТОМУ

shapka_cn

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXVII чакырылышынын  кезектеги IV сессиясынын 

ТОКТОМУ 

13-март 2017- жыл  №4/7                                                                           Орто — Нура айылы

Депутаттардын  Чет-Нура айылдык Кенешинин типтүү

регламентин бекитүү  жөнүндө

             Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2013-жылдын 25-ноябрындагы №01-24/65 «Айылдык кенештин типтүү регламентин бекитүү»  тууралуу буйругунун негизинде

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин  IV сессиясы токтом кылат:

  1. Чет-Нура айылдык Кенешинин регламенти алымча-кошумчасы менен бекитилсин.
  1. Регламентке ылайык иш алып баруу туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Төрага:                                                                                    Т.Сыдыкбеков

________________________________________________________________Жөнөтүлсүн: иш кагазга.

 

 

Чет-Нура айыл аймактык айылдык Кенешинин

        (ХХVII чакырылышынын) кезектеги

   IV  сессиясында бекитилген Токтом № 4/7

                                    13.03.2017-жыл

 

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАКТЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ

Бул Регламент  айылдык Кеңештин депутаттарынын ишмердигин жөнгө салган «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айылдык Кеңештин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин белгилейт.

 I БӨЛҮМ

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН  НЕГИЗГИ ИШТЕРИ 

1-глава. Жалпы жоболор

1.1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык Чет-Нура айыл аймактык айылдык кеңеши (мындан ары — айылдык кеңеш) Чет-Нура  айыл аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.

1.2. Айылдык кеңеш жалпыга бирдей, тең жана тике шайлоо укугунун негизинде  4 жылдык мөөнөткө жашыруун добуш берүү менен  шайланган 11 депутаттан турат.

1.3. Айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуруу-укуктук түрү – сессия болуп саналат. Сессия айылдык кеңештин жогорку органы болуп саналат.

1.4. Айыл өкмөтү айыл аймагында аткаруу бийлигин жүзөгө ашырат, айылдык кеңештин чечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул регламент менен белгиленген тартипте айылдык кеңештин депутаттарына  өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга жана шайлоочулардын алдында отчетторду даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.

1.5. Айылдык кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, обьективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жүргүзүү принциптерине негизделет.

1.6. Айылдык кеңеш өз иш-милдеттерин аткарууну мыйзамда белгиленген мөөнөттө өткөрүлүүчү өзүнүн биринчи сессиясынын күнүнөн тартып аткара баштайт жана өз ишин кийинки чакырылыштагы айылдык  кеңештин биринчи сессиясы өткөрүлгөн күну токтотот.

2-глава.  Чет-Нура айыл аймактык айылдык кеңеши

 2.1. Чет-Нура айыл аймактык айылдык кеңеши юридикалык жак болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен өзүнүн компетенциясына таандык кылынган ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу.

2.2.  Өз ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган айылдык кеңештин чечимдери Чет-Нура  айыл аймагында турган баардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде менчигинин түрүнө карабастан бардык ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылууга милдеттүү.

2.3.  Айылдык кеңештин Регламенти айылдык кеңештин иштерин уюштуруу тартиптерин белгилейт, уюштуруучулук жана укуктук негиздерин, туруктуу жана убактылуу комиссияларынын  түзүмүн түзүү жана сессияны чакыруу мөөнөттөрүнүн тартибин аныктайт.

3-глава. Айылдык Кеңештин компетенциясына кирген маселелер

3.1. Айылдык Кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Регламент менен белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде өз алдынча маслелерди кароого  жана алар боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу.

3.2. Айылдык Кеңештин сессияларында, «Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинде белгиленген ыйгарым укуктарды кошпогондо, төмөндөгү маселелер чечилет:

1)айылдык Кеңеш жөнүндө Жобону бекитүү;

2) айылдык Кеңештин жылдык иш планынын бекитүү;

3)айылдык Кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларын түзүү жана жоюу, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамын бекитүү жана алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү;

4)туруктуу (убактылуу) комиссиялардын иштери жөнүндө отчетторду угуу;

5)«Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын бошотуу тууралуу  айыл өкмөтүнүн башчысына  сунуш киргизүү;

6) мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын же «Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн  2-пунктуна ылайык, прокуратура органдары тарабынан белгиленген,өткөрүлүп берлиген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбагандыгы же тийиштүү деңгээлде аткарбагандыга үчүн аким тарабынан  айыл өкмөтүнүн башчысын мөөнөтүнөн мурда бошотууга депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк  добушу менен  макулдук берүү жөнүндө маслелени кароо;

7)айыл аймагында көрктөндүрүү, соода, сырткы жарнактарды жана маалыматтарды  жайгаштыруу эрежелерин бекитүү;

8)башка жергиликтүү Кеңештер менен кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча иштерди уюштуруу;

9)жергиликтүү коомдоштуктардын  тарыхый жана маданий салттарын  сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муниципалдык мекемелерин өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;

10)айыл аймагынын айылдарынын аймагында  айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык тазалоону контролдоо, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;

11) келишимдин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкару органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген учурда  мамлекеттик органдар жана жергилктүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте келишимдин шарттарын бекитүү, ошондой эле  келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди токтотуу же токтото туруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;

12)айылдык Кеңештин депутаттарынын өз шайлоочуларына  отчет берүүсү, шайлоочулардын суроо-талаптарын аткаруу боюнча иш-чаралардын жана шайлоочулар менен иштөө боюнча  башка иш-чаралардын  ар жылдык планын бекитүү;

13) жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча  айылдык жыйындарды, коомдук угууларды, курултайларды өткөрүү боюнча ар жылдык планын бекитүү;

14)муниципалдык менчик обьектилерин  ипотекага же күрөөгө коюуга макулдук берүү;

15) муниципалдык менчик обьектилеринин Реестрин киргизүү тартибин бекитүү;

16)муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунун тартибин белгилөө;

17)жайыт жерлерин пайдалануу, аларды пайдалануунун отчеттору, ошондой эле жайыт жерлерин пайдалануу  укугу үчүн акынын өлчөмү боюнча жамааттардын  ар жылдык  планын бекитүү;

18)жергиликтүү жамааттардын  Уставынын жана айылдык Кеңеш кабыл алган чечимдердин аткарылышын контролдоо;

19) айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо жана аларды биргеликте чечүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (айылдык Кеңеш жана айыл өкмөтү) менен бирдикте биргелешкен иштерди жүзөгө ашыруу үчүн коомдук башталышта  активдүү жарандарды, демилгечи топторду, жамааттарды, коомдук бирикмелерди, жаштарды, бизнес коомдоштуктарын жана башка кызыкдар жактарды тартуунун планын бекитүү;

20)  кызмат көрсөтүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн  методикасын, жергиликтүү бюджеттин каржаттарынын жергиликтүү жамааттын, донордук уюмдардын салымдарынынэсебинен жүзөгө ашырылуучу жергиликтүү демилгелерди/ долбоорлорду/ программаларды, бекитүү, ошондой эле кошмо мониторингдин жана баа берүүнүн топтору,  анын курамы  жөнүндө жобону бекитүү жана  ошол топтордун сунуштарынын негизинде тийиштүү чараларды кабыл алуу;

21) коомдук угууларды өткөрүү, анын ичинде маселени кеңири кароо жана өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча коомдук пикирди эсепке алуу үчүн  коомдук угууларды  уюштурууну жана өткөрүүнү айыл өкмөтүнүн башчысына тапшыруу;

22)депутаттардын өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна көмөктөшүү үчүн жергиликтүү Кеңештердин дептуттары тарабынан коомдук башталышта коомдук жардамчыларды тартуунун тартибин бекитүү;

23) «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруунун жол жобосун иштеп чыгып бекитет жана «Ардактуу атуул» наамын ыйгарат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жергиликтүү жамааттын Уставына ылайык башка маселелерди чечүү.

4-глава. Чет-Нура айыл аймактык айылдык Кеңешинин ишинин принциптери

4.1. Айылдык Кеңеш өзүнүн иштерин төмөнкү принциптерге негизденүү  менен жүзөгө  ашырат:

1)  ушул Регламентте белгиленген учурларды кошпогондо, ачык-айкындык;

2) өзүнүн ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгында аткаруу;

3) элдин жана өз шайлоочуларынын алдында жоопкерчилик;

4) эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдерин сактоо жана урматтоо;

5) конституцияны, мыйзамдарды, ушул Регламентти жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын сактоо;

6) пикирлерди эркин билдирүү жана чечимдерди жергиликтүү жамааттын сын-пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен кабыл алуу;

5-глава. Айылдык Кеңештин жана анын органдарынын ишин пландаштыруу

5.1.Айылдык Кеңеш жана анын туруктуу комиссиялары бир жылга планын түзөт. Айылдык Кеңештин планы тууралуу маселе биринчи сессия өткөрүлгөн соң кийинки сессиянын күн тартибине киргизилет.

5.2.  Айылдык Кеңештин иш планы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялардын төрагалары, айыл өкмөтүнүн башчысы жана айыл өкмөтүнүн катчысы менен бирдикте  айылдык Кеңештин төрагасы тарабынан түзүлөт, зарылчылыкка жараша айыл аймагында жайгашкан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин жетекчилери чакырылат.

5.3.Айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясынын иш планы айылдык Кеңештин иш планынын негизинде туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, айылдык Кеңештин төрагасы, айыл өкмөтүнүн башчысы же анын орун басары  менен бирдикте түзүлөт.

5.4.Иш планына бир жылдын аралыгында айылдык Кеңештин сессияларында, туруктуу комиссиянын жыйналыштарында кароого чыгарылган маслелер киргизилет.

5.5.Айылдык Кеңештин жана анын туруктуу комиссияларынын ишин пландаштыруу айылдык Кеңештин жана анын туруктуу комиссияларынын кароосуна иш планына киргизилбеген башка маанилүү маселелерди киргизүүго чектөө койбойт.

5.6. Айылдык Кеңештин курамы, туруктуу комиссиялардын курамы, ошондой эле иш пландары  айыл аймагынын маалымат тактайларында документтердин көчүрмөлөрүн  жайгаштыруу аркылуу маалымдалат.

6-глава. Айылдык Кеңештин төрагасы жана аны шайлоонун тартиби

6.1. Айылдык Кеңештин төрагасы айылдык Кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө айылдык Кеңештин сессиясында жашыруун добуш берүү аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.

6.2. Айылдык Кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талпкерди көрсөтүү укугу төмөндөгүлөргө таандык:

Ар бир депутат же депутаттардын тобу бир талапкерди көрсөтүүгө укугу бар.

6.3. Айылдык Кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди депутат, депутаттардын тобу  тарабынан көрсөтүү алар талапкер кылып сунуштаган депутатты  көрсөтүү жөнүндө төрагалык кылуучуга  арыз берүү жолу аркылуу жүргүзүлөт.

6.4. Талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздар төрагалык кылуучу тарабынан күбөлөндүрүлөт жана аларды жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизүү үчүн эсептөө комиссиясына берилет.

6.5. Айылдык Кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер депутаттардын алдында чыгып сүйлөөгө укуктуу жана алардын суроолоруна жооп берет.

Чыгып сүйлөө үчүн ага 15 мүнөткө, суроолорго жооп берүү үчүн 10 мүнөткө,  корутунду сөз сүйлөө үчүн  5 мүнөткө чейин сөз берилет.

6.6. Айылдык Кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди колдоп же ага каршы чыгып сүйлөөнү каалаган депутаттарга сөз сүйлөө үчүн 3 мүнөткө чейин убакыт берилет.

6.7. Айылдык Кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер добуш берүү жол-жоболору башталгангана чейин өзүн өзү алып кое алат, бул тууралуу төрагалык кылуучуга  добуш бергенге чейин өзүнүн тапкерлигин алып коюу  жөнүндө арызын жөнөтөт. Өзүн өзү алып коюу добуш берүүсүз кабыл алынат.

6.8. Талкуулоо токтотулгандан кийин эсептөө комиссиясы айылдык Кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талпкерлердин фамилияларын жашыруун добуш берүү үчүн  бюллетенге киргизет.

6.9. Айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган  талапкер айылдык Кеңештин  төрагасынын кызмат ордуна шайланды деп эсептелинет.

Эгерде:

— бир талапкер көрсөтүлүп, ал депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, талапкерлерди жаңыдан көрсөтүү жүргүзүлөт;

— эки талапкер көрсөтүлүп жана алардын бири да депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, добуштардын көпчүлүк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер тең депутаттардын добуштарынын тең санын алышса,  талапкерлерди жаңыдан көрсөтүү жүргүзүлөт;

— эки талапкерден көп көрсөтүлүп жана алардын бири да депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, добуштардын көпчүлүк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин  бири  добуштардын көп санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын тең санын алышса, добуштардын көпчүлүк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин  экөөсү добуштардын тең көп санын алышса, ал эми кийинки талапкерлер добуштардын  аз  санын алышса, добуштардын көпчүлүк санын тең алган эки  талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык  талапкерлер добуштардын тең санын алышса,  талапкерлерди жаңыдан көрсөтүү жүргүзүлөт.

6.10. Талапкерлерди (же жаңы талапкерлерди) көрсөтүү менен кайрадан шайлоо айылдык Кеңештин эрки боюнча  биринчи сессиянын күнүндө же башка күнү, бирок  биринчи сессиянын күнүнөн баштап  5 календардык күндөн кеч эмес өткөрүлөт.

