Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясынын 13-март 2019-жылдагы №17/17 ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXVII чакырылышынын  кезектеги  XVII  сессиясынын

ТОКТОМУ

13-март  2019-жыл   №17/17                                                      Орто-Нура айылы

“КТК жыйноо жана чогултуу боюнча кызмат көрсөтүүнүн баасын

 эсептөө тартиби жөнүндө”  Жобосун бекитүү  жөнүндө

   Муниципалдык     кызматтарды      көрсөтүү       боюнча       маалыматтын

ачыктыгын     жана     жалпыга      жеткиликтүүлүгүн     арттыруу,     жарандарга

жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды  көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу         максатында,       «Жергиликтүү      өз      алдынча        башкаруу

жөнүндө»      КР      мыйзамынын,       «Мамлекеттик      жана       муниципалдык

кызматтар жөнүндө» КР мыйзамынын, КР Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде,

Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XVII  сессиясы

 токтом кылат:

  1. КТК жыйноо жана чогултуу боюнча кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө тартиби жөнүндө” Жобосу бекитилсин (тиркеме тиркелет).
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.

Төрага:                                                                                                Т.Сыдыкбеков

Чет-Нура айылдык Кеңешинин

2019-ж. 13-мартындагы №17/17

токтому менен бекитилди

КТК жыйноо жана чогултуу боюнча кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө тартиби жөнүндө Жобо

  1. Ушул Жобо айылдык аймактын чегинде катуу тиричилик калдыктарын жыйноо, чыгаруу жана жайгаштыруу үчүн тарифти эсептөөнүн тартибин аныктайт.
  2. Тарифти эсептөө калдыктардын топтолуу (пайда болуу) нормативдерине, рентабелдүүлүктүн жеткен деңгээлин эсепке алуу менен адистештирилген уюмдун иш жүзүндөгү чыгымдарына жараша жүзөгө ашырылат.
  3. Тарифти жергиликтүү кеңеш бекитет жана ал менчиктин бардык формасындагы кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөр үчүн бирдиктүү болуп эсептелинет.
  4. КТК жыйноо, чыгаруу жана жайгаштыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер экономикалык жактан негизделген чыгымдарга (иш жүзүндөгү жана/же пландуу), ар бир субүект үчүн жекече аныкталган пайданын көлөмүнө жараша тармактын өзгөчөлүктөрүн жана салык мыйзамдарында каралган салыктарды эсепке алуу менен түзүлөт.
  5. Тарифти бекитүүдө жергиликтүү кеңештин атынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы КТК чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүгө экономикалык жактан негизделген чыгымдардын ордун толтурууну камсыздап берет.
  6. Баа түзүү системасы кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчү экономикалык жактан негизделген пайданы алуусун камсыздайт.
  7. КТК чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө баа (тариф) төмөнкүдөй формула боюнча эсептелинет:

Т ө Н Ө Р Ө С, мында:

Т – КТК чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө тариф

Н – кызмат көрсөтүүнүн өздүк наркы

Р – рентабелдүүлүк деңгээли боюнча кошумча нарк

С – салыктар

  1. Кызмат көрсөтүүнүн өздүк наркын эсептөөдө буга чейинки отчеттук мезгилдеги чыгымдар жөнүндө иш жүзүндөгү маалыматтар, ишкананын техникалык-экономикалык жана финансылык көрсөткүчтөрү, уюмдун өндүрүш программасы жана финансылык планы колдонулат.

 

  1. КТК жыйноо жана чыгаруу боюнча жумуштардын өздүк наркы 1-таблицада көрсөтүлгөн чыгымдардан түзүлөт.

1-таблица. КТК жыйноо жана чыгаруу боюнча жумуштардын өздүк наркы.

Чыгымдардын курамы
1 Чийки зат жана материалдар (Чийки заттын наркы)
2 Айдоочулардын жана жүк ташуучу өндүрүштүк персоналынын социалдык камсыздандырууга чегерүүлөрүн кошкондо эмгек акы фонду (ЭАФ) (ЭАФнын наркы)
3 Атайын автомобилдер үчүн отунга кеткен чыгымдар (Отундун наркы);
4 Майлоочу жана башка эксплуатациялык материалдарга кеткен чыгымдар (Майлоочу м. наркы);
5 Атайын транспорттун ремонтуна жана техникалык тейлөөсүнө кеткен чыгымдар (РТТ наркы);
6 Амортизациялык чегерүүлөр (А.наркы);
7 Административдик чыгашалар (Адм. наркы);
8 Жалпы чарбалык чыгашалар (ЖЧ. наркы).

