Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги V сессиясынын №5/2 ТОКТОМУ

shapka_cn

26-апрель 2013- жыл №5/2 Орто — Нура айылы

Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2012-жылга
бюджетинин аткарылышын кароо, 2013-жылга бюджетин бекитүү жана жайыт
акыларын белгилөө жөнүндө.

Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы С.Ибаков Жайыттар комитетинин 2012-жылдагы аткарылган иштери, жайыт акыларынын чогултулушу, берилген пландын аткарылышы жөнүндө билдирүү жасап, 2013-жылга бюджеттин долбоорун сунуштады.
Жайыт комитети жонундогу мыйзамга ылайык 1 баш бодо малга 50 сомдон, 1 баш майда малга 10 сомдон, шаардын малын баккандарга жана көрсөтүлгөн мөөнөттөн көчпөй ички жайытта калгандарга 1 баш бодо малга150 сомдон, 1 баш майда малга 30 сомдон негизги акынын үч эселенген көрсөткүчүндө жайыт акы жана налог алуу сунушталды.
Жогорудагылардын негизинде, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин V сессиясы токтом кылат:

1. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Жайыттар комитетинин төрагасы С.Ибаковдун 2012-жылдагы аткарылган иштери жөнүндөгү отчету канааттандырарлык деп табылсын.

2. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Жайыттар комитетинин 2013-жылга бюджети бекитилсин. Жайыттар комитетинин жайыт акыларын белгилоо тартибине ылайык 1.01.2013-жылга 1 баш бодо малга 50 сомдон, 1 баш майда малга 10 сомдон, шаардын малын баккандарга жана көрсөтүлгөн мөөнөттөн көчпөй ички жайытта калгандарга 1 баш бодо малга150 сомдон, 1 баш майда малга 30 сомдон негизги акынын үч эселенген көрсөткүчүндө жайыт акы алуу бекитилсин.
Жайыт акыны 1-октябрга чейин төлөбөгөндөр ар бир күнгө 5% тен айып пулун төлөө бекитилсин.

3. 2013-жылдын 20-июнуна чейин алыскы жайыттарга көчпөгөн малчыларга 15 000 (он беш миң) сомдон айып пулун өндүрүү бекитилсин.

4. Жайыт акыларын ар бир жайыт пайдалануучулардан туура, так эсептеп, өндүрүү жайыттар комитетинин торагасы С.Ибаковко тапшырылсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновко тапшырылсын.

Төрага: Т.Мамыров
_______________________________________________________________________________Жөнөтүлсүн: иш кагазга,  Жайыт комитетине.

 

Комментирование запрещено