Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын 27-июнь 2017-жылдагы № 6/3ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXVII чакырылышынын  кезексиз VI сессиясынын

ТОКТОМУ

27-июнь  2017-жыл   № 6/3                                                                  Орто-Нура айылы

Чет-Нура айылдык Кеңешинин депутаты

Ажыбеков Жумабекти сыйлоо  жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын Президентинин атына Нарын облусунун Нарын районунун Чет-Нура айылынын тургундары А.Бекбоева, Капар уулу   Жанболот жана башкалар Көл-Арык каналына  өз эсебинен көпүрө куруп берген Чет-Нура айылдык Кеңешинин депутаты Ж.Ө.Ажыбековдун эмгегин баалап ыраазычылык билдирүүнү сурап кайрылышкан. Жогорудагыларды  угуп  жана талкуулап, Депутаттардын  Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин  VI сессиясы токтом кылат:

  1. Чет-Нура айылдык Кеңешинин депутаты Ажыбеков Жумабек Өмүралиевичтин эмгеги бааланып,  Чет-Нура айылдык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын “Ардак Грамотасы” менен сыйлансын.

             2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.

 

Төрага:                                                                              Т.Сыдыкбеков

__________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга, айыл өкмөтүнө.

Комментирование запрещено