Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясынын 13-март 2019-жылдагы №17/18 ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXVII чакырылышынын  кезектеги  XVII  сессиясынын

ТОКТОМУ

13-март  2019-жыл   №17/18                                                      Орто-Нура айылы

Муниципалдык менчик обьекттерин башкаруу тартиби жөнүндө Жобону бекитүү  жөнүндө

   Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун карамагында, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган муниципалдык  менчик обьектерин башкаруу максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык,

Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XVII  сессиясы  токтом кылат:

  1. Муниципалдык менчик обьекттерин башкаруу тартиби жөнүндө Жобосу бекитилсин (тиркеме тиркелет).
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.

Төрага:                                                                                                Т.Сыдыкбеков

Чет-Нура  айыл аймагынын

                     айылдык Кеңешинин

2019-жылдын 13-мартындагы

  №17/18 токтому менен бекитилди

 

Муниципалдык менчик обүекттерин башкаруу тартиби жөнүндө

ЖОБО

1. Жалпы жоболор

  1. Муниципалдык менчик обүекттерин башкаруу тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана муниципалдык менчикте турган обүекттерге (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк) менчик/ижара укугун берүү аркылуу муниципалдык менчикти башкаруу тартибин жана шарттарын белгилейт.

2. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр

  1. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр:

ижара – муниципалдык менчик обүектин белгилүү бир акыга же акысыз түрдө белгилүү бир мезгилге колдонуу укугу менен ал обүектти ижарага берүүчүнүн (айыл өкмөтү) ижарачыга бериши;

аукцион – эң жогорку бааны сунуштаган адам жеңүүчү деп эсептелген тооруктардын формасы;

кепилдик төлөмү  – жер участогуна укук алуу максатында тооруктарга катышууну каалаган талапкер тарабынан киргизилүүчү акчалай сумма;

шаар куруу регламенти – шаар куруу ишин жүргүзүүдө шаар куруу документтери, куруу жана жер пайдалануу эрежелери менен белгиленген айылдагы калктуу жерлерде жер участокторун жана башка кыймылсыз мүлк обүекттерин уруксат берилген колдонуунун параметрлеринин жана түрлөрүнүн жыйындысы;

шаар куруу документи – райондук пландаштыруу долбоорлорунун документтери, башкы пландар, деталдуу пландаштыруунун, чек салуунун, кварталдарды, шаар куруу түйүндөрүн куруунун калктуу конуштардын пландуу түзүмүнүн башка элементтеринин долбоорлору;

сары сызыктар – уратуучу жер титиретүүлөрдүн, башка жаратылыш же техногендик кырсыктардын кесепетинде имараттардын (курулмалардын, куруулардын) ширендилеринин (уроолордун) мүмкүн болгон жайылуусунун максималдуу жол берилген зоналарынын чектери. Сары  сызыктар, эреже катары, имараттар менен курулмалардын ортосундагы ажырылган жерлерди жөнгө салуу үчүн колдонулат.

конкурс – катышуучулардан тооруктардын предметине карата ижарага берүүчү тарабынан белгиленген шарттарды аткаруусу талап кылынган тооруктардын формасы;

кызыл  сызыктар – көчөлөрдүн жана жолдордун кеңдигин аныктоочу жана көчөлөр менен жолдорду пландуу түзүмдүн башка элементтеринен бөлүп туруучу чек болуп саналган  сызыктар;

лот – менчик укукка ээ болуу тооруктарда коюлган муниципалдык менчиктин конкреттүү обүекти;

ак ниетсиз атаандаштык — Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна, иштиктүү жүгүртүү салттарына, ак ниеттүүлүктүн, акылга сыярлыктын жана адилеттүүлүктүн талаптарына карама-каршы келип, ушундай иш-аракеттер жыйынтык берген субүекттердин артыкчылыктарды алууга багытталган төмөнкүдөй ар кандай иш-аракеттери:

— тооруктардын катышуучуларынын өз ара жашырын көмүскө бүтүмү;

— коррупция;

— тооруктарда бааны жасалма түрдө жогорулатуу, төмөндөтүү же кармап туруу;

— тооруктарга жетүүнү чектөө же потенциалдуу атаандаштарды жок кылуу жана башка ак ниетсиз иш-аракеттер;

көз карандысыз баа берүүчү – кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк обүекттерине баа берүү боюнча кесиптик билими жөнүндө тиешелүү сертификаты бар адам;

муниципалдык менчик обүекти – кыймылдуу же кыймылсыз мүлк, ага менчик укугуна жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ээ;

түздөн-түз сүйлөшүүлөр – тооруктарды өткөрбөстөн, түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу муниципалдык менчик обүекттерине колдонуу (ижара) укугун жеке жана юридикалык жактарга (арыз ээлерине) берүү ыкмасы;

