Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын 27-июнь 2017-жылдагы № 6/1ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXVII чакырылышынын  кезексиз VI сессиясынын

ТОКТОМУ

27-июнь  2017-жыл   № 6/1                                                                   Орто-Нура айылы

Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкери Н.Кыргызбаевдин өндүрүштүк кырсыктан каза болгондугуна байланыштуу бир жолку берилүүчү жөлөк пул жана зыяндын ордун толтуруу өлчөмдөрүн кароо  жөнүндө

               3-февраль 2016-жылдагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн атайын түзүлгөн комиссиясы аркылуу түзүлгөн Н-1 формасынын жана Нарын райондук экотехинспекция башкармалыгынын 1-февраль 2016-жылы Нарын районунун Чет-Нура айыл өкмөтүнүн берген билдирүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын 10.02.2016-жылдагы №57-б буйругу менен түзүлгөн комиссиянын актысынын жана Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкери Н.Кыргызбаевди өндүрүштүк кырсыктан каза болгондугуна байланыштуу бир жолку берилүүчү жөлөк пулунун жана зыяндын ордун толтуруу өлчөмдөрүн эсептөө комиссиясынын 8-август 2016-жылдагы №1 протоколун угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин  VI сессиясы токтом кылат:

  1. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба адиси Н.Кыргызбаевдин өндүрүштүк кырсыктан каза болгондугуна байланыштуу бир жолку берилүүчү жөлөк пул Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин 252-статьясына ылайык Кыргызбаев Нарынбектин жубайы Кадыралиева Жамила Исаевнанын РСК банкына ачылган р\счет 1290243490000049, карт счет 1139819, БИК  129024 өздүк эсеп счетуна которулуп берилсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 250- статьясына ылайык багар-көрөрү каза болгондугуна байланыштуу каза болгон адамдын багуусунда турган жана анын каза болушуна байланыштуу зыяндын ордун толтурууга укугу бар 2(эки) балага берилүүчү жөлөк пул бюджеттик комиссиянын кароосуна жиберилсин.
  3. Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинен которулуп берилген 5 143 100 сом өлчөмүндөгү жөлөк пулду Кадыралиева Жамила Исаевнанын өздүк эсебине которуу айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Ибраевага милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.

 

Төрага:                                                                              Т.Сыдыкбеков

__________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга, айыл өкмөтүнө.

Комментирование запрещено