Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясынын
ТОКТОМУ
25-январь 2018- жыл №11/ 6 Орто — Нура айылы
Айыл өкмөтүнүн тургундарына атуулдук берүү жөнүндө
Чет-Нура айыл өкмөтүнүн тургундарына «Чет-Нура айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү Жобого ылайык:
Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин ХI сессиясы токтом кылат:
- — Нарын райондук балдар-уландар спорт мектебинин педагогикалык кеңешинин отурумунун 20-январь 2018-жылдагы №7 протоколунун негизинде, мектептин усулу Бошубеков Карыбекке Чет-Нура айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
— Мамбетакун Бекмуратов атындагы Ак-Кыя мектебинин профсоюз уюмунун чогулушунун 23-декабрь 2017-жылдагы токтомунун негизинде М.Бекмуратов орто мектебинин мугалими Абыкеев Аалыкадырга Чет-Нура айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.
— Чет-Нура айыл тургундарынын 11-январь 2017-жылдагы №1 токтомунун негизинде, Чет-Нура айылынын тургуну Таабалдиев Асанкадырга Чет-Нура айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамы;
— Чет-Нура айылынын тургундарынын 18-январь 2018-жылдагы №2 токтомунун негизинде, Чет-Нура айыл өкмөтүнүн айыл башчысы Мамыров Токтаалы Абдылдаевичке Чет-Нура айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамы;
— Орто-Нура айылынын тургундарынын 11-январь 2018-жылдагы №1 протоколунун негизинде, Орто-Нура айылынын тургундары Карыбекова Рахия жана Кыдыралиев Күмөнбектерге Чет-Нура айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамдары берилсин.
- Чет-Нура айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» деген сертификат күбөлүктөрүн жазатып, 21-март Нооруз майрамында тапшыруу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.
Төрага: Т.Сыдыкбеков
Жөнөтүлсүн: иш кагазга,