6.11. Айылдык Кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук негизде аткарат, бирок айыл Кеңешинин сессияларынын ишинин мезгилинде бир жолку компенсация алуу менен аткарат.

7-глава.  Айылдык Кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары

7.1. Айылдык Кеңештин төрагасы:

— айылдык Кеңештин сессияларын чакырат жана алып барат;

— айылдык Кеңештин иш планын бекитүү үчүн сессияга чыгарат;

— айылдык Кеңештин сессияларын даярдоого жалпы жетекчилик жүргүзөт, маселелерди алдын ала кароо үчүн жана алар боюнча тийиштүү корутундуларды (чечимдерди) чыгарып айылдык Кеңештин сессиясына киргизүү үчүн туруктуу комиссияларга жөнөтөт;

— айылдык Кеңештин сессиясынын кароосуна чыгарылган маселелердин даярдыгын контролдойт;

— айылдык Кеңештин сессиясынын күн тартибин түзөт;

— айылдык Кеңештин токтомдоруна кол коет жана алардын жарыяланышына жана аткарылышына контролдоону уюштурат;

— айылдык Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт;

— катталган депутаттык топтордун ишине көмөктөшөт,алардын ишин координациялайт;

— айылдык Кеңештин төрагасынын орун басарынын жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагаларынын өз милдеттерин аткаруусун контролдойт;

— депутаттарга өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, жарандарды кабыл алуусуна, шайлоочулардын алдында отчет берүүсүнө  көмөктөшөт, аларды маалыматтар менен камсыз кылат, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашырууга байланышкан  маселелерди карайт;

— айылдык Кеңештин жана анын органдарынын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылат;

— мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана жарандар менен болгон мамиледе айылдык Кеңештин атынан чыгат;

— айылдык Кеңештин  жергиликтүү жамааттар, аймактык коомдук өзүн өзү башкаруу органдары, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрү жана айыл  аймагында жайгашкан башка юридикалык жактар менен өз ара аракеттерин уюштурат;

— айылдык Кеңештин, анын органдарынын абройун,  депутаттардын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо жана сактоо боюнча  чараларды кабыл алат;

— айылдык өкмөттүн жооптуу катчысы жана кызматкерлери өзүлөрүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, алардын кызмат орундарын кароо же чара көрүү боюнча айыл өкмөттүн башчысына сунуш киргизет;

— Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын ардак наамадарын ыйгаруу тууралуу  сунуштайт;

— ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык  башка маселелерди чечет.

7.2. Айылдык Кеңештин төрагасы өзүнүн компетенциясынын чектеринде тескеме чыгарат. Төраганын тескемеси Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарына карма каршы келген учурда,ал айылдык Кеңештин сессиясында депутаттар аркылуу жокко чыгарылышы мүмкүн.

8-глава. Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары

8.1. Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары айылдык Кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө айылдык Кеңештин сессиясында депутаттардын ичинен жашыруун добуш берүү аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.

8.2. Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басарын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерди көрсөтүү укугу төмөндөгүлөргө таандык:

-айылдык Кеңештин төрагасына;

— депутатка (өзүн өзү көрсөтүү же башка депутатты талапкер кылып көрсөтүү);

— саны 2 депутаттан аз эмес депутаттардын тобуна.

Айылдык Кеңештин төрагасы, ар бир депутат же депутаттардын тобу бирден талапкерди көрсөтүүгө укуктуу.

8.3. Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү жана шайлоо тартиби жана добуш берүүнүн башка жол-жоболук маселелери  айылдык Кеңештин төрагасы үчүн  белгиленген тартипте ишке ашырылат.

8.4. Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары өз ишин коомдук башталышта аткарат.

8.5. Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары:

— айылдык Кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат;

— айылдык Кеңештин төрагасы жок болгон учурда же ал өзүнүн иш-милдеттерин аткарууга мүмкүн болбой калган учурда айылдык Кеңештин төрагасыныниш-милдеттерин аткарат, ошондой эле айылдык Кеңештин төрагасынын тапшыруусу боюнча айылдык Кеңештин сессияларын алып барат;

— айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларынын ишин уюштурат жана багыттайт, алардын өз ара аракеттерин координациялайт;

— айылдык Кеңеш тарабынан түзүлгөн убактылуу комиссиялардын ишине жетекчиликти ишке ашырат же координациялайт;

— айыл аймагында жайгашкан жергиликтүү жамааттар жана башка юридикалык жактар менен тыгыз байланышты жүргүзөт;

— айылдык Кеңештин, анын комиссияларынын компетенциясына кирген маселелерге арналган иш-чараларга катышат;

-айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагалары менен бирдикте айылдык Кеңеш кабыл алган чечимдердин, жергиликтүү жамааттын Уставынын аткарылышын контролдоону камсыз кылат;

— ушул Регламентте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген башка иш-милдеттерди аткарат.

9-глава.  Айылдык Кеңештин төрагасынын жана айылдык Кеңештин төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу

9.1. Айылдык Кеңештин төрагасы жана анын  орун басары  алардын жеке өтүнүчү боюнча, ошондой эле алар өздөрүнүн  милдеттерин аткара албай калган шарттарга байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотот.

9.2. Өз каалоолору  боюнча айылдык Кеңештин төрагасынын жана анын  орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселе алардын өздөрүнөн арыздар келип түшкөндө, ошондой эле депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча  каралат.

9.3. Өз каалоолору  боюнча айылдык Кеңештин төрагасынын же анын  орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом  ачык добуш берүү (же депутаттардын каалоосу боюнча жашыруун добуш берүү)  аркылуу айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

9.4. Өздөрүнүн  милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда айылдык Кеңештин сессиясында жашыруун (же ачык)  добуш берүү жолу менен айылдык Кеңештин төрагасы, төрагасынын орун басары ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн. Айылдык Кеңештин төрагасын, төраганын орун басарынын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу маселе айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча киргизилиши мүмкүн.

9.5. Айылдык Кеңештин төрагасын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиси добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелинет. Айылдык Кеңештин төрагасын мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча жашыруун (же ачык)  добуш берүү ушул Регламентте белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

9.6. Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басарын  мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим, айылдык кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгу добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелинет. Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басарын  мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча жашыруун (же ачык)  добуш берүү ушул Регламентте белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

10-глава. Айылдык Кеңештин катчысы

10.1. Айылдык Кеңештин катчысынын иш-милдетин айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы аткарат.

10.2. Жооптуу катчы айылдык Кеңештин ишин уюштуруу жагынан камсыз кылуу боюнча иштерди координациялайт, туруктуу (убактылуу) комиссияларга жана айылдык Кеңештин депутаттарына жардам көрсөтөт.  Айылдык Кеңештин сессияларын уюштуруу жана өткөрүү үчүн керектүү материалдарды даярдоону камсыз кылат.

10.3.  Жоопту катчы айылдык Кеңештин жана анын органдарынын ишин камсыз кылуу боюнча төмөндөгүлөргө милдеттүү:

— айылдык Кеңештин токтомдорун каттоону жүргүзөт (каттоо журналында);

— айылдык Кеңешке келип түшкөн каттарды  кабыл алат жана каттайт, айылдык Кеңештин төрагасынын резолюциясына жараша каттарды аткаруучуга өткөрүп берет;

— айылдык Кеңештин сессияларына материалдарды, анын ичинде айылдык Кеңештин токтомдорунун долбоорлорун жана анын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын корутундуларынын долбоорлорун даярдоо боюнча ишти уюштурат;

— айылдык Кеңештин жана туруктуу комиссиялардын иш пландарынын долбоорун иштеп чыгууга көмөктөшөт,  бекилгенден кийин алардын өз учурунда  аткарылышына көмөктөшөт;

— сессияларды, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын  жыйындарын чакыруу жөнүндө айылдык Кеңештин депутаттарын маалымдайт;

— айылдык Кеңештин сессияларынын протоколдорун жүргүзөт, сессияларда, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын  жыйындарында айылдык Кеңештин депутаттарын катоону ишке ашырат;

— чакырылган адамдарды, ачык сессияларга, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын  жыйындарына катышууну каалаган адамдарды каттону жүзөгө ашырат;

— жергиликтүү Кеңештин иш кагаздарын, анын ичинде келүүчүлөрдү кабыл алуу журналын, депутаттарга кайрылган жарандардын кайрылууларын каттоону жүргүзөт;

— айылдык Кеңештин токтомдорун жол-жоболоштурат, аларды (күчүнө киргизүүгө) жарыялоону, каттоону, айылдык Кеңештин депутаттарына, тийиштү адамдарга, уюмдарга жана аткаруучуларга таратууну уюштурат;

— расмий жарыялангандан кийин айылдык Кеңештин токтомунун көчүрмөсүн ченемдик укуктук актылардын  Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтөт;

— айылдык Кеңештин документтерин, туруктуу(убактылуу) комиссиялардын документтерин кошуп алганда, сактоону, системага салууну жана тийиштүү абалда кармоону камсыз кылат;

— туруктуу, убактылуу комиссияларга, депутаттык топторго уюштуруучулук жагынан жардам көрсөтөт;

— башка ченемдик укуктук актыларга, айылдык Кеңештин ушул Регламентине ылайык жана айылдык Кеңештин төрагасынын жана айыл өкмөтүнүн башчысынын тапшырмасы боюнча башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.

10.4. Айыл өкмөтүнүн башчысы менен макулдашуу аркылуу айылдык Кеңештин төрагасынын тапшырмасына ылайык туруктуу (убактылуу) комиссиялардын ишине көмөк көрсөтүү боюнча  айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын иш-милдеттери айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерине жүктөлүшү мүмкүн.

11-глава. Айылдык Кеңештин туруктуу комиссиялары

11.1. Кеңештин карамагына кирген маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле Кеңештин чечимдерин жүзөгө ашырууга катышуу, айылдын аймагында жайгашкан  мекемелердин жана уюмдардын ошол чечимдерди аткарышын контролдоо үчүн айылдык Кеңеш туруктуу комиссияларды түзөт.

11.2. Туруктуу комиссиялар айылдык Кеңештин түзүмдүк бөлүгү болуп саналат жана айылдык Кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө айылдык Кеңештин токтому менен түзүлөт.

11.3. Туруктуу комиссиялардын тизмеси жана алардын сандык курамы айылдык Кеңешке шайланган депутаттардын сандык курамын эске алуу менен айылдык Кеңеш тарабынан белгиленет жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.

11.4. Ар бир туруктуу комиссиянын сандык курамы айылдык Кеңештин депутаттарынын санынан: 3 төн кем болбоого тийиш.

11.5. Туруктуу комиссиянын мүчөлөрүн айылдык Кеңештин депутаттары шайлашат.

11.6. Айылдык Кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат.

11.7. Туруктуу комисиялардын мүчөлөрү бирдей  укукка  ээ. Айылдык Кеңештин төрагасы жана анын орун басары туруктуу комиссиялардын курамына кире алышпайт.

11.8. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү өздөрүнүн курамынан алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен комиссиянын төрагасын шайлашат. Туруктуу комиссиялардын төрагалары айылдык Кеңештин сессияларында бекитилет.

11.9. Комиссиянын төрагасы өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрүнүн чечими боюнча жаңыдан шайланышы мүмкүн.

11.10. Туруктуу комиссиялар айылдык Кеңештин алдында жоопкер жана ага отчет берет. Кезектеги жыл аяктагандан кийин туруктуу комиссиялар өзүнүн иши жөнүндө айылдык Кеңешке отчет беришет.

11.11. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аралыгында, зарылчылыкка жараша, айылдык Кеңеш жаңы туруктуу комиссияны түзүүгө, мурда түзүлгөндөрдү жоюуга жана кайра түзүүгө, алардын курамына өзгөртүү киргизүүгө укугу бар.

11.12. Айылдык Кеңештин депутаттарынын орто курамын эске алуу менен айылдык Кеңеште төмөндөгү маселелер боюнча туруктуу комиссиялар түзүлсүн:

— мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча;

— жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, билим берүү жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча;

— бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш, архитектура, курулуш,  таранспорт, айыл чарбасы жана экология боюнча;

12-глава. Айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары

12.1. Айылдык Кеңештин туруктуу комиссиялары өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде:

— иш планына ылайык туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону ишке ашырат, тийиштүү корутунду же чечим менен аларды айылдык Кеңештин кароосуна киргизет;

-кийинки жылга туруктуу комиссиянын иш планын иштеп чыгат;

-айылдык Кеңештин кароосуна айыл аймагынын экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүсүнө байланышкан  маселелер боюнча сунуштарды айылдык Кеңештин сессиясынын кароосуна киргизет;

— өзүнүн аймагынын экономикалык өнүгүүсүнүн  планынын жана бюджетинин долбоорлорун,  пландардын жана бюджеттин аткарылышы  жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өзүнүн корутундусун даярдайт, керек болгондо аларды Кеңешке сунуш кылат;

— айылдык Кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча айылдык Кеңештин кароосуна келип түшкөн жарандардын арыздарын, кайрылууларын жана даттанууларын карайт;

— өз ишинин уюштуруу маселелерин чечет;

— айылдык Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин, жергиликтүү жамааттын Уставынын жоболорун аткаруу боюнча контролду жүзөгө ашырат;

— каралып жаткан маселени башка комиссияга өткөрүп берүү тууралуу сунушту айылдык Кеңештин төрагасына  киргизет;

-башка комиссиялар карап жаткан маслелер боюнча пикирин билдирет;

— ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка ыйгарым укуктарды аткарат.

