Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын 10-октябрь 2017-жылдагы №9/8 ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXVII чакырылышынын  кезектеги  IX сессиясынын

ТОКТОМУ

10-октябрь   2017-жыл   №9/8                                                                      Орто-Нура айылы

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезексиз  IV сессиясынын 13-март  2017-жылдагы №4/6 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

            Чет-Нура айыл аймагынын 2017-жылдагы бюджетте каралган акча каражатын бөлүштүрүү максатында Чет-Нура айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин бюджет жана этика  комиссиясынын, ФЭБнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын IХ сессиясы токтом кылат:

  1. Чет-Нура айылдык Кеңешинин  XXVII  чакырылышынын  кезексиз  IV сессиясынын 13-март  2017-жылдагы №4/6 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
  1. Токтомдо бекитилген 31113390 статьясында каналдардын капремонтуна каралган 200000 (эки жүз миң) сом жана  31112390 статьясында М.Байдоолотов атындагы орто мектебинин капремонтуна  каралган  54000 (элүү төрт миң) сом  акча каражаттары  3111 статьяга 151100 (бир жүз элүү бир миң бир жүз) сом Төш-Булак башталгыч мектебинин капиталдык ремонтуна 50000 (элүү миң) сом  Ак-Булуң башталгыч мектебинин капиталдык ремонтуна, 32900 (отуз эки миң тогуз жүз) сом Ак-Булуң айылдык клубунун курулушуна, 15000 (он беш миң) сом Гулназик бала бакчасынын көмүрканасын курууга жана 22141200 статьяга 5000 (беш миң) сом жылдырылып, бекитилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Ибраевага  тапшырылсын.

Төрага:                                                                                           Т.Сыдыкбеков

_____________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга, ФЭБнө

Комментирование запрещено