Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XV сессиясынын 24-декабрь 2018-жылдагы №15/4 ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXVII чакырылышынын  кезексиз  XV сессиясынын

ТОКТОМУ

24-декабрь   2018-жыл   №15/4                                                                     Орто-Нура айылы

Чет-Нура айыл  аймагынын бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2019-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын, айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап,  Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын IХ сессиясы токтом кылат:

  1. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ийри-Суу айылындагы М.Байдөлөтов атындагы орто мектебине кошумча жаңы спорттук аянтча куруу боюнча үлүштүк грантка жазылган сметалык баасы 2 213 740 (эки миллион эки жүз он үч миң жети жүз кырк) сомдук долбоор жактырылсын.
  1. Үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылана турган Ийри-Суу айылындагы М.Байдөлөтов атындагы орто мектепке курула турган кичи футболдук аянтча боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 332061 (үч жүз отуз эки миң алтымыш бир) сом каражаты, 2019-жылдын бюджетинен бөлүнүп берилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго  милдеттендирилсин.

Төрага:                                                                                           Т.Сыдыкбеков

_______________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга

 

 

 

Комментирование запрещено