12.2. Туруктуу комиссиялар төмөндөгүлөргө укуктуу:

— өзүнүн ишине илимпоздорду, адистерди, практикалык кызматкерлерди жана башка адамдарды тартууга;

— өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик бийликтин  аймактык органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан айыл аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын  жетекчилерин жана адистерин, ошондой эле айыл өкмөтүнүн башчысын жана айыл өкмөтүнүн аппаратынын тийиштүү адистерин угууга;

— өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын, айыл өкмөтүнүн аппаратынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, ошондой эле адистерди, көз карандысыз эксперттерди жана илипоздорду  тартуу укугу менен айылдык Кеңештин депутаттарынын ичинен убактылуу комиссияларды түзүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;

— туруктуу комиссиянын кароосуна берилген маселени иликтөө үчүн маалыматтарды, материалдарды жана документтерди кызмат адамдарынан, айыл өкмөттөрүнөн, мамлекеттик органдардан, уюмдардан, ишканалардан жана мекемелерден, айыл аймагында жайгашкан башка уюмдардан суратып алууга, алар суроо-талапта көрсөтүлгөн мөөнөттө же суроо-талап берилген күндөн бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестеналарды туруктуу комиссияларга берүүгө милдеттүү;

— өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча айылдык Кеңештин төрагасына жана айыл өкмөтүнүн башчысына каралып жаткан маселени кеңири талкуулоо жана коомдук пикирлерди эске алуу максатында коомдук угууларды өткөрүү жөнүндө  сунуш киргизүүгө;

— башка туруктуу комиссиялар менен кошмо  жыйын өткөрүүгө;

12.3. Айылдык Кеңештин туруктуу комиссиялары айыл аймагында жайгашкан уюмдардын жана мекемелердин финансылык-чарбалык иштерине кийлигишүүгө укугу жок.

13-глава. Туруктуу комиссиялардын жыйындары

13.1. Туруктуу комиссиялардын жыйындары  комиссиянын иш-планына ылайык чакырылат.

13.2. Туруктуу комиссиялар алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча  тийиштүү чечимдерди же корутундуларды кабыл алат.

13.3. Туруктуу комиссиялардын жыйындары коомчулук үчүн ачык болуп саналат, кызыкдар болгон бардык тараптар туруктуу комиссияларлардын жыйындарына  ушул Регламентте белгиленген тартипте катышууга укуктуу.

13.4. Эгерде мыйзамдарга ылайык каралып жаткан маселе мамлекеттик сырга тийиштүү болгон учурда туруктуу комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын жашыруун жыйынын өткөрүү тууралуу чечим кабыл алат.

13.5. Комиссиянын төрагасы жыйынды өткөрүү датасы жана анда каралуучу маселер тууралуу 3 жумушчу күндөн кеч эмес  комиссиянын мүчөлөрүнө, айылдык Кеңештин төрагасына жана анын орун басарына кабарлайт, ошондой эле жарандарга, чакырылган адамадарга алдын ала маалымдоо боюнча чараларды кабыл алат.

13.6. Эгерде жыйынга комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышса, анда ал укукченемдүү болуп эсептелет.Комиссиянын чечими комиссиянын мүчөлөрүнүн  жалпы санынын добушу менен кабыл алынат.

13.7. Туруктуу комиссиянын төрагасы өзүнүн демилгеси менен, ошондой эле, комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн биринин, айылдык Кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын  талабы боюнча да комиссиянын жыйынын  чакыра алат.

13.8. Туруктуу комиссиянын жыйынына Кеңеш берүүчү добуш укугу менен ошол комиссияга мүчө эмес депутаттардын, ошондой эле айылдык Кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын, айыл өкмөтүнүн башчысынын  катышууга укугу бар, алар талкууланган маселе боюнча сөз сүйлөөгө жана талкууланган маселе боюнча өз пикирин билдирүүгө укуктуу.

13.9. Комиссиянын чечимине, корутундусуна туруктуу комиссиянын төрагасы кол коет, ал жокто анын орун басары кол коет. Кабыл алынган чечимдер маалымат тактайларында чечимдердин көчүрмөлөрүн жайгаштыруу жолу аркылуу элге маалымдалат.

13.10. Айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларынын иштерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу (орун-жай, эмеректер, кенсе товарлары ж.б. менен камсыз кылуу) айыл өкмөтүнө жүктөлөт.

14-глава. Туруктуу комиссиялардын кошмо  жыйындары

14.1. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелер  комиссиялардын демилгеси менен, ошондой эле айылдык Кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча туруктуу комиссиялар тарабынан биргеликте даярдалат жана каралат.

14.2. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелерди иликтөө жана кароо кошмо жыйындарда жүргүзүлөт.

14.3. Эгерде кошмо жыйынга  ар бир комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышса, анда ал укукченемдүү болуп эсептелет. Кошмо жыйынды  өз ара макулдашуу боюнча ошол комиссиялардын төрагалары алып барышат.

14.4. Кошмо жыйында каралган маселелер боюнча чечим туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана ошол комиссиялардын төөрагалары тарабынан кол коюлат. Кабыл алынган чечимдер маалымат тактайларында чечимдердин көчүрмөлөрүн жайгаштыруу жолу аркылуу элге маалымдалат.

15-глава. Туруктуу комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктары

15.1. Туруктуу комиссиянын төрагасы:

— комиссиянын дарегине келип түшкөн документтер жөнүндө комиссиянын мүчөлөрүнө түздөн-түз же жооптуу катчы (же айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкери) аркылуу маалымдайт;

— комиссиянын мүчөлөрү, жооптуу катчы, айылдык Кеңештин төрагасы, айыл өкмөтүнүн башчысы же анын орун басары менен бирдикте бир жылга туруктуу комиссиянын иш планын түзөт;

— туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү менен бирдикте  комиссиянын жыйынынын күн тартибинин долбоорун түзөт;

— комиссиянын жыйынын чакырат жана зарыл документтерди  жана башка материлдарды  даярдоону уюштурат;

— комиссиянын ишине байланыштуу материалдар жана документтер менен комиссия мүчөлөрүн тааныштырат;

— убактылуу комиссиялардын ишине комиссия мүчөлөрүнүн катышуусун сунуш кылат;

— айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын (же айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкеринин) жардамы менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн, мамлекеттик органдардын, айыл өкмөтүнүн, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, адистерди, эксперттерди жана илимпоздорду туруктуу комиссиянын жыйындарына катышуу үчүн чакырат;

— комиссиянын жыйындарына төрагалык кылат:

— айылдык Кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары менен туруктуу байланышта болот,  комиссиянын жыйындарында  каралган маселелер, ошондой эле чечимдерди жана комиссиянын сунуштарын жүзөгө ашыруу үчүн  кабыл алынган чаралар тууралуу  маалымдайт;

— айылдык Кеңештин, туруктуу комиссиялардын чечимдерин аткаруу боюнча ишти уюштурат,  тапшырылган милдеттердин аткарылышы тууралуу айылдык Кеңештин төрагасына, комиссиянын мүчөлөрүнө маалымдайт;

— жыл сайын айылдык Кеңештин сессияларында туруктуу комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчет берет, отчетто камтылган малыматтарды кеңири жайылтуу үчүн чараларды көрөт.

16-глава. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү

16.1. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө укуктуу:

— туруктуу комиссиялардын жыйынында кароо үчүн сунуштарды киргизүүгө;

— комиссиянын иш планы, комиссиянын жыйындарынын күн тартиби боюнча, талкуулануучу маселелерди кароонун тартиби жана анын маңызы боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;

— комиссияда каралып жаткан маселелер боюнча кызмат адамдарынын жана башка адамдардын маалыматтарын угуунун зарылдыгы жөнүндө сунуш киргизүүгө;

— комиссиянын чечимдеринин, корутундуларынын долбооруна сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;

— өзүнүн сунуштарын негиздөө менен чыгып сүйлөөгө, маалымат берүүгө;

— комиссиянын компетенциясына кирген маслелер боюнча маалымат алууга.

16.2. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө милдеттүү:

— ушул Регламенттин жоболорун сактоого;

— өзү мүчөсү болуп саналган туруктуу комиссиялардын бардык жыйындарына катышууга. Комиссиянын жыйынына жүйөлүү себептерден улам катышууга мүмкүнчүлүгү болбой калган учурда комиссиянын төрагасына билдирүүгө;

— айылдык Кеңештин жана анын комиссияларынын компетенцияларына кирген маслелерлерге арналган иш-чараларга  катышууга;

— ал кабыл алган чечимдерди жүзөгө ашырууга активдүү катышууга, комиссиянын тапшырмаларын аткарууга.

16.3. Комиссия тарабынан каралаган бардык маслелерди чечүүгө активдүү катышуу үчүн комиссиянын мүчөсүнө шарт түзүлөт жана керектүү материалдар берилет.

16.4.  Комиссиянын мүчөсү комиссиянын тапшырмасы боюнча комиссиянын карамагына кирген  маслелерди жеринен иликтейт, өзүнүн тыянактары жана сунуштары тууралуу комиссияга билдирет.

16.5. Сунушу  комиссияда колдоого ээ болбогон  комиссиянын мүчөсү ошол маселе айылдык Кеңештин сессиясында талкууланган учурда, аларды жазуу же оозеки түрүндө киргизүүгө укуктуу.

17-глава. Убактылуу комиссия

17.1.  Айылдык  Кеңеш  зарылчылыкка жараша убактылуу комиссияларды түзүүгө укутуу.

17.2.  Убактылуу комиссиялар айыл кеңешинин төрагасынын, анын орун басарынын, туруктуу комиссиялардын төрагаларынын сунушу,  ошондой эле айылдык кеӊештин  депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси    боюнча түзүлөт.

17.3. Убактылуу комиссиялардын иши төмөндөгү учурлар менен чектелет:

— убактылуу комиссия түзүлгөн тийиштүү мезгил менен;

— убактылуу комиссия чечүү үчүн түзүлгөн тийиштүү тапшырма менен.

17.4. Убактылуу комиссияны түзүү айылдык кеңештин токтому менен жол-жоболоштурат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

— убактылуу комиссиянын аталышы;

— убактылуу комиссиянын мүчөлөрүнүн сандык жана жеке курамы;

— убактылуу комиссия чечүү үчүн түзүлгөнтапшырма;

— убактылуу комиссиянын ыйгарым укугунун мөөнөтү.

17.5.Убактылуу комиссиянын мүчөлөрү айылдык Кеңештин депутаттары тарабынан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.  Добуш берүү ошондой эле  убактылуу комиссиянын курамы боюнча да жүргүзүлөт. Добуш берүүнүн жыйынтыгы алардын курамын шайлоо тууралуу айылдык Кеңештин токтому менен бекилет.

17.6. Өзүнүн курамынан убактылуу комиссиянын мүчөлөрү өздөрүнүн жалпы санын көпчүлүк добушу менен комиссиянын төрагасын  шайлашат.

17.7. Өзүнүн ишинин жыйынтыктары боюнча убактылуу комиссия айылдык Кеңешке отчет берет. Өзгөчө пикири бар комиссиянын мүчөсү аны айылдык Кеңештин сессиясында жарыялоого укуктуу.

17.8. Убактылуу комиссия төмөндөгү учурларда өзүнүнишин токтотот:

— өзү түзүлгөн  мезгил аяктаганда;

— убактылуу комиссия чечүү үчүн түзүлүп, чечүүгө тийиш болгон тапшырмалар аткарылган учурда;

— айылдык Кеңештин чечими боюнча башка учурларда.

17.9. Зарылчылкка жараша адистер, эксперттер, демилгечи топтор жана  башка кызыкдар адамдар убактылуу комиссиянын ишине тартылышы мүмкүн.

17.10. Каралып жаткан маслеле боюнча убактылуу комиссиянын мүчөлөрүнүн  жалпы санынын көпчүлүк добушу менен убактылуу комиссия чечим же корутунду кабыл алат.

17.11. Убактылуу комиссиянын жыйынын өткөрүүнүн тартиби  туруктуу комиссиялар үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

17.12. Айылдык Кеңештин убактылуу комиссияларынын иштерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу (орун-жай, эмеректер, кенсе товарлары ж.б. менен камсыз кылуу) айыл өкмөтүнө  жүктөлөт.

 II БӨЛҮМ

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ 

18-глава. Айылдык Кеңештин сессиясын даярдоонун жана өткөрүүнүн  тартиби

18.1. Айылдык Кеңештин сессиялары төмөндөгүдөй болушу мүмкүн:

— Кезектеги;

— Кезексиз;

— Ачык;

— Жабык.

18.2. Айылдык Кеңештин сессиясы айылдык Кеңештин карамагына кирген маселелерди коллективдүү талкуулоону жана ал боюнча тийиштүү чечим кабыл алуунукамсыз кылган айылдык Кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук түрү болуп саналат.

18.3. Айылдык Кеңештин сессиясы  айылдык Кеңештин дептуттарынын жалпы санынын  жарымынан аз эмеси  катышканда укук ченемдүү болот.

Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлаган учурда айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын  үчтөн экисинен кем эмеси  катышканда укук ченемдүү болот.

18.4. Депутаттарды каттоо башталгандан кийин  20 мүнөттүн аралыгында кворум жок болгон учурда төрагалык кылуучу 10 мүнөткө тыныгуу жарыялайт. Эгерде 10 мүнөттүн ичинде кворум камсыз кылынбаса, анда сессия болбой калды деп эсептелинет.