менчик укугу – мыйзам актылары менен таанылган жана корголуучу, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде белгиленген чектөөлөр менен өздөрүнө таандык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк обүекттерин жеке жана юридикалык жактардын өздөрүнүн ыктыяры боюнча ээлөөгө, колдонууга жана тескөөгө укугу;

жер участогун уруксат берилген колдонуу – жер участогун калктуу конуштардын шаар куруу документтери менен белгиленген шаар куруу регламенттерине жана жер пайдалануу жана куруу эрежелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген чектөөлөргө, ошондой эле сервитуттарга ылайык колдонуу;

тоорук обүектисинин баштапкы баасы – тооруктарда сатуу үчүн сунушталган муниципалдык менчик обүектисинин алгачкы баасы;

обүекттин баалануучу наркы – көз карандысыз баа берүүчүлөр тарабынан аныкталган муниципалдык менчик обүектисинин баасы;

тооруктар – муниципалдык менчикте турган обүекттерге менчик же ижара укугун белгиленген шарттарга ылайык эң мыкты сунуш берген жакка берүү ыкмасы. Тооруктар аукцион же конкурс түрүндө өткөрүлөт;

обүекттин максаттуу  пайдалануу – муниципалдык менчик обүекттерин обүектке укукту күбөлөндүрүүчү документтерде, келишимде же укук белгилөөчү документтерде же тендердик документтерде көрсөтүлгөн максаттарда колдонуу.

3. Тооруктарды/түздөн-түз сүйлөшүүлөрдү уюштуруучулар, катышуучулар жана анын предмети

  1. Муниципалдык менчик обүекттерине укук берүү боюнча тооруктарды уюштуруучу болуп айыл өкмөтү саналат.
  2. Муниципалдык менчик обүекттерине укуктарды берүү процессин ишке ашыруу үчүн ушул Жобого ылайык Муниципалдык менчик обүекттерине укук берүү боюнча комиссия (мындан ары – Комиссия) түзүлөт.

Комиссиянын курамына айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин, коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү киргизилет. Комиссиянын курамы айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен бекитилет.

  1. Комиссия төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:

— муниципалдык менчик обүекттерине менчик же ижара укугун берүү мүмкүндүгү жөнүндө чечим кабыл алат;

— муниципалдык менчик обүекттерине укуктун түрүн (менчик, ижара), аны берүү ыкмасын (аукцион, конкурс, түздөн-түз сүйлөшүүлөр); аукциондук кадамдын өлчөмүн (аукцион өткөрүлгөн учурда) же конкурстун шарттарын (конкурс өткөрүлгөн учурда) аныктайт;

— тооруктарга коюлуучу обүекттеринин баштапкы баасынын өлчөмүн белгилейт;

— тооруктардын жыйынтыктарын аныктайт;

— ушул Жободо каралган компетенциянын чегинде муниципалдык менчик обүекттерине укук берүү менен байланышкан башка маселелерди карайт.

Комиссиянын чечимдери Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин кворуму болгондо, жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болгон учурда Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат. Комиссиянын протоколуна Комиссиянын жыйналышына катышкан төрага жана Комиссиянын мүчөлөрү, ал эми ушул Жободо каралган учурларда, — ошондой эле тооруктардын жеңүүчүсү кол коёт.

  1. Тооруктардын жана түздөн-түз сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары болуп жеке жана юридикалык жактар чыгат.
  2. Тооруктардын предмети болуп муниципалдык менчик обүектин сатып алуу-сатуу же мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу (ижаралоо) келишимин түзүүгө укук, ал эми түздөн-түз сүйлөшүүлөрдүн предмети болуп тооруктарды өткөрбөстөн муниципалдык менчик обүекттерине мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу келишимин түзүүгө укук саналат.

4. Тооруктар же түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу укук берүү үчүн муниципалдык менчик обүекттери боюнча лот түзүүнүн тартиби

  1. Муниципалдык менчик обүекттерин ижарага же менчикке берүүдө төмөнкүдөй маалыматтык пакет даярдалат:

— каттоочу органдын үчүнчү жактардын кыймылдуу же кыймылсыз мүлктөрдүн обүектине укуктарынын жоктугу тууралуу маалымдамасы;

— муниципалдык менчик обүектисинин техникалык спецификациясы;

— уруксат берилген (максаттуу) пайдалануунун түрлөрү;

