Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVII чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын
ТОКТОМУ
24-декабрь 2018-жыл №15/11 Орто-Нура айылы
Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын 10 — октябрь 2018-жылдагы №14/5 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын 10-октябрь 2018-жылдагы №14/5 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Чет-Нура айыл аймактык бюджет жана этика комиссиясынын, ФЭБнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап,
Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XV сессиясы токтом кылат:
- Чет-Нура айылдык Кеңешинин 14/5 токтомунда көрсөтүлгөн жыл башынан
калган акча каражатын чыгымдоо боюнча «Бактыгул-Чабалдай» СООППВсынын капиталдык ремонтуна каралган 31113390 чыгымдоо статьясынын 43900сом айыл өкмөтүнүн 22154900 статьясына жылдырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Ибраевага тапшырылсын.
Төрага: Т.Сыдыкбеков