18.5. Айылдык Кеңештин сессиясын айылдык Кеңештин төрагасы чакырат:

— өзүнүн демилгеси боюнча;

— айылдык Кеңештин дептуттарынын жалпы санынын  үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча;

— айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу боюнча.

18.6. Айылдык Кеңештин сессиясы кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Белгиленген мөөнөттө чакырылуучу айылдык Кеңештин сессиясынан тышкары, кезексиз сессиялар өткөрүлүшү мүмкүн.

18.7. Айылдык Кеңештин сессиясы коомчулук үчүн ачык болуп саналат. Сессияга айыл өкмөтүнүн башчысы,  анын орун басары, жергилктүү жамааттын мүчөлөрү, каралуучу маселе боюнча чакырылган адамдар, ошондой эле ушул Регламенте каралган тартипте  бардык кызыкдар адамдар катышууга укуктуу.

18.8. Сессия Кыргыз Республикасынын Гимнин аткаруу менен башталат жана аяктайт.

18.9. Эгерде каралып жаткан маселе  мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жашыруун сырга тийиштүү болсо, айылдык Кеңеш жабык сессия өткөрүү боюнча чечим кабыл алышы мүмкүн.

18.9. Айылдык Кеңештин жабык сессиясы:

1) Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 30-беренесинин 2-пункутуна каралган тартипте айылдык Кеңештин сессиясы жабык болуп эсептелинет.

2) Жабык жыйналыш өткөрүү жөнүндө чечим катышкандардын көпчүлүгүнүн добушу менен  кабыл  алынат.

3) райондук соттун төрагасы, ак сакалдар сотунун төрагасы,    райондун прокурору,  айыл Өкмөтүнүн мүчөлөрү    өздөрүнүн    караштуулугундагы    маселелер    боюнча     айылдык Кеңештин жабык жыйналыштарына катышууга укуктуу. Башка кызмат адамдары жабык жыйналыштарга Төраганын же ал болбогондо Төраганын орун басарларынын чакыруусу  боюнча    катышууга   укуктуу.

4) Айылдык Кеңештин жабык сессияларынын мазмунун ачыкка чыгарууга жана жайылтууга, ошондой эле жыйналыш убагында фото, укма жана көрмө жабдууларды, маалыматтарды иштетүү каражаттарын, телефондук жана радио  байланыштарын  пайдаланууга   тыюу    салынат.

18.11. Айылдык Кеңештин сессиясын чакыруу тууралуу жарыя  сессия башталганга чейин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен, айылдардын аймактарында жалпы жашоочуларга  жеткиликтүү жерлерде  көрүнүктүү болуп илинет.

18.12. Айылдык Кеңештин сессиясына катышуучулардын саны  каттоонун натыйжалары боюнча аныкталат. Дептуттарды каттоону жооптуу  катчы жүргүзөт,  каттоо ар бир сессиянын алдында жана каттоонун убактысы көрсөтүлүү менен сессия аяктаганга чейин жүргүзүлөт. Депуттарды каттоо журналы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысында (же айылдык Кеңештин төрагасында)  сакталат. Сессияга катышкан депутат өзүнүн катталуусун жокко чыгарууну талап кылууга укуксуз.

18.13. Кыргыз Республикасынын эмгек  мыйзамдарына ылайык документ түрүндө тастыкталган  ооруу, иш сапары жана башка себептер  айылдык Кеңештин сессиясына депутаттын катышпай калышынын жүйөлүү себептери болуп саналат.  Мындай учурда депутат айылдык Кеңештин төрагасына айылдык Кеңештин сессиясына депутаттын катышпай калышынын жүйөлүү себептерин тастыктаган документти тапшырат.

18.14. Сессияларга катары менен төрт жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз катышпай калган депутаттарга карата айылдык Кеңештин дептуттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу айылдык Кеңештин чечими кабыл алынат. Мындай чечим күчүнө киргенден кийин (жарыяланган күндөн баштап) ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.

 19-глава. Айылдык Кеңештин кезексиз сессиясы

19.1.  Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн айылдык Кеңештин төрагасы өзүнүн демилгеси же айыл өкмөтүнүн башчысынын, айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин сунушу боюнча айылдык Кеңештин кезексиз сессиясын чакырууга укуктуу.

19.2.Айыл өкмөтүнүн башчысынын же  айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин, айылдык Кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча сунушу кезексиз сессияда каралуучу маселелерди көрсөтүү жана аны чакыруунун зарылдыгынын кыскача негиздемеси менен жазуу жүзүндө айылдык Кеңештин төрагасына берилет.

19.3. Айылдык Кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча  айылдык Кеңештин төрагасынын сунушу  каралуучу маселелерди көрсөтүү жана аны чакыруунун зарылдыгынын негиздемеси менен маалымдама аркылуу жол-жоболоштурулат жана айылдык Кеңештин  депутаттарына жөнөтүлөт.

19.4. Кезексиз сессия сунуш келип түшкөн күндөн тартып  5 календардык күндөн кеч эмес убакытта чакырылат.

19.5. Кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө айылдык Кеңештин депутаттарына маалымдоо  кезексиз сессияны чакыруу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн баштап 4 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.

19.6. Айылдык Кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча  жарыяда  кезексиз сессияда каралуучу маселелер көрсөтүлүп, кезексиз сессия башталганга чейин 4 календардык күндөн кечиктирилбестен, айылдарда жалпы жашоочуларга  жеткиликтүү жерлерде  көрүнүктүү болуп илинет.

19.7. Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда айылдык Кеңештин төрагасы депутаттарды, чакырылуучу адамдарды жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн  маалымдоонун мөөнөтүн милдеттүү түрдө сактабастан эле  кезексиз сессияны чакырууга укуктуу.

19.8. Кезексиз сессиянын күн тартиби жана зарыл каралуучу маселелердин материалдары депутаттарга жана чакырылган адамдарга  кезексиз сессиянын 1 календарлык күнүнө чейин, калган бардык катышуучуларга  кезексиз сессия өткөрүлөр алдында таркатылат.

19.9. Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда кезексиз сессиянын күн тартиби жана материалдары  депутаттарга жана  бардык чакырылгандарга жана катышуучуларга кезексиз сессия өткөрүлөр алдында таркатылат.

20-глава. Сессиянын күн тартиби

20.1. Сессиянын күн тартибинин долбоору айылдык Кеңештин иш планынын, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын, депутаттардын, айыл өкмөтүнүн башчыларынын сунуштарынын  негизинде жыйын өткөрүүгө чейин айылдык Кеңештин төрагасы тарабынан 10 күн мурда жана айылдык Кеңештин кезексиз сессиясына чейин 5 күн мурда түзүлөт.Өзгөчө кырдаал жаралган  учурларда  кечиктирилгис түрдө түзүлөт.

20.2. Күн тартибинин долбоорунун маселелери алар туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында  алдын ала каралгандан кийин жана алар айылдык Кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагалары менен макулдашылгандан кийин төрага тарабынан киргизилет.

20.3. Өткөрүлүүчү убактысы жана жери көрсөтүлүү менен төрага тарабынан аныкталган сессиянын күн тартибинин долбоору, сессияда каралууга тийиш болгон токтомдордун долбоорлору жана  башка документтер менен материалдар  сессия башталганга чейин 3 календардык күндөн кеч эмес депутаттарга жана чакырылган адамдарга  жөнөтүлөт. Күн тартибинин долбоору бир эле учурда айыл өкмөтүнүн маалымат тактайларына жайгаштырылат, ошондой эле жергиликтүү калктын таанышуусу үчүн  айылдардын ичиндеги көрүнүктүү жерлерге илинет.

20.4. Эгерде айылдык Кеңештин депутаттары зарыл деп эсептешсе,  сессиянын күн тартибинин долбоору жергиликтүү гезиттерде, телекөрсөтүүдө жана радиода жарыя кылынат.

20.5. Сессиянын күн тартибинин долбоору сессияда төрагалык кылуучу тарабынан негиз катары кабыл алуу үчүн добушка коюлат.

20.6. Сессияда негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизлиши мүмкүн.

20.7. Сессияда негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбоорун жаны маселе менен толуктоо тууралуу сунуш, эгерде  сунуш кылынган маселе мурда айылдык Кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларында каралган болсо гана, катышкан депутаттардын  көпчүлүк добушу менен киргизилет.

20.8. Күн тартибинин долбооруна киргизилген маселелерди алып салуу же  сессиянын күн тартибиндеги маселелерге өзгөртүү киргизүү (техникалык маанидеги) тууралуу сунуштар айылдык Кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларында каралбастан эле катышкан депутаттардын  көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

20.9. Сессиянын күн тартибинин долбооруна  өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин төрага тарбынан сессиянын күн тартибижалпысынан кабыл алуу үчүн добушка коюлат, сессиянын күн тартиби айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

20.10. Айылдык Кеңештин сессиясында кошумча материалдар айылдык Кеңештин төрагасынын кол коюусу болгондо гана таркатылат.

 21-глава. Сессияга төрагалык кылуучу

21.1. Айылдык Кеңештин сессиясын сессияга төрагалык кылуучу алып барат. Сессияга төрагалык кылуучу айылдык Кеңештин төрагасы болуп саналат, ал жокто айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары болот.

21.2. Сессияга төрагалык кылуучу төмөндөгүдөй укуктарга ээ:

— айылдык Кеңештин сессиясын алып барууга;

— маселелерди талкуулоого катышууга;

— депутаттарга жана кызмат адамдарына маалым-кат алуу үчүн кайрылууга;

— эгерде депутат Регламентти бузуп жатса, күн тартибинен башка маселе боюнча сүйлөсө, кемсинтүүчү сөздөрдү пайдаланса, чыгып сүйлөөчүнү эскертүүгө, эгерде кайталап мындай бузууларга жол берсе, чыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө добушка коюуга;

— чечим кабыл алынган учурда көпчүлүгүнүн добуш берүүсү ачыктан-ачык белгилүү болуп турганда добуштарды саноого убакыт кетирбөөгө;

— сессияда пайда болгон пикир келишпестиктерди четтетүү жана маселелерди чечүү максатында  депутаттар, адистер менен Кеңешүүлөрдү өткөрүүнү жүргүзүүгө;

— ушул Регламентте белгиленген тартипте сессияга катышуу тартибин бузган депутат болуп саналышпаган адамдарга сөз бербөө, жыйындар залынан чыгарып жиберүү тууралуу сунуштарды киргизүүгө;

— залда өзгөчө кырдаалдар, ошондой  эле коомдук тартипти одоно бузуулар жаралган учурда сессияны токтото турууга.

21.3. Сессияга төрагалык кылуучу төмөндөгүлөргө милдеттүү:

— ушул Регламентти сактоого жана аны ушул жыйынга катышуучулардын баарынын сактоосун камсыз кылууга;

— чыгып сүйлөө убактысын сактоону камсыз кылууга, белгиленген убакыттын бүтүп жаткандыгы тууралуу өз учурунда эскертүүгө;

— сессиянын күн тартибине ылайык келип түшкөн сунуштардын ирети боюнча сөз сүйлөө үчүн сөз берүүгө;

— сессиянын күн тартибинде турган маселелерди добушка коюуга;

— келип түшкөн дептуттардын сунуштарын  иретине жараша добушка коюуга;

— дептуттардын жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарын жана кайрылууларын жарыя кылууга, суроо-талаптар үчүн сөз берүүгө, аларга суроо-жооп, маалымкат, билдирүү, жарандардын кайрылуулары, жарыялар үчүн , ошондой эле жыйынды алып баруу боюнча сын-пикирлер, айылдык Кеңештин токтомунун долбоору боюнча сунуштарды жана түзөтүүлөрдү киргизүү, добуш берүүнүн түрү боюнча чыгып сүйлөө  үчүн сөз берүүгө;

— сессиянын протоколун жүргүзүүнү уюштурууга, айылдык Кеңештин сессияларынын  протоколдоруна жана токтомдоруна кол коюуга;

— сессиянын катышуучуларына карата сый мамиле жасоого, сессиянын катышуучуларына жекече сын-пикирин билдирүүдөн жана алардын сөздөрүнө баа берүүдөн, комментарий жасоодон  карманууга;

-сессияны алып баруунун эрежелери жана жол-жоболору боюнча билдирүүлөрдү жана түшүндүрмөлөрдү эске алууга;

— эгерде айылдык Кеңештин төрагасы каралып жаткан маселе боюнча баяндамчы болсо же аны айылдык Кеңештин төрагасынын кызмат ордунан бошотуу тууралуу маселени айылдык Кеңеш караган учурда,  сессияны алып барууну орун басарына берүүгө.