— жайлар үчүн, инженердик коммуникациялардын бар же жок экендиги, максималдуу уруксат берилген кубаттуулук, инженердик коммуникацияларга кошулуу мөөнөттөрү жана наркы тууралуу маалыматтар, ошондой эле инженердик коммуникациялар жок болгон учурда – ушул райондо инженердик коммуникацияларды пландаштырып өнүктүрүү, пландаштырылуучу инженердик коммуникациялардын мүмкүн болгон кубаттуулугу, аларга кошулуу мөөнөттөрү жана наркы тууралуу маалыматтар;

— муниципалдык менчик обүектисинин баалануучу же баланстык наркы;

— муниципалдык менчик обүекттери боюнча орточо айлык амортизациялык чегерүүлөрүнүн эсеби;

— жергиликтүү салыктар (жер салыгы, мүлккө салык) боюнча эсеп;

— муниципалдык менчик обүектисин сатуунун баштапкы наркы (көз карандысыз баа берүүчүнүн корутундусу);

— ижара акысынын баштапкы коюмунун эсеби.

5. Арыздарды берүү жана кароо тартиби

  1. Тооруктар аркылуу муниципалдык менчик обүекттерине укук алууга талаптанган жеке жана юридикалык жактар айыл өкмөтүнө арыз менен кайрылат.
  2. Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

— арыз ээси тууралуу маалымат (аты-жөнү, жашаган жери, жарандыгы);

— муниципалдык менчик обүекттерине сурап жаткан укуктун түрү (менчик же убактылуу пайдалануу укугу);

— муниципалдык менчик обүектисинин аталышы;

— инвестициялык-куруу ниетинин баяндалышы, обүекттин аянты, жайгашкан жери; конкреттүү жер участогу же жай жөнүндө маалымат жок болсо арыз ээси алгылыктуу жайгашкан жерди көрсөтөт.

  1. Айыл өкмөтү арызды кабыл алгандыгы тууралуу ырастоону арыз ээсине берет.
  2. Суралып жаткан жер участоктору жана жер участогу бар кыймылсыз мүлк обүекттери үчүн айыл өкмөтү арыз түшкөн күндөн тартып 3 күндүк мөөнөттө аймактык архитектура жана курулуш органына жер участогун түзүү боюнча тиешелүү тапшырма жөнөтөт.

Айыл өкмөтүнүн тапшырмасында инвестициялык-куруу ниетинин баяндалышы, участоктун болжолдуу аянты жана анын жайгашкан жери каралат.

  1. Мурда мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер участогунда имараттар жана курулмалар, анын ичинде ушул жактарга таандык курулушу аяктабаган обүекттер жайгашып, ошондой эле укук берилип жаткан жер участогу буга чейин түзүлгөн учурда жер участогун экинчи ирет түзүү талап кылынбайт.
  2. Аймактык архитектура жана курулуш органы суралып жаткан жер участогу боюнча билдирилген куруу ниетинин шаар куруу документтерине жана куруу жана жер пайдалануу эрежелерине шайкеш келишин белгилейт.

Билдирилген ниеттердин шайкеш келбестигин белгилөөдө аймактык архитектура органы айыл өкмөтүнө суралып жаткан жер участогу боюнча билдирилген куруу ниетинин шаар куруу документтерине жана куруу жана жер пайдалануу эрежелерине шайкеш келбестиги тууралуу корутунду жөнөтөт.

  1. Суралып жаткан жер участогу боюнча билдирилген куруу ниетинин шаар куруу документтерине шайкеш келүүсүн белгилөөдө аймактык архитектура жана курулуш органы 1:500 масштабында топографиялык негизде аткарылган жер участогунун схемасын даярдайт, ага төмөнкүлөр түшүрүлөт:

— бурч чекиттеринин координаттарын көрсөтүп же участоктун чектерин кыймылсыз мүлктүн учурдагы обүекттерине же геодезиялык белгилерге байлоо менен жер участогунун чек аралары;

— жер участогу боюнча өтүүчү инженердик-техникалык тармактардын учурдагы трассалары.

  1. Жер участокторун түзүү боюнча иштердин стадиясында аймактык архитектура жана курулуш органы тарабынан инженердик-техникалык коммуникацияларга кошулуунун алдын ала техникалык шарттарын аныктоо максатында, ошондой эле башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан тиешелүү корутундуларды жана башка зарыл документтерди алуу максатында инженердик-техникалык кызматтар менен өз ара аракеттенүү камсыз кылынат.
  2. Архитектура жана курулуш органы корутунду берет, анда куруу мүмкүндүгү жөнүндө маалыматтар жана мыйзамда каралган учурларда – тиешелүү мыйзамды сактоо боюнча шарттар, чектөөлөр жана талаптар көрсөтүлөт.