 

  1. Материалдык чыгымдар материалдардын чыгаша нормаларына жараша эсептелинет. Алар төмөнкүдөй негиздер боюнча белгиленет:

— кызмат көрсөтүүнүн бул түрү боюнча аныкталган технологиялык процесс боюнча чыгашалардын нормалары – эгерде нормативдер болбосо, анда чыгашалар хронометраждык изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча бекитилет[1].

  1. Социалдык камсыздандырууга чегерүүлөр менен айдоочулардын жана жүк ташуучулардын ЭАФны эсептөө төмөнкү формула боюнча жүзөгө ашат:

ЭАФ наркы ө ∑ (ЭА наркы.р.i*N*n*) СоцК, мында:

ЭАФ наркы – айдоочулар жана жүк ташуучулар өндүрүштүк персоналынын ЭАФ

ЭА наркы.р.i – негизги өндүрүштө i-кесиби боюнча иштеген жумушчулардын эмгек акысы;

N – i-кесиби боюнча иштегендердин саны;

n – отчеттук мезгилде айлардын саны;

СоцК – социалдык камсыздандыруу коэффициенти, ал төмөнкү формула боюнча эсептелинет:

СоцК ө 1Ө С/100, мында

С – социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдар менен белгиленген социалдык камсыздандырууга чегерүүлөрдүн %.

  1. Ишкананын негизги жумушчуларынын жана калган кызматкерлеринин эмгек акысын түзүү тартибин кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүнүн же анын уюмдаштыруучусунун атынан жумуш берүүчү аныктайт. Уюмдаштыруучу катары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы чыккан кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчү үчүн эмгек акыны түзүү тартибин ишкананын социалдык өнөктөштүк органы жөнгө салат.
  2. Эмгек акыны эсептөө усулу коммуналдык чөйрөдөгү негизги кызматкерлердин тийиштүү тобу үчүн Улуттук статистика комитетинин маалыматтарынын негизинде эсептелинет.
  3. Атайын автомобиль үчүн отунга чыгым (Отундун Н) төмөнкү формула боюнча эсептелинет:

ОтундунН ө ОтундунЧ*ОтундунБ, мында:

ОтундунЧ – отундун чыгымы, литр менен;

ОтундунБ – отундун бир литринин баасы, сом/л.

Отундун чыгашасы КТК чыгаруу боюнча жумушка кеткен отундун чыгашасынын жана кошумча акыны эсепке алуу менен отундун кошумча чыгашасынын суммасы катары аныкталат:

ОтунЧ ө Чкм Ө КошумчаЧ, мында:

Чкм – КТК чыгаруу боюнча жумуштарга кеткен отундун чыгашасы (л) атайын автомобилдер үчүн отундун чыгашасынын бекитилген жеке нормаларынын негизинде аныкталат. Ал эми алар болбогон учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2015-жылдын 30-декабрындагы №366 “Автомобиль транспортунда отунду жана майлоочу майларды чыгымдоонун линиялык ченемдерин колдонуу боюнча эрежелер жана аларды эсептөө методикасы” Буйругунун негизинде аныкталат.

 

Чкмө Hкм х Lжалпы/100, мында:

 

Hкм – атайын машинанын 100 км жүрүүгө кеткен отундун чыгаша нормасы, ал автомобилдин техникалык маалыматтары боюнча аныкталат,

Lжалпы – отчеттук мезгил үчүн атайын машинанын жалпы жүрүү узундугу, км менен;

100 – Нкм отун чыгашасынын нормасы эсептелинген аралык.

 

КошумчаЧ – кошумча акыны эсепке алуу менен отундун кошумча чыгашасы (л), төмөнкү формула боюнча эсептелинет:

КошумчаЧ ө ∑ (Чкм* 0,01 х Di), мында:

Di – кошумча акы же Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2015-жылдын 30-декабрындагы №366 “Автомобиль транспортунда отунду жана майлоочу майларды чыгымдоонун линиялык ченемдерин колдонуу боюнча эрежелер жана аларды эсептөө методикасы” Буйругунун негизинде аныкталган нормага азайышы (%).

  1. Майлоочу жана башка эксплуатациялык материалдарга чыгымдар атайын автомобиль үчүн белгиленген материалдын ар бир түрү боюнча нормативдик чыгашалардын негизинде аныкталат. Зарыл болгон материалдардын тизмеги жана чыгашалардын нормалары техникалык паспорттун негизинде атайын автомобилдин техникалык маалыматтарына жараша аныкталат. Майлоочу материалдардын чыгашасы отундун литр менен эсептелинген чыгашаларына жараша килограмм менен нормалары боюнча белгиленет.