 22-глава. Айылдык Кеңештин сессиясында депутаттын укугу жана милдети

22.1. Айылдык Кеңештин депутаты төмөндөгүлөргө укуктуу:

-айылдык Кеңештин органдарын шайлоого жана аларга шайланууга;

— айылдык Кеңештин жана анын органдарынын кароосу үчүн маселелерди сунуш кылууга;

— айылдык Кеңештин жана анын органдарынын жыйындарынын күн тартиби, талкуулануучу маселелерди кароонун ирети жана алардын маңызы боюнчасунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;

— токтомдордун долбоорлорун, айылдык Кеңеш же анын органдары кабыл алуучу документтерди жана аларга түзөтүүлөрдү кароо үчүн демилгелөөгө жана киргизүүгө;

— айылдык Кеңеш түзүүчү  туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамы жана айылдык Кеңеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилүүчү кызмат адамдарынын талапкерлиги боюнча пикирин билдирүүгө;

— айылдык Кеңеш тарабынан түзүлүүчү органга, алардын курамына кирген адамдарга, ошондой эле   айылдык Кеңеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилүүчү кызмат адамдарына  ишеним көрсөтпөө жөнүндө маслени коюуга;

-жарыш сөздөргө катышууга, суроо-талап менен кайрылууга, баяндамачыга сессияга төрагалык кылуучуга суроолорду берүүгө;

— айылдык Кеңешке отчет берүүчү органдын же кызмат адамынын айылдык Кеңештин сессиясында отчетун угуу, ошондой эле айылдык Кеңештин, айыл аймагында жайгашкан  башка органдардын жана кызмат адамдарынын компетенциясына кирген маслелелер боюнча маалыматтарын угуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;

— өзүнүн сунуштарын негиздөө менен жана добуш берүүнүн түрү боюнча чыгып сүйлөөгө, маалымат берүүгө;

— айылдык Кеңештин сессиясында, анын органдарынын жыйындарында айылдык Кеңеш тарабынан белгиленген тартипте  жарандардын же алардын бирикмелеринин кайрылууларынын, билдирүүлөрүнүн, петицияларынын текстерин, эгерде алар коомдук мааниге ээ болсо,  жарыя кылууга;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Регламентте ага берилген башка укуктардан пайдаланууга.

22.2. Айылдык Кеңештин депутаты төмөндөгүлөргө милдеттүү:

— ар бир сессиянын алдында каттоодон өтүүгө жана сессиянын ишине катышууга;

— Регламентти, сессиянын күн тартибин жана сессияга төрагалык кылуучунун укук ченемдүү талаптарын сактоого;

— колун көтөрүү аркылуу сөз сүйлөөнү суранууга;

— сессияга төрагалык кылуучунун уруксаты менен гана чыгып сүйлөөгө;

— жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактоого;

— чыгып сүйлөгөндө катышып жаткандардын ар-намысына жана кадыр-баркына акарат келтирген орой, мазактоочу сөздөрдү колдонбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого, көз көрүнөө жалган маалыматтарды пайдаланбоого, сессиянын катышуучуларына алардын чыгып сүйлөгөн сөздөрүнө баам бербөөгө, кимдир бирөөнөн дарегине карата негизсиз жалаа жабууга жол бербөөгө;

— сессия учурунда төрагалык кылуучунун уруксаты менен чыгып кетүүгө.

22.3. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда депутат мыйзамдарга ылайык жооп берет.

22.4.  Айылдык Кеңештин депутаты анын жеке кызыкчылыгына байланыштуу, башкача айтканда ал үчүн, анын жубайы, алардын ата-энелери, балдары, бир туугандары үчүн  материалдык жактан пайдалуу маселелелер Кеңештин сессияларында (айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого тийиштүү маселелерден башка)  каралган учурда катышууга жана добуш берүүгө тийиш эмес.

22.5. Айылдык Кеңештин депутаттары айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси менен төмөндөгү маслелерди демилгелөөгө укутуу:

— өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган же тийиштүү деңгээлде аткарбаган учурларда айылдык Кеңештин төрагасын, төраганын  орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотууга Кеңешке сунуш берүүгө;

— айылдык Кеңештин сессиясын кезексиз тартипте чакырууга;

— мурда кабыл алынган жергиликтүү жамааттын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө.

22.6. Айылдык Кеңештин сессиясында  депутаттар тарабынан айтылган жана жазуу жүзүндө төрагалык кылуучуга берилген  сын-пикирлер жана сунуштар айылдык Кеңеш тарабынан же анын тапшырмасы боюнча туруктуу (убактылуу) комиссиялар тарабынан каралат же тиийштүү мамлекеттик органдардын же кызмат адамдарынын кароосуна жөнөтүлөт, алар айылдык Кеңеш тарабынан башкача каралбаса, ошол сунуштарды жана сын-пикирлерди бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен кароого жана кароонун жыйынтыктары боюнча сунуш жана сын-пикир киргизген депутатка, ошондой эле айылдык Кеңештин төрагасына билдирүүгө милдетүү.

22.7. Сессияларда, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында депутаттарга айылдык Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын, депутаттардын сунуштарынын жана сын-пикирлеринин, шайлоочулардын сууроо-талаптарынын жүзөгө ашырылышын жүрүшү жөнүндө, ошондой эле айылдык Кеңештин жана анын органдарынын иштеринин башка маанилүү маселелери мазгил-мезгили менен маалымдалат.

 23-глава.Айылдык Кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына айылдык Кеңештин депутаты эмес адамдардын катышуу тартиби

23.1. Айыл өкмөтүнүн башчысы, райондун акими, анын орун басары, ошондой эле айыл аймагында иш жүргүзгөн башка кызмат адамдары, айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана башка кызыкдар адамдар айылдык Кеңештин ачык сессияларына жана анын органдарынын ачык жыйындарына атайын уруксат алуусуз катышууга  укуктуу.

23.2. Жогоруда аталган адамдар ачык сессияга жана/же анын органынын жыйындарына катышууга ниеттенишсе, сессиянын же жыйындын катчысы атайын каттоо жураналына аларды каттайт жана алар жөнүндө маалыматтарды сессиянын же жыйындын протоколуна киргизет.

23.3. Айылдык Кеңештин депутаты болуп саналбаган адамдардын маалыматтары (ф.а. а., жашаган жери, иштеген орду)  катчы тарабынан аларды катышып жаткан депутаттарга маалымдоо үчүн төрагалык кылуучуга  берилет.

23.4. Айылдык Кеңештин депутаттары болуп саналышпаган адамдар  катталган учурдан тартып сессиянын, жыйындын катчысы аларды ушул Регламенттин 22-главасында белгиленген  айылдык Кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына  катышуунун тартиби  жана айылдык Кеңештин Регламентин бузган учурда анын жоопкерчилиги тууралу тааныштырат.

23.5. Айылдык Кеңештин төрагасы айылдык Кеңештин сессиясын ачар алдында, сессияга катышып жаткан айылдык Кеңешке депутат болуп саналышпаган адамдардын сессияга катышып жаткандыктары жөнүндө депутаттарга маалымдайт.

23.6. Сессияларга, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдар үчүн  жыйындар залында атайын орун бөлүнөт. Эгерде сессия, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындары өтүп жаткан  жыйындар залы катышууну каалагандардын баарын батыра албаса, төрагалык кылуучунун тапшырмасы боюнча  айылдык Кеңештин сессиясына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындары аталган адамдардын өкүлдөрү  киргизилиши мүмкүн. Өкүлчүлүк  бир көчөдөн, бир кварталдан, бир райондон, бир айылдан, бир уюмдан, бир мекемеден, бир  бирикмеден бир өкүл (эки же үч) болушу мүмкүн.

24-глава. Депутаттын жана айылдык Кеңештин сессиясына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдардын тартиби жана этикасы

24.1. Өз ишинде айылдык Кеңештин депутаты  жалпыга таанылган моралдык нормаларын кармоого, өзүнүн наркын сактай билүүгө, башка депутаттардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын  ар-намысын жана кадыр-баркын ызаттоого, айылдык Кеңештин, шайлоочулардын жана жалпысынан мамлекеттин беделине шек келтирген аракеттерден, билдирүүлөрдөн жана жосундардан алыс болууга тийиш. Депутаттык мандатты жеке кызыкчылыктары үчүн  колдонууга жол бербөөсү керек.

24.2. Депутат төмөндөгүлөрдү жасоого тийиш эмес:

— айылдык Кеңештин саясий максаттар үчүн жана  жеке пайда табуу үчүн конфиденциалдуу маалыматтарды колдонууга;

— айылдык Кеңештин жабык сессияларында, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында өзүнө белгилүү болгон  маалыматтарды, ошондой эле шайлоочунун же башка адамдын жеке турмушуна тийиштүү маалыматтарды жарыя кылууга, анткени алар депутатка аларды жайылтпоо шартында ишенүү менен айтылат;

— өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө чечим мыйзамдуу күчүнө кире элек жазык жана жарандык иштер боюнча  фактылар жөнүндө айтууга;

— айылдык Кеңештин мүлкүн жеке максаттары үчүн пайдалнууга;

— депутаттык милдеттерин аткарууга байланыштуу жеке жана юридикалык жактардан белек, акча каражаты жана аракети жана аракетсиздиги үчүн кызмат түрүндө сый акыларды алууга.

24.3. Депутаттар, айылдык Кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдар жүрүм-турумдун этикасынын эрежелерин сактоого милдеттүү, чыгып сүйлөгөндө орой, мазактаган сөздөрдү колдонууга, мыйзамсыз аракеттерге чакырууга, кимдир бирөөнүн дарегине  негизсиз күнөө жабууга жол берүүгө, талкууланып жаткан темадан чыгып кетүүгө укугу жок.

24.4.  Ушул жоболор бузуган учурда  сессияга төрагалык кылуучу сүйлөп жаткан адамга эскертүү берет, Регламенттин талаптарын кайталап бузуулар болгон учурда  төрагалык кылуучу сыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө маселени добушка коюуга укуктуу, талкууланган маселе боюнча ага кайталап сүйлөөгө сөз берилбейт.

24.5. Сессия учурунда депутаттар чыгып сүйлөөчүнүн жана катышуучулардын сөз сүйлөөсүнө жана угуп олтуруусуна  жолтоо болгон  аракеттерди (кыйкыруу, кол чабуу, тура калуу, комментарийлерди берүү ж.б.у.с.) жасоого тийиш эмес.

24.6.Сессияга чакырылган жана катышып жаткан адамдар  айылдык Кеңештин, анын органдарынын ишине сессиянын, жыйындын төрагалык кылуучунун уруксатысыз кийлигише албайт (сөз сүйлөө, билдирүү жасоо, өз пикирин билдирүү, комментарий жасоо).

24.7. Сессия учурунда залда катышып олтургандардын баары, депутаттарды кошуп алганда, түйүндүк байланыш аппараттарын өчүрүп коюуга (же үн чыкпас режимге коюуга) милдетүү.

24.8. Эгерде депутат ушул Регламенттин талаптарын бузса, сессияга, жыйынга төрагалык кылуучу анын жеке өзүн эскертет жана тартипке чакырат.

24.9. Айылдык Кеңештин сессиясына төрт жолу катары менен жүйөлүү себептерсиз катышпаган, ошондой эле  туруктуу (убактылуу) комиссиялардын иштерине, айылдык Кеңештин иш-чараларына  туруктуу катышпаган, шайлоочулардын алдында отчет беришпеген депутаттар жөнүндө маалыматтар  айылдык Кеңештин сессияларында жарыя кылынат жана тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссияга берилет.

III БӨЛҮМ

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ ТАРАБЫНАН ЧЕЧИМДЕРДИ ТАЛКУУЛООНУН ЖАНА КАБЫЛ АЛУУНУН ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ 

 25-глава. Айылдык Кеңештин сессияларында маселелерди кароонун тартиби

25.1. Айылдык Кеңештин сессияларында күн тартибине киргизилген жана сессиянын ишинин башталышында айылдык Кеңештин депутаттары тарабынан бекитилген маселелер каралат.

25.2. Күн тартибине киргизилген маселелер боюнча маселенин демилгечиси же маселени алдын ала кароо тапшырылган туруктуу (убактылуу) комиссиянын төрагасы  баяндама менен чыгып сүйлөйт,  эгерде органдын же кызмат адамынын отчету болсо отчет берүүчү адам, эгерде уюмдун, мекеменин, ишкананын, бирикменин иши жөнөндө маалымат болсо, анда анын жетекчиси (мындан ары-баяндамачы) чыгып сүйлөйт, баяндамачы жок болуп калган учурда анын эмне үчүн жок болгондугун аныктоо менен маселе кийинки сессияга жылдырылат.

25.3. Айылдык Кеңештин депутаты, сессияга катышкан адамдар каралып жаткан маселе боюнча  баяндамачыга суроо берүүгө, каралып жаткан маселе боюнча  токтомдун долбооруна жазуу жана оозеки түрүндө сын-пикирлерин жана сунуштарын (өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду)  берүүгө укуктуу.

25.4. Маселени жана токтомдун долбоорун караган учурда  туруктуу (убактылуу) комиссиялардын корутундулары, ошондой эле депутаттардын  жазуу жана оозеки түрүндө сын-пикирлери жана сунуштары (өзгөртүүлөр жана толуктоолор)  угулат, алар талкууланып добуш берүүгө коюлат.

25.5.  Талкуу (жарыш сөз) бүткөндөн кийин  баяндамачы корутунду сөз сүйлөөгө укуктуу.  Андан ары депутаттар добуш берүүнүн түрү (ачык, жашыруун) боюнча сунуш берүүгө укуктуу.

25.6. Талкууланып  жаткан маселе боюнча  токтомдун долбоорунун текстине депутаттардан сунуштар (өзгөртүүлөр жана толуктоолор) келип түшсө,  төрагалык кылуучу депутаттардын бардык сунуштарын (өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду)  түшкөн ирети боюнча  добушка коет. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү  добуш берген  депутаттын сунушу кабыл алынды деп эсептелинет жана токтомдун долбоорунун текстине кошулат. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк  добушун ала албаган  сунуш четке кагылды деп эсептелинет.