Инженердик тармактарга кошулуу мүмкүндүгүнүн жоктугу тооруктардын катышуучусу же жер участогун түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу алып жаткан адам бул тууралуу маалымдар болгон шартта жер участогуна укук берүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

  1. Лоттун обүектисинин документтерин даярдоо менен байланышкан чыгымдар (архитектура органдарынын, Мамкаттоонун жана көз карандысыз баа берүүчүнүн корутундулары) тооруктар же түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу сатылып жаткан обүекттин наркына кошулат.
  2. Жер участогу менчикке берилип жаткан учурда, жер участогуна менчик укугу менен катар менчик ээсине кыймылсыз мүлктүн башка обүекттерине, анын ичинде берилген жер участогунда жайгашкан тигилген бак-дарактарга да менчик укугу берилет. Бул учурда тигилген бак-дарактарды, курулмаларды жана курулуп бүтө элек жер участогун пайдалануу шарттарын менчик ээси өзү аныктайт, ал эми ижара төлөмү жер участогу жана курулмалар үчүн өз-өзүнчө эсептелет.
  3. Аймактык архитектура жана курулуш органы алынган материалдардын негизинде 2 нускада Жер участогунун планын даярдайт.

Жер участогунун планы өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

а) 1:500 масштабында топографиялык негизде аткарылган жер участогунун схемасы түрүндө графикалык материал, ага төмөнкүлөр түшүрүлөт:

— бурч чекиттеринин координаттарын көрсөтүп же участоктун чектерин кыймылсыз мүлктүн учурдагы обүекттерине же геодезиялык белгилерге байлоо менен жер участогунун чек аралары;

— жер участогу боюнча өтүүчү инженердик-техникалык тармактардын учурдагы трассалары;

— инженердик-техникалык тармактардын өтүүсүнүн долбоордук трассалары жана аларга кошулуу чекиттери, ошондой эле куруу зоналарына туш келген инженердик коммуникацияларды чыгаруу трассалары;

— куруу линиялары, кызыл, сары линиялар;

— суу коргоо зоналарынын, санитардык-коргоо зоналарынын чек аралары;

— участокко баруу жолдорун уюштуруу;

— санын көрсөтүү менен (талап кылынса) унаа коюу жерлеринин мүмкүн болгон жайгашуусу.

б) Төмөнкүлөрдү караган текст материалы: жер участогунун параметрлерин (мүнөздөмөсүн), анын ичинде кооптуу инженердик-геологиялык жана техногендик көрүнүштөрдүн болушу жана жер титирөөгө туруктуулук тууралуу маалыматтар, суралып жаткан жер участогу боюнча билдирилген куруу ниетинин шаар куруу документтерине жана Куруу жана жер пайдалануу эрежелерине шайкеш келүүсү тууралуу маалыматтар, ошондой эле жер участокторун уруксат берилген колдонуунун түрлөрү жана параметрлери боюнча негизги жана кошумча шаар куруу регламенттери.

  1. Негизги шаар куруу регламенттери төмөнкүлөрдү карайт:

— уруксат берилген пайдалануунун түрлөрү;

— курулмалардын жер участокторунун чектеринен минималдуу чыгуусу;

— курулмалардын чектик (максималдуу жана/же минималдуу) кабаттуулугу (бийиктиги);

— участоктун максималдуу мүмкүн болгон аянты жана куруу пайызы.

  1. Участок Жер участогунун планында тиешелүү чектөөлөрдүн зоналарында жайгашкан учурда төмөнкүлөр боюнча кошумча шаар куруу регламенттеринин болушу көрсөтүлөт:

— куруунун жана жер пайдалануунун санитардык, суу коргоо жана башка экологиялык шарттары;

— тарых жана маданият эстеликтерин коргоо шарттары.

  1. Жер участогунун жайгашкан жерине жана обүекттин функционалдык арналышына жараша төмөнкүдөй кошумча талаптар коюлушу мүмкүн:

— көрктөндүрүүгө жана фасаддарга карата талаптар;

— санын көрсөтүү менен (талап кылынса) унаа коюу жерлерин жана участокко баруу жолдорун, анын ичинде курулуш мезгилине убактылуу жолдорду уюштурууга карата талаптар;

— куруу аянтынан инженердик-техникалык коммуникацияларды чыгаруу (жеке менчикте тургандардан тышкары) боюнча талаптар;

в) инженердик-техникалык кызматтар тарабынан берилген обүектти инженердик тармактарга кошуунун алдын ала техникалык шарттары;

г) тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын корутундулары.

  1. Төмөнкүдөй болгон учурларда жер участогуна укук берүүгө жол берилбейт:

— жер участогу ушул Жобого ылайык түзүлбөсө;

— аймактык архитектура органынын суралып жаткан жер участогу боюнча билдирилген куруу ниетинин шайкеш келбегендиги тууралуу корутундусу же болбосо жергиликтүү каттоо органынын жер участогун берүү мүмкүндүгү тууралуу терс корутундусу болсо.

