Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын 27-июнь 2017-жылдагы № 6/5ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXVII чакырылышынын  кезексиз VI сессиясынын

ТОКТОМУ

27-июнь  2017-жыл   № 6/5                                                                  Орто-Нура айылы

Депутаттардын айыл чарба, суу чарба жашылдандыруу

көрктөндүрүү , энергетика боюнча туруктуу

комиссиясынын I-II кварталда жүргүзүлгөн иштери

боюнча отчетун угуу  жөнүндө

                 Аталган туруктуу комиссиянын төрагасы  Ж.Ажыбеков  I-II кварталдагы иш-планына  ылайык жүргүзүлгөн иштери боюнча билдирүү жазады. Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин  VI сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:

  1. Депутаттардын айыл чарба, суу чарба жашылдандыруу көрктөндүрүү , энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын I-II кварталда жүргүзүлгөн иштерине эң жакшы деген баа берилсин.
  1. Чет-Нура айылдык Кеңешинде башка багыттагы түзүлгөн туруктуу комиссияларга өз багытында иш планга ылайык иш алып баруулары тапшырылсын.

            3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Төрага:                                                                              Т.Сыдыкбеков

__________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга, айыл өкмөтүнө.

Комментирование запрещено