Майлоочу материалдарга чыгымдар төмөнкү формула боюнча аныкталат:

МайлоочуБ ө (ОтунЧ * МайлоочуН * ӨткөрмөК) * МайлоочуМатБ, мында:

ОтунЧ – кошумча акыны эсепке алганда негизги отундун чыгашасы, литр менен;

МайлоочуН – майлоочу материалдардын чыгашасынын нормасы, кг/л, л/л;

ӨткөрмөК – көлөмдүк көрсөткүчтөрдү салмактык көрсөткүчкө өткөрмө коэффициенти, зарыл болгондо колдонулат;

МайлоочуМатБ – майлоочу материалдардын көлөмүнүн (салмагынын) бирдигинин чекене баасы, сом/кг, сом/л.

  1. Атайын автомобилдин ремонтуна жана техникалык тейлөөсүнө кеткен чыгымдар төмөнкү формула боюнча аныкталат:

РТТн ө ЭАФнӨТнӨМн, мында:

ЭАФн – ремонт жасаган жумушчулардын эмгек акы фонду, сом менен (ушул бөлүмдүн 2-пунктунда көрсөтүлгөндөй аныкталат);

Тн – атайын транспорт үчүн тетиктерге кеткен чыгымдар, сом менен;

Мн – материалдарга кеткен чыгымдар, сом менен.

Тн жана Мн атайын транспорттун жүрүүгө кеткен 1000 километрине техникалык тейлөөнүн жана ремонттун бардык түрлөрү боюнча жумуштардын бардык түрлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн тетиктер жана материалдар боюнча чыгымдардын колдонуудагы нормативдери боюнча аныкталат:

Тбаасы ө (Тн / 1000) * Lжалпы, мында:

Lжалпы – отчеттук мезгилде атайын автомобилдердин жүрүүсүнүн жалпы узундугу, км менен;

Тн – атайын автомобилдин 1000 километрге жүрүүсүнө кошумча тетиктер боюнча чыгымдардын нормативи, сом/1000 км, техникалык паспортко ылайык, автомобилге мезгилдүү техникалык текшерүү жүргүзүү боюнча талаптардын негизинде аныкталат. Кошумча тетиктерге жана материалдарга чыгашаларды уюмдун жетекчиси же уюмдаштыруучу белгилеген белгилүү мезгил үчүн иш жүзүндөгү чыгымдар боюнча орточо маалыматтардын негизинде аныктоого уруксат берилет.

1000 – жүрүү аралыгы, ал үчүн Тн нормативи аныкталган.

Ушундай эле жол менен МайлоочуМатБ эсептелинет.

 

  1. Негизги каражаттардын амортизациясы алардын пайдалуу кызматы аяктаган мөөнөткө чейин системалуу негизде чегерилип турат. Амортизацияны эсептөө усулу болуп, аны бирдей чегерүү эсептелинет (баасы / кызмат өтөө мөөнөтү ө жылына амортизациянын суммасы). Пайдалуу кызмат өтөө мөөнөтүн техниканын жана жабдуунун техникалык паспортундагы маалыматтардын негизинде, ошондой эле мүлк ээси же бул мүлктү колдонуучу аныктаган пайдалуу колдонуунун күтүлгөн мөөнөтүнө ылайык чарба жүргүзүүчү субүект өзү аныктайт. Пайдалуу кызмат өтөө мөөнөтү – бул убакыт мезгили, анын аралыгында чарба жүргүзүүчү субүект тийиштүү активди колдонууну пландайт. Чарба жүргүзүүчү субүект негизги каражаттардын амортизациясын салык мыйзамдарына ылайык чегерсе болот.

 

  1. Амортизациянын нормасы төмөнкү формула боюнча эсептелинет:

Наi ө (Саi / Бсi)*100%, мында

Hoi — i обүектиси боюнча чегерүүлөрдүн нормасы, %, ал мүлк ээси аныктаган пайдалуу колдонуу мөөнөтүнө жараша кабыл алынат.