  1. Жер участогун жана лоттун обүекттеринин документтерин түзүү менен байланышкан айыл өкмөтүнүн чыгымдары тооруктар же түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу сатылып жаткан обүекттин наркына кошулат.
  2. Муниципалдык менчик обүектисинин баштапкы баасы Комиссия тарабынан аныкталат. Муниципалдык менчик обүектисин сатууда баштапкы бааны баалоо көз карандысыз баа берүүчүлөрдү тартуу менен аныкталат.

Көз карандысыз баа берүүнү жүргүзүү айыл өкмөтү менен көз карандысыз баа берүүчүнүн (уюмдун) ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашырылат.

  1. Көз карандысыз баа берүүчүлөрдүн сатуунун баштапкы баасы тууралуу корутундусу алынып же баштапкы ижара акысынын коюмдары эсептелгенден кийин айыл өкмөтү 3 жумушчу күндүн ичинде муниципалдык менчиктин каралып жаткан обүектиси боюнча материалдарды Комиссиянын кароосуна киргизет.
  2. Комиссия муниципалдык менчиктин каралып жаткан обүектиси боюнча материалдарды алгандан кийин 3 жумушчу күндүн ичинде карап чыгат.
  3. Комиссия муниципалдык менчик обүектисин тоорукка коюу жөнүндө чечим кабыл алып же муниципалдык менчик обүектиси түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу берилген учурда Комиссия төмөнкүлөрдү аныктайт: укуктун түрүн, ага ылайык муниципалдык менчик обүектиси берилет (менчик, ижара), муниципалдык менчик обүектисине укук берүү ыкмасын (аукцион, конкурс, түздөн-түз сүйлөшүүлөр), муниципалдык менчик обүектисинин баштапкы баасын, кепилдик төгүмдөрдүн өлчөмүн, тооруктарга катышуучуларды аны төгүү мөөнөтүн жана тартибин, аукциондук кадамды (аукцион өткөрүлгөн учурда) же конкурстун шарттарын (конкурс өткөрүлгөн учурда).
  4. Тооруктарда муниципалдык менчик обүектисине ижара укугу берилген учурда жылдык баштапкы нарк болуп төмөнкүлөр саналат:

— жер участогуна – жер салыгынын өлчөмү;

— курулмаларга, курулуштарга жана жайларга – мүлккө салык жана жылдык амортизациялык чегерүүлөрдүн өлчөмү;

— кыймылсыз мүлккө – мүлккө салык жана жылдык амортизациялык чегерүүлөрдүн өлчөмү.

  1. Комиссиянын муниципалдык менчик обүектисин тооруктарга коюу же муниципалдык менчик обүектисин түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу берүү жөнүндө чечими протокол түрүндө таризделет.
  2. Айыл өкмөтү арыз ээсине анын арызынын каралышынын жыйынтыктары тууралуу билдирүүгө милдеттүү.

6. Аукцион

  1. Муниципалдык менчикти аукцион аркылуу берүү муниципалдык мүлккө укукту (пайдалануу, менчик) эң жогорку баада сатуу зарыл болгон учурда ишке ашырылат.
  2. Аукционго коюлуучу муниципалдык менчиктин ар бир обүектиси өз алдынча лотко түзүлүшү керек.
  3. Аукционго коюлуучу лотто төмөнкүдөй маалыматтарды камтуучу кенен баяндама болууга тийиш:

— лоттун номери;

— жайгашкан жери;

— техникалык мүнөздөмөлөрү (участоктун аянты, курулмалардын/жайлардын түрү жана аянты, курулган/чыгарылган жылы, кубаттуулугу ж.б.);

— ижара мөөнөтү;

— баштапкы баасынын өлчөмү;

— аукциондун кадамы;

— акы төлөө формасы жана мөөнөтү;

— сервитуттардын болушу же жоктугу.

  1. Айыл өкмөтү аукционду өткөрүү датасына 30 күн калганга чейин жалпыга жеткиликтүү жерлерде аукцион өткөрүү тууралуу маалыматтык билдирүүнү жайгаштырууга милдеттүү, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

— контурларын баяндоо менен лоттордун тизмеги;

— менчиктин түрү;

— аукционду өткөрүү шарттары, датасы, орду;

— ар бир лот боюнча баштапкы баанын өлчөмү;

— кепилдик төгүмүн төлөөнүн өлчөмү жана тартиби ;

— арыздарды жана документтерди кабыл алуу башталган жана аяктаган дата;

— аукционго катышуу үчүн берилүүчү документтердин тизмеси;

— аукцион маселелери боюнча кошумча маалымат алса боло турган арыздарды кабыл алуу жеринин дареги.

