Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын 10-октябрь 2017-жылдагы №9/9 ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXVII чакырылышынын  кезектеги  IX сессиясынын

ТОКТОМУ

10-октябрь   2017-жыл   №9/9                                                                      Орто-Нура айылы

Чет-Нура айыл  аймагынын бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2018-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө

               Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын, айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап,  Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын IХ сессиясы токтом кылат:

  1. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылындагы М.Бекмуратов атындагы орто мектебине кошумча жаңы спорттук аянтча куруу боюнча үлүштүк грантка жазылган сметалык баасы 2 180 017 (эки миллион бир жүз сексен миң он жети) сомдук долбоор жактырылсын.
  1. Үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылана турган Ак-Кыя айылындагы М.Бекмуратов атындагы орто мектепке курула турган кичи футболдук аянтча боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 327003 (үч жүз жыйырма жети миң үч) сом каражаты, 2018-жылдын бюджетинен бөлүнүп берилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго  милдеттендирилсин.

Төрага:                                                                                           Т.Сыдыкбеков

_______________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга

Комментирование запрещено