Саi – жылына i обүектисинин амортизациясынын суммасы (сом менен)

Бсi — i обүектисинин баланстык наркы (сом менен)

i обүектисинин жылдык амортизация суммасы (%) төмөнкү формула боюнча эсептелинет:

Саi ө С об. / Sп.д., мында

С об – сатып алынган обүекттин (мүлктүн) баасы (сом менен)

Sп.д. – амортизациянын пайдалуу мөөнөтү, аны мүлктүн колдонуучусу же ээси белгилейт (жылдар менен)

Кызмат көрсөтүүнүн өздүк наркына аны өндүрүү үчүн колдонулган бардык амортизацияланган обүекттердин (мүлктүн) суммасы кошулат:

Саө СУММА (Бci х Hoi), мында:

Са – продукциянын (кызмат көрсөтүүнүн) өздүк наркына кошуу үчүн амортизациянын суммасы

Бci — i обүекттин баланстык баасы (сом менен);

Hoi – амортизациянын нормасы, ал төмөнкү формула боюнча эсептелинет:

Нoi ө (Cai /Соб)*100

Азайган калдык усулун колдонуу менен, ишкана амортизацияны чегерүүнү жүргүзөт.

  1. Административдик чыгашалардын курамына төмөнкүдөй чыгымдар кирет:
  2. Социалдык камсыздандырууга чегерүүлөр менен, башкаруучулук жана жалпы чарбалык персоналга кирген кызматкерлердин эмгек акысын төлөө.

Мамлекеттик бюджеттен каржыланган, башкаруучулук функцияларды аткарган ишканалардын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин эмгек акысы уюмдаштыруучу тарабынан аныкталат жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 163-беренеси менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 26-июлундагы №407 “Мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарда ишкана жетекчисине, анын орун басарларына жана башкы бухгалтерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” Жобо менен жөнгө салынат.

  1. Башкаруучу функцияларды аткарган жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган ишкананын жетекчисинин жана кызматкерлеринин иш сапарына кеткен чыгашалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө” токтомунун негизинде аныкталат.
  2. Почта, телефон жана байланыштын башка чыгашалары жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жеткирүүчү уюмдар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде аныкталат.
  3. Административдик кеңсени күтүү боюнча чыгашалар: кеңсе, идиш жуучу каражаттар, техникалык коопсуздук каражаттары жана башка ушул өңдүү чыгашалар өткөн мезгилдеги иш жүзүндөгү керектөөлөргө же иш жүзүндөгү чыгашаларга жараша аныкталат.
  4. Кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо үчүн акы. Каржылоо ишкананын өзүнүн кадрларын даярдоо планынын негизинде аныкталат.
  5. Эгерде ишканада административдик персонал ишмердүүлүктүн ар кандай түрлөрүн башкарууну камсыздаса, анда конкреттүү кызмат көрсөтүүнүн өздүк наркына ишкананын бардык чыгашаларына салыштырма катышында административдик чыгашалар кошулат. Салыштырма салмак төмөнкү формула боюнча эсептелинет:

ЧссөАдмЧ/С*100, мында

Чсс – чыгымдардын салыштырма салмагы, % менен,

АдмЧ – административдик чыгашалар боюнча чыгымдар, сом менен,

С – ишкананын (кызмат көрсөтүүнүн) бардык чыгымдарынын суммасы.

  1. Жалпы чарбалык чыгашалардын курамын төмөнкүлөр кирет:

 

— көмөкчү жумуштар үчүн материалдар жана чийки зат,

— негизги өндүрүштүн ишин камсыздаган персоналды күтүү,

— кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүлөр менен түзүлгөн келишимдердин негизинде эсептелинген коммуналдык чыгашалар.

 

  1. Пландалган пайда (Р) – бул жергиликтүү ченемдик укуктук документтер менен белгиленген эсептик көрсөткүч. Пландалган пайда рентабелдүүлүктүн белгиленген деңгээли боюнча бардык чыгымдардан үлүш катары эсептелинет.

 

  1. Пландалган пайданы төмөнкү формула боюнча эсептөөгө уруксат берилет:

Р ө V – Соб, мында

Р – пландалган пайда

V – кызмат көрсөтүүдөн ишкананын пландалган жылдык түшкөн кирешеси, сом менен

Соб – ишкананын кызмат көрсөтүүнү өңдүрүүгө кеткен чыгымдары.

  1. Салыктардын тизмеги жана ставкалары салык мыйзамдарына ылайык белгиленет.

 

  1. КТК жыйноо жана чыгаруу тарифинин баасын айыл өкмөтүнүн атынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы эсептейт.

 

  1. Тарифти бекитүү жөнүндө чечимди жергиликтүү кеңеш кабыл алат.

—————————————————————————————————————-

[1] Хронометраждык изилдөө жүргүзүү тартиби 1-тиркемеде берилген.

Комментирование запрещено