25.7. Токтомдун долбоору добуш берүү аркылуу киргизилген сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен  жалпысынан добушка коюлат. Эгерде токтомдун долбоору жалпысынан кабыл алынбаса, ал четке кагылды деп эсептелинет. Четке кагылган токтомдун долбоору айылдык Кеңештин кезектеги сессиясында каралышы мүмкүн.

25.8. Айылдык Кеңештин депутаттары талкуулоонун жыйынтыктары боюнча, эгерде  берилген суроолор боюнча баяндамачынын жоопторуна канаатанышбаса, же каралып жаткан маселени баяндамачы жетишерлик эмес иликтесе, же мыйзамдардын нормаларына карама каршы келсе, депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алып, айылдык Кеңештин кийики сессиясына киргизүү укугу менен маселени жеткире иштеп чыгууга жөнөтүү тууралуу депутаттардын жалпы санын көпчүлүк  добушу менен чечим кабыл алууга укутуу.

25.9. Талкуулоонун жүрүшүндө баяндамачы  каралып жаткан маселени кийинки сессияга жылдыруу тууралуу билдирүү менен төрагалык кылуучуга расмий түрдө жазуу же оозеки түрүндө кайрылууга укуктуу. Мындай учурда  талкуулоо токтотулат, каралып жаткан маселе кийинки сессияда каралууга жатат.

25.10.  Төрагалык кылуучунун, туруктуу(убактылуу) комиссиянын төрагасынын же депутаттардын үчтөн биринин кем эмесинин  сунушу боюнча айылдык Кеңеш кыскартылган жол-жобо боюнча маселелерди кароо жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

Кыскартылган жол-жобого  төмөндөгүлөр кирет:

— негизги баяндамачынын баяндамасы;

— ар бир дептутаттан эки суроо жана аларга жооптор;

— 5 мүнөттөн ашык эмес жарыш сөз (талкуу);

— баяндамачынын корутунду сөзү;

-токтомдун долбоорунун текстине келип түшкөн депутаттардын сунуштары боюнча добуш берүү;

— токтомду жалпысынан  кабыл алуу боюнча добуш берүү.

26-глава. Айылдык Кеңештин сессияларындагы жол-жобо маселелери

26.1. Жол-жобо маселелерине сессияны алып баруунун тартибине байланышкан төмөндөгү маселелер кирет:

— сессияда тыныгуу,  аны жылдыруу, жабуу же узартуу жөнүндө;

— добуш берүүнүн жолун өзгөртүү жөнүндө;

— чыгып сүйлөөлөрдүн кезегин өзгөртүү жөнүндө;

-кошумча каттоону жүргүзүү жүнүндө;

— кворумду тактоо жана добуштарды кайра саноо жөнүндө;

— талкууланып жаткан маселе боюнча жарыш сөздөрдү жылдыруу же токтотуу жөнүндө;

— маселени кароону туруктуу же убактылуу комиссияларга өткөрүп берүү жөнүндө;

— чыгып сүйлөөлөрдүн убактысын чектөө же узартуу жөнүндө;

— күн тартибинин башка маселелерине өтүү (кайрылып келүү) жөнүндө;

— сессияда маслелелерди кароонун жана талкуулоонун ирети жөнүндө;

— добуш берүүнүн түрүн белгилөө жөнүндө;

— маслени кароону кийинки сессияга жылдыруу жөнүндө;

— маселелерди талкуулоонун жалпы узактыгын белгилөө жөнүндө;

— күн тартибине маселелерди киргизүү жана алып салуу жөнүндө;

— чыгып сүйлөөлөрдүн жана маселелердин санына чектөө белгилөө  жөнүндө;

— суроо жооптордун убактысына чектөө киргизүү же узартуу жөнүндө;

— каралып жаткан маселе боюнча адамдарды жыйынга чакыруу жөнүндө;

чакырылган адамдарга сөз берүү жөнүндө;

— күн тартибинин маселесин талкуулабай туруп добушка коюуга өтүү жөнүндө;

— добуштарды кайра саноо жөнүндө;

— жол-жобого кирген башка  маселелер.

26.2.  Жол-жобо маселелери боюнча айылдык Кеңештин чечими катышып жаткан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана токтом менен тастыкталбайт.

 27-глава.Чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын узактыгы

27.1. Сессияларда төмөндөгүдөй чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын убактысынын  узактыгы каралат:

-баяндама — 10 мүнөткө чейин;

— баяндамаларды жарыш сөздөрдө талкуулоо үчүн —  5 мүнөткө чейин;

— күн тартибин талкуулоо үчүн –2 мүнөткө чейин;

— талкууланып жаткан маселе боюнча корутунду сөз үчүн — 2 мүнөткө чейин;

— шайлануучу кызматка талапкердин чыгып сүйлөөсү үчүн — 5 мүнөткө чейин;

— талкууланып жаткан талапкер боюнча жарыш сөзгө чыгып сүйлөө үчүн -3 мүнөткө чейин;

— добуш берүүнүн жүйөсү боюнча чыгып сүйлөө үчүн — 1 мүнөткө чейин;

— жыйынды алып баруунун тартиби боюнча чыгып сүйлөө үчүн — 1 мүнөткө чейин;

— сунуштар, маалыматтар, билдирүүлөр, кайрылуулар үчүн- 2 мүнөткө чейин;

— кайталап сөз сүйлөө үчүн — — 2 мүнөткө чейин;

27.2. Катышып олтурган депутаттардын макулдугу менен төрагалык кылуучу чыгып сүйлөөлөрдүн убактысын 3 мүнөткө чейин узартууга  укугу бар.

27.3.Бир эле маселе боюнча бир депутаттын экиден ашык  сөз сүйлөөсүнө жол берилбейт.

27.4.Шайлануучу кызматка талапкердин баяндамасы, чыгып сүйлөөсү трибунадан жүргүзүлөт, калган чыгып сүйлөөлөр – трибунадан же олтурган ордунан жүргүзүлөт.

27.5.Депутат жыйында төрагалык кылуучу тарабынан  өзүнө сөз берилгенден кийин гана сөз сүйлөйт.

27.6.Сөз берүү жөнүндө сунуш  төрагалык кылуучуга  жазуу түрү сыяктуу эле, оозеки түрүндө да берилет.

27.7. Айыл өкмөтүнүн башчысы, райондун акими жана анын орун басарлары каралып жаткан маселе боюнча сөз сүйлөө үчүн  кезексиз түрдө сөз алууга укуктуу.

27.8. Сессияны алып баруунун тартиби, добуш берүүнүн түрү, маалымат, түшүнүк берүү боюнча сөз сессияга төрагалык кылуучу тарабынан берилиши мүмкүн, анын узактыгы 2 мүнөттөн ашпайт.

27.9. Депутаттардын билдирүүлөрү жана кайрылуулары күн тартибинин «Ар канадай маселелеринде» каралат. Айылдык Кеңештин сессиясынын же төрагалык кылуучунун чечими боюнча «Ар канадай маселелерге»  20 мүнөт убакыт берилиши мүмкүн.

27.10. Күн тартибинин кезектеги маселесин кароого өтүү  же бүтпөй калган мурдагы маселелердин  бирине кайрылып келүү, ошондой эле маселелерди кароонун иретин өзгөртүү сессияга төрагалык кылуучу тарабынан жүргүзүлөт.

27.11. Сессияга төрагалык кылуучу тарабынан сессиянын ишине 20 мүнөткө чейинки кезексиз тыныгуу (добуш берилбей туруп)  жарыяланышы мүмкүн.

27.12. Баш аламандык пайда болгондо жана аны токтотууга мүмкүн болбой калганда төрагалык кылуучу 40 мүнөткө чейин тыныгуу жарыялоого укуктуу. Эгерде сессия өз ишин кайрадан баштаганда баш аламандык улана берсе, төрагалык кылуучу сессияны жабык деп жарыялоого жана/же аны белгилүү убакка же күнгө которууга укуктуу.

28-глава. Жарыш сөз(талкуулоо)

28.1. Төрагалык кылуучунун уруксаты жок  айылдык Кеңештин сессиясында эч кимдин сөз сүйлөөгө укугу жок.

28.2.  Жарыш сөзгө чыгып сүйлөөчүлөр  талкууланып жаткан маселенин темасын карманууга тийиш. Чыгып сүйлөөчү темадан чыгып кеткен учурда, төрагалык кылуучу ага эскертет, ал эми Регламенттин талаптарын кайталап бузган  учурда төрагалык кылуучунун  чыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө  маселени добушка коюуга укугу бар.

28.3. Төрагалык кылуучу жарыш сөздөрдү токтотуу тууралуу сунуш келип түшкөндө депутаттарга чыгып сүйлөөнү каалагандардын, бирок  сөз жетпей калгандардын саны жөнүндө баяндайт, кимиси чыгып сүйлөөнү талап кылып жатканын аныктайт жана ушуларды эске алуу менен жарыш сөздү токтотуу тууралуу маселени добушка коет.

28.4.  Жарыш сөз токтотулгандыгына байланыштуу сөз сүйлөй албай калган депутаттык топтун өкүлүнүн, депутаттардын төрагалык кылуучуга сүйлөөчү сөздөрүнүн текстин сессиянын протоколуна тиркеп коюу үчүн берүүгө укугу бар.

29-глава. Чечим кабыл алуу үчүн кворум

29.1. Айылдык Кеңештин чечимдери төмөндөгүдөй  кабыл алынат:

— айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен;

-айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добуштары менен;

— айылдык Кеңештин депутаттарынын сессияга катышкан санынын көпчүлүк добуштары менен;

29.2. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен төмөндөгү маселелер боюнча чечимдер кабыл алынат:

— айылдык Кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо;

— айылдык Кеңештин төрагасынын орун басарын ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу;

— айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;

— мыйзамдарды,  прокуратура органдары тарабынан белгиленген Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын же өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбагандыгы же тийиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн айыл өкмөтүнүн башчысын мөөнөтүнөн мурда бошотууга айылдык Кеңештин депутаттарынын макулдук берүүсү;

— жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү.

29.3. Депутаттардын жалпы санынын үчтөн эки добуштары менентөмөндөгү маселелер боюнча чечимдер кабыл алынат:

-айылдык Кеңештин төрагасын ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу;

— айылдык Кеңештин дептутаттарынын демилгеси боюнча айылдык Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркатуу;

— мурда кабыл алынган жергиликтүү жамааттын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.

29.4. Депутаттардын сессияга катышкан санынын көпчүлүк добуштары менен жол-жобо маселелери боюнча чечимдер кабыл алынат.

30-глава. Добуш берүү жана анын түрлөрү

30.1. Ушул Регламентте добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоо үчүн колдонулган төмөндөгүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:

-айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы саны – 11 депутат;

-жыйынга катышкандардын саны – каттоодон өткөн айылдык Кеңештин депутаттарынын саны.

30.2. Айылдык Кеңеш сессияларда ачык жана жашыруун добуш берүү жолу менен чечимдерди кабыл алат. Добуш берүү айылдык Кеңештин депутаттарынын кол көтөрүүсү аркылуу жана төрагалык кылуучунун добуштарды саноосу аркылуу (ачык добуш берүү) же депутаттар атайын кабинада бюллетендерди толтуруп, аларды чапталып бекитилген  үкөккө салуу (жашыруун добуш берүү) аркылуу жүргүзүлөт.

30.3. Тийиштүү чечим кабыл алуу үчүн жетиштүү кворум жок болгондо төрагалык кылуучу кворум камсыз кылынганга же кийинки сессияга чейин добуш берүүнү жылдырат.

30.4. Бардык маселелер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы айылдык Кеңештин сессиясынын протоколуна түшүрүлөт.

30.5. Айылдык Кеңештин депутаты добуш берүүгө өзүнүн укугун жеке өзү ишке ашырат. Депутаттын добуш берүү укугун башка депутатка ишеним кат же башка жол менен өткөрүп берүүсүнө жол берилбейт.

30.6. Бир маселе боюнча добуш бергенде айылдык Кеңештин депутаты чечим кабыл алуу үчүн “макул” же “каршы”,  болбосо чечим кабыл алууда “калыс” добуш берүү менен бир добушка ээ.

30.7. Добуш берүү учурунда жок болгон айылдык Кеңештин депутаты добуш берүү аяктагандан кийин өзүнүн добушун берүүгө укугу жок. Жыйындар залында катышып олтурган шартта депутаттын добуш берүүгө катышпай калышы добуш берүүнүн жыйынтыктарын кайра кароо үчүн негиз болуп саналбайт.

30.8. Добуш берүүнүн башталгандыгы жарыялангандан кийин эч кимдин аны үзгүлтүккө учуратууга укугу жок.

31-глава. Ачык жана жашыруун добуш берүү

31.1. Ачык добуш берүү – ар бир депутаттын жооптун варианттарынын (“макул”, “каршы”) бирөөсү боюнча өзүнүн эркин билдирген добуш берүү ыкмасы.

31.2. Ачык добуш берген учурда добуштарды саноо төрагалык кылуучу тарабынан жүргүзүлөт.

31.3. Добуштар саналгандан кийин сессияга төрагалык кылуучу чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын жарыялайт.

31.4. Добуш берүүдө жол-жоболук ката кетирилген учурда (же төрагалык кылуучунун катасы) айылдык Кеңештин депутаттары кайталап добуш берүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

31.5. Жашыруун добуш берүү – добуш берүүгө катышкандардын жашыруун жүргүзгөн добуш берүү ыкмасы, бул учурда жооптордун варианттарынын (“макул”, “каршы”) бири боюнча добуш берүүчүнүн эркин контролдоо жокко чыгарылат.

