Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVII чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын
ТОКТОМУ
24-декабрь 2018-жыл № 15/6 Орто-Нура айылы
ОсОО «Теңир-Тоо Кең Ресурстун» 4-декабрь 2018-жылда
№23 катын кароо жөнүндө
ОсОО Теңир-Тоо Кең Ресурсунун лицензиясы 138216-3301-ООО 28776498 00307201410128 жана «Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу» мамлекеттик мекемеси «Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту мамлекеттик ишканасынын каттарынын негизинде,
Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XV сессиясы токтом кылат:
- ОсОО «Теңир-Тоо Кең Ресурсуна» Орук-Там айылына караштуу Жолжакшы участкасынан молибден кенин изилдөө жүргүзүү үчүн макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.
Төрага: Т.Сыдыкбеков