Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын 20-июль 2017-жылдагы № 7/3ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXVII чакырылышынын  кезексиз VII сессиясынын

ТОКТОМУ

20-июль  2017-жыл   № 7/3                                                                         Орто-Нура айылы

ЖЧК   «Либент» компаниясынын Орто-Нура айылынын өрдөшүнөн чачкын алтын кенине 248 га жерге геологиялык изилдөө жүргүзүүгө уруксаат сураган катын кароо жөнүндө

               ЖЧК   «Либент» компаниясы 2015-жылдын 27-октябрь айында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу геологиялык жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин (№4422 АР) лицензиясынын негизинде Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Нура айылынын  өрдөшүнөн чачкын алтын кенине 248га жерге геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө алган. Компаниянын  максаты геологиялык чалгындоо жүргүзүү. Чалгындоо мамлекеттик мыйзамдардын негизинде жүргүзүлөт. Жогорудагыларды угуп жана талкуулап,  Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин  VII  сессиясы токтом кылат:

  1. ЖЧК «Либент» компаниясына:

— Жергиликтүү элдин макулдугу менен “Либент” компаниясынын өкүлдөрү менен чогулуш өткөрүү менен геологиялык изилдөөгө уруксаат берилсин.

         2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.

 

Төрага:                                                                              Т.Сыдыкбеков

__________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга, айыл өкмөтүнө.

Комментирование запрещено