31.6. Жашыруун добуш берүү милдеттүү болгон маселелер, ошондой эле айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушунун чечими боюнча жашыруун добуш берүү жүргүзүлөт.

31.7. Бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү, бюллетендерди толтуруу аркылуу ар бир депутаттын жеке өзү тарабынан ишке ашырылат, бюллетендер депутаттардын тизмесине ылайык ар бир депутатка берилет жана депутаттын өз эркин жашыруун билдирүүнү камсыз кылган атайын кабинада толтурулуп, эсептөө комиссиясы мөөр басып бекиткен добуш берүүчү үкөккө салынат.

32-глава. Эсептөө комиссиясынын иши

32.1. Жашыруун добуш берүүнү өткөрүү жана анын натыйжаларын белгилөө үчүн айылдык Кеңештин депутаттары ачык (же жашыруун) добуш берүү менен эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүн шайлашат, эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн саны так сандардан турат.

32.2. Эсептөө комиссиясы өзүнүн курамынан эсептөө комиссиясынын төрагасын жана катчысын шайлайт, ошондой эле эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт.

Эсептөө комиссиясынын төрагасын, катчысын шайлоо жөнүндө, ошондой эле мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү тууралуу эсептөө комиссиясынын чечими анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен жол-жоболоштурулат, протокол айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.

32.3. Жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендер айылдык Кеңештин чечими менен сунуш кылынган жана бекитилген форма боюнча эсептөө комиссиясы тарабынан дайындалат, анын саны айылдык Кеңештин депутаттарынын санына барабар болот. Добуш берүү үчүн бюллетенде “макул”, “каршы”, “калыс” деген жооптордун варианттары турат. Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү бюллетендин ар биринин арткы бетине кол коюшат.

32.4. Эсептөө комиссиясы жашыруун добуш берүү үчүн кабинаны орнотуу менен депутаттар өз эркин жашыруун билдирүү үчүн шарттарды түзөт.

32.5. Добуш берер алдында эсептөө комиссиясы айылдык Кеңештин бардык депутаттарынын катышуусунда добуш берүүчү үкөктү бекитет.

32.6. Депутат жашыруун добуш берүү үчүн бир бюллетень алып, жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендерди берүү ведомостундагы өзүнүн фамилиясынын тушуна кол коёт жана жашыруун добуш берүү үчүн кабинага келет. Добуш бергенден кийин депутат добуш берүүчү үкөккө бюллетенин таштайт.

32.7. Добуш берүү бүткөндөн кийин эсептөө комиссиясында калып калган бюллетендер эсептелинет жана депутаттардын катышуусунда эсептөө комиссиясынын төрагасы тарабынан бюллетендин оң бурчун кесүү аркылуу жок кылынат.

32.8. Депутаттардын добушун саноодо белгисиз формадагы бюллетендер, ошондой эле депутаттардын эркин билдирүүнү аныктоого мүмкүн болбогон бюллетендер жараксыз деп табылат. Бюллетенге киргизилген толуктоолор добуштарды саноодо эске алынбайт.

32.9. Жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө эсептөө комиссиясы протокол түзөт, ал эсептөө комиссиясынын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат жана сессияда эсептөө комиссиясынын төрагасы аны жарыя кылат.

32.10. Эсептөө комиссиясынын протоколунун негизинде сессияга төрагалык кылуучу чечимдин кабыл алынгандыгы же кабыл алынбагандыгы тууралуу жарыя кылат. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол айылдык Кеңештин токтому менен бекитилет.

33-глава. Кабыл алынган токтомдордун күчүнө киришинин тартиби

33.1. Айылдык Кеңештин катчысы (айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы) баяндамачы менен бирдикте айылдык Кеңеш чечим кабыл алган маселе боюнча кабыл алынган токтомду ал кабыл алынган күндөн баштап 5 жумушчу күндүн аралыгында жол-жоболоштурат.

33.2. Айылдык Кеңештин төрагасы айылдык Кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдун долбоорун четке кагууга укугу жок жана ага кабыл алынган күндөн баштап 5 жумушчу күндүн аралыгында кол коёт.

33.3. Документти жол-жоболоштурган учурда грамматикалык мүнөздөгү түзөтүүлөрдү кошпогондо, ага оңдоо киргизүүгө жол берилбейт. Сессияда кабыл алынган айылдык Кеңештин токтомунун мазмундук бөлүгүнө оңдоо киргизген адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык документти бурмалагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылат.

33.4. Айылдык Кеңештин токтому күчүнө кириши үчүн расмий жарыяланууга тийиш:

-айылдык Кеңештин расмий веб-сайтында;

33.5. Токтомду расмий жарыялоо мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик жана (же) аскердик жашыруун сырды камтыган токтомдорду кошпогондо, толук эмес баяндамадагы токтомдорду жарыялоого жол берилбейт.

33.6. Ченемдик укуктук актынын расмий жарыяланышынын датасы ошол акт жарык көргөн басылма жарыкка чыккан күн эсептелинет.

33.7. Эгерде токтомдун өзүндө башкача каралбаса, токтом расмий жарыяланган күндөн баштап он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ишкердик ишти жөнгө салган токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн эрте эмес күчүнө кирет.

33.8. Айылдык Кеңештин токтомдорун каттоону төмөнкү реквизиттерди көрсөтүү менен айылдык Кеңештин токтомдорун каттоо жөнүндө журналга жазып түшүрүү аркылуу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ишке ашырат:

-актынын түрүн көрсөтүү;

-ошол ченемдик укуктук актыны жөнгө салуу предметин билдирген аталыш;

-кабыл алынган жери жана датасы;

-каттоо номери.

33.9. Расмий жарыяланган күнү айылдык Кеңештин токтомунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тийиштүү аймактык бөлүмүнө эки нускада, мамлекеттик тилде гана, кагаз жана электрондук түшүрмөлөрдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен ченемдик укуктук актыларын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлөт.

33.10. Айылдык Кеңештин токтомунун көчүрмөсү кабыл алынган чечимдер жөнүндө коомчулукту кеңири маалымдоону камсыз кылуу үчүн айыл аймагынын маалымат илинүүчү тактайларына милдеттүү түрдө жайгаштырылат.

34-глава. Айылдык Кеңештин сессиясынын жана анын органдарынын протоколу

34.1. Айылдык Кеңештин сессияларында, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында протокол жүргүзүлөт, ага катар номери берилет.

34.2. Сессиялардын жана жыйындардын протоколдорун жүргүзүү жана жол-жоболоштуруу протоколдорду жүргүзүү жана сактоо үчүн жооптуу болгон айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы тарабынан жүргүзүлөт. Зарылчылык болгон учурда айыл өкмөтүнүн башчысы менен макулдашуу боюнча айылдык Кеңештин төрагасынын тапшырмасы менен туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзүүнү жана жол-жоболоштурууну айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкери жүргүзөт.

34.3. Протоколдун тексти киришүү жана негизги бөлүктөрдөн турат:

-айылдык Кеңештин сессияларынын жыйындарынын протоколунун киришүү бөлүгүндө номери, датасы, өткөрүлгөн убактысы жана орду; айылдык Кеңештин чакырылган жылы, айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы саны, катышкан депутаттардын саны жана тизмеси, чакырылгандардын тизмеси (эгерде 10дон ашык адам чакырылса, чакырылгандардын тизмеси тиркелет), баяндамачынын фамилиясын көрсөтүү менен күн тартиби, эгер түзүлгөн болсо эсептөө комиссиясынын курамы чагылдырылат;

-негизги бөлүгүндө сессияны алып баруунун жүрүшү, каралган маселелер, баяндама менен чыгып сүйлөгөндөр жана жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөндөр, добушка коюлган маселелер жана сунуштар, аларды кабыл алуунун жолдору; добуш берүүнүн натыйжалары жана кабыл алынган чечимдер, сессиянын жүрүшүндө берилген кошумча материалдар чагылдырылат.

34.4. Депутаттардын фамилиялары алардын фамилияларын жана аттарын, атасынын аттарынын баш тамгасын көрсөтүү менен, башка адамдардын – фамилияларын, аттарын, атасынын аттарынын баш тамгасын көрсөтүү менен, кызмат ордун жана иштеген ордун, эгерде иштебеген болсо жашаган жерин көрсөтүү менен коштолот. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү катышкан учурда алардын фамилиялары жана жашаган жери көрсөтүлөт.

34.5. Сессиянын протоколу сессиянын иши аяктагандан кийин 5 жумушчу күндөн кеч эмес жол-жоболоштурулат, ага айылдык Кеңештин төрагасы жана айыл өкмөттүн жооптуу катчысы тарабынан кол коюлат. Туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарынын протоколу алар аяктагандан кийин 5 жумушчу күндөн кеч эмес жол-жоболоштурулат жана комиссиянын төрагасы жана катчысы (айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкери) тарабынан кол коюлат.

34.6. Жабык сессиялардын материалдарын кошпогондо, жыйындардын протоколдорунун көчүрмөлөрү ачык кол жеткендей болууга тийиш. Жооптуу катчы айылдык Кеңештин депутаттарына жана башка кызыкдар адамдарга протоколдордун жана токтомдордун көчүрмөлөрүн берет, алардан көчүрүп алууларды жүргүзөт.

34.7. Айылдык Кеңештин сессияларында жана туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында видео-аудио жазып алуулар жүргүзүлүшү мүмкүн, алар айылдык Кеңештин депутаттары үчүн жеткиликтүү болот.

34.8. Протоколдордун, видео жазып алуулардын түп нускалары айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысында сакталат. Жыйындардын жана сессиялардын протоколдору, алардын тиркемелери тийиштүү айылдык Кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнүн аралыгында сакталат. Айылдык Кеңештин ыйгарым укуктары аяктаганда жыйындардын, сессиялардын протоколдору жана алардын тиркемелери туруктуу сактоого архивге тапшырылат.

34.9. Айылдык Кеңештин жабык сессиясынын материалдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жол-жоболоштурулат.

35-глава. Айылдык Кеңештин токтомдорунун аткарылышын контролдоо

35.1. Токтомдо аны жүзөгө ашыруунун тартиби белгиленилет, атап айтканда:

-жалпысынан токтомдун же анын пункттарын же колдонууга киргизилишинин конкреттүү мөөнөттөрү жана жолдору;

-токтомду жүзөгө ашыруу боюнча органдарга жана кызмат адамдарына конкреттүү тапшырмалардын, айыл өкмөтүнүн жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн (зарылчылыкка жараша) кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларынын кабыл алынышы, айыл өкмөтүнүн башчысынын актыларынын айылдык Кеңештин токтомуна ылайык келтирүү;

-аны аткаруу үчүн мөөнөттөр белгиленилет.

35.2. Айылдык Кеңештин ар бир токтомунда токтомдо көрсөтүлгөн тапшырмаларды аткаруу жүктөлгөн кызмат адамы же орган, ошондой эле токтомдун аткарылышын контролдоо жүктөлгөн кызмат адамы же орган көрсөтүлөт.

35.3. Токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат угулгандан кийин, айылдык Кеңеш төмөндөгүлөргө укуктуу:

-аткарылган катары токтомду контролдон алып коюу;

-аткарылган катары токтомдун айрым пункттарын контролдон алып коюу;

-ошол токтом боюнча аткаруу мөөнөтүн жылдыруу;

-башка кызмат адамына же органга контролдоо ыйгарым укуктарын жүктөө;

-токтомду жокко чыгаруу;

-токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;

-кошумча токтомду кабыл алуу.

35.4. Контролдоо боюнча отчёттун мөөнөтү токтомдун өзүндө көрсөтүлөт. Айылдык Кеңештин төрагасы токтомдун аткарылышы үчүн контрол жүктөлгөн кызмат адамына же органга айылдык Кеңештин сессиясында анын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берүүнү тапшырууга укуктуу

                                                                         IV БӨЛҮМ

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН  НОРМА ЧЫГАРУУ ИШИ

36-глава. Норма чыгаруу ишинин негизги принциптери

36.1. Айылдык Кеңештин норма чыгаруу иштери төмөндөгү принциптерде жүргүзүлөт:

— жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун;

— мыйзамдуулуктун;

— негиздүүлүктүн;

— максатка ылайыктуулуктун;

— акыйкатчылыктын;

— ачыктыктын.

36.2. Айылдык Кеңеш өзүнүн компетенциясынын чектеринде токтом кабыл алат.

36.3. Өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган айылдык Кеңештин токтомдору айыл аймагында жашаган  бардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактыкоргандары, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылууга милдеттүү.

36.4. Айылдык Кеңештин токтому менен таанышуу ачык болууга тийиш. Көчүрмөсү маалымат тактайларында жайгаштыруу аркылуу жана «Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  Мыйзамында каралган  башка каражаттараркылуу жалпыга маалымдалууга жатат.

37-глава. Айылдык Кеңештин токтомун жол-жоболоштуруунун тартиби

Айылдык Кеңештин токтомунун текстин жол-жоболоштуруунун тартиби жана түзүмдүк элементтери, айылдык Кеңештин токтомуна өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду  киргизүүнүн тартиби, аны күчүн жоготту деп таануу «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12 жана 17-беренелеринде белгиленген талаптарга ылайык ишке ашырылат.

