Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын 27-июнь 2017-жылдагы № 6/2 ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXVII чакырылышынын  кезексиз VI сессиясынын

ТОКТОМУ

27-июнь  2017-жыл   № 6/2                                                                        Орто-Нура айылы

Эки-Нура СООППВнын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө  салуу агенттигинин Нарын облустук бөлүмү менен макулдашуусунун негизинде элге саткан суунун 2017-жыл үчүн  прейскурантын бекитүү  жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын “Ичүүчү суу жөнүндө” Мыйзамынын 21-беренесине жана 2012-жылдын 8-октябрындагы №170 буйрук менен бекитилген Ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин таза суу менен камсыз кылууда баасын аныктоо боюнча сунушуна ылайык Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин  VI сессиясы токтом кылат:

     1.Эки-Нура СООППВнын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Нарын облустук бөлүмү менен макулдашуусунун негизинде элге саткан суунун 2017-жыл үчүн прейскуранты бекитилсин.

      2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.

Төрага:                                                                              Т.Сыдыкбеков

__________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга, айыл өкмөтүнө.

«Макулдашылды»                                                                                     «Бекитемин»

Кыргыз Реcпубликасынын                                                    Чет-Нура айылдык Кеңешинин

өкмөтүнө караштуу монополияга каршы                                  төрагасы:

жөнгө салуу  мамлекеттик агенттигинин

Нарын облустук бөлүмүнүн башчысы

_______________________    Д.Усенов                _______________ Т.Сыдыкбеков

«__» ____________2017ж                                           «__» ____________2017ж

 

«Эки-Нура» ИСКАКБ сынын элге саткан суунун

ПРЕЙСКУРАНТЫ

Аталышы Өлчөө бирдиги м3 Баасы
Көчөдөн суу алгандарга жанга/ 1-айга 15,00
Короосунан суу алгандарга жанга/ 1-айга 20,00
Калкты тейлеген Мончолорго 1-айга 500,00
Суу түтүгүнө туташууга (врезка) 1-туташуу 5000,00
Мектептер 1-жылга 24966,00
Бала бакчалар 1-жылга 6066,00

 

«Эки-Нура» ИСКАКБсынын

жетекчиси                                                                                                                 Дуйшок у. К

Комментирование запрещено