Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын 20-июль 2017-жылдагы № 7/2 ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXVII чакырылышынын  кезексиз VII сессиясынын

ТОКТОМУ

20-июль  2017-жыл   № 7/2                                                                       Орто-Нура айылы

ЖЧК  «ТЭБ  ДЖОН» компаниясынын Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу «Эки Бала» участогунан  чачкын алтын кен боюнча геологиялык  чалгындоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндөгү катын кароо жөнүндө

              ЖЧК  «ТЭБ ДЖОН» компаниясы 2016-жылдын 30-майында «Эки-Бала»  чачынды  алтын кенин чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн кыргыз өкмөтүнө караштуу “ Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттиги” тарабынан лицензия алынган (4781 АР), анын максаты геологиялык чалгындоо иштери. Чачынды алтынды чалгындоо учурунда, баардык иш-чаралар мамлекеттик мыйзамдардын негизинде жүргүзүлөт. Жогорудагыларды угуп жана талкуулап,  Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин  VII  сессиясы токтом кылат:

  1. ЖЧК «ТЭБ ДЖОН» компаниясына:

— Чет-Нура айыл өкмөтүнүн каттоосуна отуруу менен;

— 40% жумуш орду менен жергиликтүү элди жумуш орду менен камсыз кылуу менен;

— 350 миң сом банктык гарантия менен (соц.пакет) ;

— Экологиялык эрежелерди сактоо менен чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксаат берилсин.

         2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.

 

Төрага:                                                                              Т.Сыдыкбеков

__________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга, айыл өкмөтүнө.

Комментирование запрещено