Ушуну менен катар, айыл өкмөтү элге айылдагы жыйындарда, чогулуштарда маалымат берип, жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматтык билдирүүнү жарыялайт.

  1. Аукциондун кадамы баштапкы ижара төлөмүнүн 10 пайызынан 20 пайызына чейинки өлчөмдө Жер комиссиясы тарабынан белгиленет. Аукциончу тооруктарга катышуучулардын бардыгы менен макулдашуу боюнча аукциондун кадамын көбөйтүүгө укуктуу.

Аукцион өткөрүү

  1. Комиссиянын катчысы аукцион башталаардын алдында аукционго келген катышуучуларды каттайт жана аларга ыйгарылган номерлери бар аукциондук билеттерди берет.
  2. Аукционду аукциончу алып барат, ал айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан дайындалат.

Аукцион аукциончу лоттун аталышын, негизги мүнөздөмөлөрүн, баштапкы ижара акысын жана аукциондун кадамын айтуу жана балка менен уруу менен башталат.

  1. Аукционго катышуучуларга номер коюлган биллеттер берилет, аны алар кезектеги баа айтылгандан кийин көтөрүшөт.

Баштапкы баа боюнча сатып алууну каалаган аукционго катышуучу номерин аукциончуга каратып, өзүнүн билетин көтөрүп, муну менен лотту аталган баада сатып алууга макул экендигин ырастайт.

Аукционго катышуучунун ар бир сунушун кабыл алуу аукциончунун катышуучунун номерин жана ал сунуштаган бааны айтуусу менен ырасталат.

Ар бир жаңы сунуш мурдагы сунуштагандан жок дегенде бир кадамга жогору болууга тийиш.

  1. Аукциончу акыркы бааны үч жолу айткандан кийин катышуучулардын бири да кыйла жогору бааны сунуш кылбаса, аукциончу балка менен уруп, бир эле учурда тоорук предметин акыркы бааны сунуштаган сатып алуучу сатып алгандыгын жарыялайт. Тооруктун жүрүшүндө акыркы бааны сунуштаган аукционго катышуучу тооруктун жеңүүчүсү деп жарыяланат.
  2. Аукциондун жеңүүчүсү аукционду өткөрүү күнү аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюшу керек. Протоколго ошондой эле аукциончу жана Жер комиссиясынын мүчөлөрү кол коюшат.

Протоколдо төмөнкүдөй маалыматтар келтирилет: баштапкы жана акыркы баасы, тараптардын келишимге кол коюу боюнча милдеттенмелери, лоттун номери, ижара мөөнөтү ж.б. Аукциондун жыйынтыктары тууралуу протоколдун көчүрмөсү аукциондун жеңүүчүсүнө берилет.

Аукциондун жеңүүчүсү аукциондун жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюудан баш тарткан учурда Комиссия экинчи жеңүүчүгө протоколго кол коюуну сунуш кылат. Эгерде аукциондун экинчи жеңүүчүсү аукциондун жыйынтыктары тууралуу протоколго кол койсо, ал аукциондун жеңүүчүсү деп таанылат.

  1. Протоколдун негизинде аукциондун жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюлган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде айыл өкмөтү менен аукциондун жеңүүчүсүнүн ортосунда ижара же сатуу келишими түзүлөт.
  2. Аукцион төмөнкүдөй учурларда болгон жок деп таанылат:

а) эгерде бир катышуучу катышса;

б) эгерде экинчи жеңүүчү аукциондун жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюудан баш тартса;

в) баштапкы ижара же сатуу акысы үч жолу жарыялангандан кийин аукционго катышуучулардын бири да билетин көтөрбөсө.

  1. Аукцион белгилүү бир лот боюнча болгон жок деп таанылган учурда ушул лот боюнча экинчи аукцион дайындалат.

Экинчи аукцион өткөрүүдө Жер комиссиясы баштапкы ижара акысынын өлчөмүн 15 пайызга чейин азайтууга укуктуу.

Эгерде экинчи тооруктар болгон жок деп таанылса, анда Комиссия экинчи тооруктун жападан жалгыз катышуучусуна укук берүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

  1. Аукционго катышууга талапкерлер жок болуп экинчи аукцион болгон жок деп таанылган учурда Комиссия муниципалдык менчик обүектисин конкурс аркылуу берүүгө укуктуу.

