Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясынын 25-январь 2018- жылдагы №11/5 ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXVII чакырылышынын  кезектеги ХI сессиясынын 

ТОКТОМУ

25-январь  2018- жыл  №11/5                                                              Орто — Нура айылы

Депутаттардын  Чет-Нура айылдык Кеңешинин иш

Регламентине өзгөртүү, толуктоо киргизүү

жөнүндө

           Чет-Нура айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик жана транспорт боюнча туруктуу комиссиянын сунушун угуп жана талкуулап,

            Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин  ХI  сессиясы токтом кылат:

  1. Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кенешинин иш Регламентинин 11-главасындагы 11.12 пунктундагы туруктуу комиссияларга

— Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш, архитектура, муниципалдык менчик, курулуш жана транспорт боюнча комиссиясы;

—  Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо,   айыл чарбасы жана экология, энергетика боюнча комиссиясы;

 — Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен  байланыш, депутаттык этика жана мандат, билим берүү жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча комиссиясы болуп өзгөртүү киргизилсин.

  1. 7-главанын 7.1 пунктунун акыркы абзацына- Ички буйруктарды чыгарат- деген сүйлөм кошулсун.
  2. Иш Регламентине ылайык иш алып баруу туруктуу комиссияларга тапшырылсын.

 

Төрага:                                                                                    Т.Сыдыкбеков

Жөнөтүлсүн: иш кагазга.

Комментирование запрещено