38-глава. Айылдык Кеңешке  токтомдун  долбоорун киргизүүнүн тартиби

38.1. Айылдык Кеңештин  сессиясына киргизилүүчү документтердин пакетинде төмөндөгүлөр камтылууга тийиш:

-тийиштүү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын төрагалары менен макулдашуу боюнча айылдык Кеңештин төрагасы тарабынан жактырылган, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы даярдаган токтомдун долбоору;

-токтомдун долбооруна маалымкат-негиздеме (маалымат);

— салыштырма таблица (колдонуудагы токтомго өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген учурда);

— тийиштүү  туруктуу (убактылуу) комиссиялардын корутундусу же чечими;

— токтомдун долбоорун мамлекеттик органдардынтийиштүү бөлүмдөрү, уюмдар, мекемелер, ишканалар, жергиликтүү жамааттар (зарылчылыкка жараша) менен макулдашылганы жөнүндө маалымат  камтылган документтер;

— экспертиза жүргүзүүнүн (зарылчылыкка жараша) натыйжасында даярдалган эксперттик корутундулар.

38.2.Айылдык Кеңештин токтому мамлекеттик жана расмий тилдерде киргизилет жана кабыл алынат.

Айыл аймагында жашаган мамлекеттик тилди билгендердин саны басымдуулук кылган шартта жана айылдык Кеңештин токтомун мамлекеттик тилде киргизүү жана кабыл алуу  тууралуу айылдык Кеңештин чечими болсо, айылдык Кеңештин токтомун мамлекеттик тилде гана кабыл алууга жол берилет.

38.3. Регламенттин жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  талаптарын бузуу менен даярдалып кароого киргизилген токтомдун долбоору белгиленген тартипте бузуулар четтетилгенге чейин  кайтарылып берилүүгө жатат.

38.4. Айылдык Кеңештин кароосуна киргизилген токтомдун долбоорунун текстинде:

— беттин оң жактагы жогорку бурчуна «Долбоор» деп жазылат;

— «Долбоор» деген сөздүн алдына долбоорду киргизген демилгечи (же кимге тапшырылганы) жана долбоор киргизилген дата көрсөтүлөт;

— төмөнүрөөктө, беттин ортосунда документтин аталышы берилет «________________________ЖӨНҮНДӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ»;

— андан ары «Кыргыз Респрубликасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12, 17 жана 30-беренелеринде белгиленген тараптарды сактоо менен токтомдун долбоорунун тексти баяндалат;

— андан ары токтомдун күчүнө киришинин мөөнөтү такталат;

— органдарга жана/же кызмат адамдарына конкреттүү тапшырма берилет жана төрагалык кылуучунун колу коюлат;

— токтомдун аткарылышы үчүн  кызмат адамына жана /же  органга  контроль жүктөлөт;

— токтомдун текстинин алдында төрагалык кылуучунун фамилиясы жана колу көрсөтүлөт.

38.5.  Токтомдун долбоорунун маалымкат-негиздемесинде (маалыматында) мына бул маалыматтар камтылууга тийиш:

— ушул токтом кабыл алынгандан кийин жетишилүүчү же чечилүүчү максаттар жана милдеттер;

— кабыл алынган токтомдон кийинки  болжолдонуучу социалдык, экономикалык, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттер;

— эгер ал өткөрүлсө, коомдук талкуулоонун натыйжалары тууралуу маалымат;

— мыйзам долбоорунун өлкөнүн мыйзамдарына ылайык келишин талдоо;

— эгерде токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл финансылык каражаттар керек болсо, аны каржылоонун булактары.

38.6. Тикеден-тике жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгын козгогон токтомдун долбоору, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салган  токтомдун долбоору айыл өкмөтүнүн, айылдык Кеңештин маалымат тактасында жайгаштырылуу же  коомдук угууларды, айылдык чогулуштарды өткөрүү  менен  коомдук талкууланууга  жатат.

38.7. Талкуулоонун жүрүшүндө коомдук талкуулоонун  катышуучуларынан түшкөн  сунуштар кабыл алынат, каралат жана жалпылаштырылат.

Коомдук талкуулоонун натыйжалары боюнча   аларды токтомдун долбооруна киргизүүнүн же киргизбөөнүн  себептерин негиздөө менен келип түшкөн  сунуштар тууралуу жыйынтыктоочу маалымат даярдалат.

Жыйынтыктоочу маалымат токтомдун долбооруна тиркелген маалымкат-негиздемеде чагылдырылат.

38.8. Коомдук талкуулоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча финансылык чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка каражаттардан ишке ашырылат.

38.9. Токтомдун долбоору боюнча  коомдук талкуулоонун мөөнөтү  бир айдан кем эмес болот.

38.10.  Ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен каржылоону талап кылынган токтомдун долбоору,  ал боюнча каржылоо булагы табылганга чейин каралууга жатпайт.

V БӨЛҮМ

АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШТИН АЙРЫМ ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ИШКЕ

АШЫРУУНУН ТАРТИБИ

 39-глава. Жергиликтүү бюджетти киргизүүнүн  жана бекитүүнүн тартиби 

39.1. Бюджеттик процесстин ачыктыгын жана айкындыгын, жергиликтүү бюджетти түзүүгө жарандардын катышуусун жана жергиликтүү бюджетти аткаруунун натыйжалары тууралуу отчетту кароону камсыз кылуу максатында айылдык Кеңештин төрагасы  жана бюджет боюнча  туруктуу  комиссиянын төрагасы бюджеттин долбоорун ошондой эле жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча очетту бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш, архитектура, курулуш,  таранспорт, айыл чарбасы жана экология боюнча жергилктүү Кеңештин туруктуу комиссиясынын кароосуна киргизгенге чейин бюджет боюнча  коомдук угууларды демилгелөөгө жана аны уюштурууну жана өткөрүүнү  айыл өкмөтүнүн  башчысына тапшырууга укуктуу.

39.2.  Бюджет боюнча коомдук угуулардын  натыйжалары жергиликтүү бюджеттин долбоорун жана анын аткарылышынын отчетун караган жана бекиткен учурда бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш, архитектура, курулуш,  таранспорт, айыл чарбасы жана экология боюнча туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнө, жергиликтүү Кеңештин депутаттарына маалымат булагы катары кызмат кылат.

39.3. Айылдык Кеңештин төрагасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы айыл өкмөтүнүн, мамлекеттик салык кызматынан жана юридикалык жактардан жергиликтүү  бюджеттин долбоорун өз учурунда жана сапаттуу түзүү үчүн керектүү болгон бардык маалыматтарды суратып алууга жана өзүнүн жыйындарында   ошол органдардын жетекчилерин, коомдук угуулардын активдүү  катышуучуларын, демилгечи топторду, коомдук бирикмелерди жана башка кызыкдар адамдарды  чакырууга жана угууга укуктуу.

39.4.  Жергилиликтүү бюджеттин долбоорун түзүү үчүн зарыл маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте  берилет.

39.5.  Бюджет боюнча туруктуу комиссия  бюджеттин долбоорун алдын ала кароону  жүргүзөт жана айыл өкмөтүнүн отчетун угат,  коомдук  угуулардын катышуучуларынан жана башка кызыкдар жактардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен айылдык Кеңештин сессиясына бюджеттин долбоору боюнча  корутундусун берет.

39.6. Айылдык Кеңештин  сессиясында  жергиликтүү жамааттын жана башка кызыкдар жактардын  сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин такталган долбоору  ачык-айкын  каралат, ошондой эле коомдук  угуулардын натыйжалары боюнча  бюджеттин аткарылышы тууралуу айыл өкмөтүнүн  отчету каралат.

39.7.  Тийиштүү жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышы тууралуу   айылдык Кеңештин токтому  жергиликтүү ЖМК гезити аркылуу жалпыга жайылтууга жатат жана документтердин көчүрмөсү маалымат тактайларынажайгаштырылат.

40-глава. Айылдык Кеңештин жарандарынын мыйзам чыгаруу демилгесин кароо

40.1.  Мыйзамдардын жана жергиликтүүжамааттын уставына ылайык  жарандар  мыйзам чыгаруу демилгесине ээ.

40.2.  Жергиликтүү жамаат тарабынан айылдык Кеңештин кароосуна киргизилген  жана ушул Регламентте белгиленген  тартипте жол-жоболоштурулган ченемдик укуктук актынын долбоору (токтомдун долбоору)  демилгечи топтун катышуусу менен  тийиштүү  туруктуу комиссия тарабынан каралат.

40.3. Айылдык Кеңештин кароосуна киргизилген ченемдик укуктук актынын долбоору туруктуу комиссиянын корутундусун эске алуу менен демилгечи топтун, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн катышуусунда айылдык кеңештин кезектеги же кезексиз сессиясында каралат.

40.4. Жергиликтүү жамаат тарабынан демилгеленген ченемдик укуктук актынын долбоорун  кароонун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган айылдык Кеңештин чечими  аны киргизген демилгечи топко, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө  расмий жазуу түрүндө  жеткирилүүгө тийиш.

41-глава. Айылдык Кеңештин ишин чагылдыруу, айылдык Кеңештин сайты

41.1. Айылдык Кеңештин ишин чагылдыруу,  жыйналыштарды теле көрсөтүү жана радио уктуруу,  мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча берүү жолу менен, маалыматтык тактайчаларга жайгаштыруу аркылуу, ошондой эле Чет-Нура  айыл аймагынын сайты  аркылуу  камсыз  кылынат.

41.2. Айылдык Кеңештин, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйналыштарын видео-сүрөткө тартуу, ошондой эле үндөрдү жаздырып алуу айылдык Кеңеш тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

41.3 Айылдык Кеңештин сессияларын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйналыштарын  теле көрсөтүүгө, радио уктурууга, мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарына Кеңештин сайтына жана маалымат тактайчалары аркылуу чагылдырууга кетүүчү акча каражаттарынын чыгымдары  жергиликтүү бюджеттен  каржыланат.

41.4. Айыл аймагынын сайты  айылдык  Кеңеш, анын түзүмдөрүнүн  иши, бекитилген иш пландары  жөнүндө  дайыма жаңыланып   туруучу   маалыматтарды, статистикалык, талдоочулук маалыматтарды  жана   материалдарды, коштоочу документтери менен  мыйзамдардын, токтомдордун долбоорлорунун электрондук версияларын, туруктуу комиссиялардан түшкөн жана  каралуучу  отчетторду, корутундуларды, маалымдамаларды, ачык жыйналыштардын протоколдорун, стенограммаларын   жана   у.с. камтыйт.

41.5. Айыл аймагынын сайтына «Айылдык Кеңеш  жөнүндө», «Депутаттык контроль», «Коомчулук менен  байланыш», «Пайдалуу   шилтемелер», «Айылдык Кеңештин башка жергиликтүү Кеңештер аралык  иши» бөлүмдөрүнө маалыматтык материалдарды жайгаштырууну айыл аймагынын аппараттын тиешелүү кызматкерлери жүзөгө ашырат.

41.6. Маалыматтык материалдарды жайгаштырууну контролдоону айыл аймагынын Аппаратынын кызматкерлери жүзөгө ашырат.

41.7. Сайттын ишине жалпы контролду айылдык Кеңештин төрагасы жана жооптуу катчы тарабынан жүзөгө ашырат.

41.8 Радио жана видео блогдор айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери тарабынан даярдалат жана сайтка жайгаштырылат.

41.9 Бул блогдорду техникалык  жактан  камсыз  кылуу айыл өкмөтүнүн Аппаратына  жүктөлөт.

41.10. Сайттын бөлүмдөрүнүн аталыштарына өзгөртүүлөр айылдык Кеңештин төрагасы менен макулдашуусуз киргизилиши мүмкүн   эмес.

42-глава. Эл аралык жана жергиликтүү Кеңештер аралык кызматташтык

42.1.  Айылдык Кеңеш айыл аймагынын өкүлчүлүктүү бийлик органдары жана Көз карандысыз мамлекеттер жана чет өлкөлөр менен кызматташуу жөнүндө келишим түзө алат.

42.2.  Айылдык Кеңеш айыл аймагынын өкүлчүлүк бийлик органы катары башка региондордун жергиликтүү Кеңештери менен кызматташуу жөнүндө келишим түзө алат жана жеринде депуттаттык ишмердүүлүктү өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу иштерин жургузүүгө укуктуу.

43-глава. Регламентти сактоо үчүн контролду ишке ашыруунун тартиби

43.1.  Айылдык Кеңештин Регламентинин жаңы редакциясы, ага өзгөртүүлөр жана толуктоолор айылдык кеңештин  депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен айылдык Кеңештин сессиясында  кабыл алынат.

43.2. Депутаттар, депутаттардын тобу, туруктуу комиссиялар тарабынан демилгеленген айылдык Кеңештин Регламентине өзгөртүүлөрдү  жана толуктоолорду киргизүү тууралуу сунуштар тийиштүү туруктуу комиссияларда каралгандан кийин айылдык Кеңештин  сессиясынын  күн тартибине киргизилет жана айылдык Кеңештин  сессиясында биринчи кезектеги тартипте каралат.

43.3. Айылдык Кеңештин Регламентинин жоболорун чечмелеп түшүндүрүүнү айылдык Кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары ишке ашырат.

43.4.  Айылдык Кеңештин Регламентинин талаптарынын сакталышына  контролдук кылуу айылдык Кеңештин төрагасына жана төраганын орун басарына жана тийиштүү туруктуу комиссияга жүктөлөт. Айылдык Кеңештин сессиясы учурунда айылдык Кеңештин Регламентинин талаптарынын сакталышына контролдук кылуу сессияга төрагалык кылуучуга жүктөлөт.

 

 

Комментирование запрещено