7. Конкурс

  1. Конкурс аркылуу муниципалдык менчик обүекттерин убактылуу пайдаланууга берүү конкурстун обүектисин жакшыртуу же социалдык багытталган кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын арттыруу үчүн инвестиция талап кылынган учурларда ишке ашырылат.
  2. Айыл өкмөтү конкурсту өткөрүү датасына 30 күн калганга чейин жалпыга жеткиликтүү жерлерде конкурс өткөрүү тууралуу маалыматтык билдирүүнү жайгаштырууга милдеттүү, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

— лоттун номери;

— жайгашкан жери;

— техникалык мүнөздөмөлөрү (участоктун аянты, курулмалардын/жайлардын түрү жана аянты, курулган/чыгарылган жылы, кубаттуулугу ж.б.);

— конкурстун шарттары, анын ичинде инвестициялардын минималдуу көлөмү боюнча талаптар же жарандардын жашоо-турмуш сапатын жакшыртуу боюнча талаптар;

— ижара мөөнөтү;

— сервитуттардын болушу же жоктугу.

— арыздарды жана документтерди кабыл алуу башталган жана аяктаган дата;

— конкурска катышуу үчүн берилүүчү документтердин тизмеси;

— конкурс маселелери боюнча кошумча маалымат алса боло турган арыздарды кабыл алуу жеринин дареги.

Ушуну менен катар, айыл өкмөтү элге айылдагы жыйындарда, чогулуштарда маалымат берип, жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматтык билдирүүнү жарыялайт.

  1. Ижарачыга коюлуучу талаптарга жараша Комиссия төмөнкүдөй жолдор аркылуу конкурс өткөрсө болот:

— конкурстун шарттарынын бири катары ижара акысынын өлчөмүн белгилөө менен (баштапкы ижара акысы аныкталат, эң мыкты шарттарды жана эң жогорку ижара акысынын өлчөмүн сунуштаган катышуучу жеңүүчү деп таанылат);

— конкурстун шарттарынын бири катары ижара акысынын өлчөмүн белгилебестен. (ижара акысы белгиленген болушу мүмкүн, муниципалдык менчик обүектисин жакшыртуу үчүн эң мыкты инвестициялык милдеттенмелерди сунуштаган катышуучу жеңүүчү деп таанылат);

— конкурстун шарттарынын бири катары ижара акысынын өлчөмүн белгилебестен. (ижара акысы белгиленген болушу мүмкүн, калкка кызмат көрсөтүү же жумуш орундарын түзүү үчүн эң мыкты шарттарды сунуштаган катышуучу жеңүүчү деп таанылат).

  1. Конкурс төмөнкүдөй учурларда болгон жок деп таанылат:

— бир катышуучу катышса;

— экинчи жеңүүчү ижара келишимине кол коюудан баш тартса.

  1. Конкурс белгилүү бир лот боюнча болгон жок деп таанылган учурда ушул лот боюнча экинчи конкурс дайындалат.

Экинчи конкурс өткөрүүдө Комиссия конкурстун шарттарын өзгөртүүгө укуктуу.

  1. Эгерде экинчи конкурс бир эле катышуучу катышкандыгы себеби боюнча болгон жок деп таанылса, тооруктар обүекти ага түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу берилет.
  2. Экинчи конкурс катышуучулардын жоктугу себеби боюнча болгон жок деп таанылса, тооруктар обүекти түздөн-түз берүү аркылуу берилиши мүмкүн.

Конкурс өткөрүү

  1. Маалыматтык билдирүүдө белгиленген убакта конкурска катышуучулардын көзүнчө Комиссиянын жыйналышында берилген билдирмелердин тизмеси айтылат.
  2. Билдирүүдө жана маалыматтык пакетте көрсөтүлгөн конкурстун шарттарына туура келген конкурстук сунуш белгиленген убакыттан кечиктирилбестен конкурс өткөрүү күнү Комиссиянын жыйналышында мөөр басылган конвертте конкурстун катышуучусу тарабынан берилет.
  3. Бир лот боюнча бир катышуучудан бир гана конкурстук сунуш берилиши мүмкүн.
  4. Конкурстук сунуштарды ачуу конкурстук сунуштарды кабыл алуу аяктагандан кийин жана конкурстун катышуучуларынын же болбосо алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда ишке ашырылат.

Комиссия келип түшкөн конкурстук сунуштарды кезек-кезеги менен ачат, конкурстун катышуучусунун номерин, анын аты-жөнүн же аталышын, конкурстун катышуучусу тарабынан сунушталган негизги конкурстук шарттарды айтат, жыйынтык протоколуна конкурстук сунуштардын ачылышын белгилейт жана келип түшкөн конкурстук сунуштарга баа берүүгө киришет.

  1. Конкурстук сунуштарга баа берүү конкурстук сунуштар ачылган күнү конкурстук документтерде аныкталган критерийлер боюнча ишке ашырылат.

Берилген билдирмелерге баа берүүнүн жүрүшүндө Комиссия конкурстун катышуучуларына өздөрүнүн конкурстук сунуштарын түшүндүрүп берүүсү үчүн кайрылууга укуктуу.

Комиссия конкурстук документтерде белгиленген талаптарга шайкеш келбеген конкурстук сунушту четке кагат.

  1. Конкурстук сунуштарга баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча Комиссия тарабынан эң мыкты шарттарды сунуштаган конкурстун жеңүүчүсү аныкталат, конкурс өткөрүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол түзүлөт, ага Комиссиянын жыйналышына катышкан Комиссиянын мүчөлөрү жана конкурстун жеңүүчүсү кол коёт.
  2. Конкурстун жеңүүчүсү жөнөкөй көпчүлүк добуш менен добуш берүү аркылуу аныкталат жана андан кийин конкурстун жыйынтыгы ачык түрдө айтылат.

Комиссиянын пикири боюнча конкурс боюнча эң мыкты шарттарды сунуштаган катышуучу конкурстун жеңүүчүсү деп таанылат.

Добуштар бирдей болуп калган учурда Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчүболуп саналат.

  1. Комиссиянын жыйналышы эгерде ага анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса мыйзамдуу деп эсептелет.
  2. Эки же андан көп катышуучунун конкурстун шарттары боюнча сунуштары бирдей жана эң мыкты болуп калган учурда кимисинин билдирмеси мурдараак берилген конкурстун катышуучусу жеңүүчү деп таанылат.
  3. Конкурстун жыйынтыгы боюнча Комиссия тарабынан протокол түзүлөт, анда төмөнкүдөй маалыматтар камтылат:

— жыйналышка катышкан Комиссия мүчөлөрүнүн тизмеси;

— конкурстун катышуучулары тууралуу маалыматтар жана алардын сунуштары;

— конкурстун жеңүүчүсү.

Протоколго жыйналышка катышкан Комиссиянын бардык мүчөлөрү жана конкурстун жеңүүчүсү кол коюшат, протоколдун көчүрмөсү конкурстун жеңүүчүсүнө берилет.

  1. Протоколдун негизинде конкурстун жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюлган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде ижарага берүүчү – айыл өкмөтү менен ижарачы – конкурстун жеңүүчүсүнүн ортосунда келишим түзүлөт.

Жеңүүчүнүн күнөөсү боюнча белгиленген мөөнөттө ижара келишимин түзбөө Комиссия тарабынан жер участогун ижарага алуу келишимин түзүүдөн баш тартуу катары каралышы мүмкүн.

  1. Жеңүүчү протоколго же келишимге кол коюудан быш тарткан учурда Комиссия ошол эле арыздардан экинчи жеңүүчүнү аныктайт.
  2. Жеңүүчү же экинчи жеңүүчү протоколго же келишимге кол коюудан баш тарткан учурда ал ушул лот боюнча экинчи конкурска катышуу укугунан ажыратылат.

8. Муниципалдык менчик обүекттерин түздөн-түз берүү

  1. Муниципалдык менчик обүекттерине ижара укугу төмөнкүдөй учурларда түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу айыл өкмөтү тарабынан жеке жана юридикалык жактарга (арыз ээлерине) берилиши мүмкүн:

а) мурда мөөнөттүү (убактылуу) берилген жер участогунда ушул жактарга менчик укугунда таандык курулушу аяктабаган имараттар жана курулмалар, анын ичинде обүекттер жайгашса;

б) муниципалдык менчик обүекти ачык тооруктарга белгиленген тартипте эки жолу коюлса жана ижарага/менчикке берилбесе;

в) көрсөтүлгөн жер участогу кыймылсыз мүлктүн өз алдынча бирдиги катары түзүлүшү мүмкүн эмес болуп жана ушундай жер участогуна укукту үчүнчү жактарга берүү аталган имараттардын жана курулмалардын менчик ээлеринин укуктарынын бузулушуна алып келген шартта учурдагы обүекттин аянтын кеңейтүү максатында аталган обүекттерге кирүү тобун куруу, көрктөндүрүү же болбосо жанаша куруу үчүн ушул жактарга менчик укугунда таандык имараттын жана курулманын бир бөлүгүнө жер участогу жакын турса (бир чекте болсо);

г) жер участогу ушул жактарга менчик укугунда таандык имараттын жана курулманын бир бөлүгүнө жакын турса (бир чекте болсо) же болбосо аталган имараттарга жана курулмаларга чукул жайгашса жана аталган имараттардын жана үчүнчү жактарга ушундай жер участогуна укук берүү курулмалардын менчик ээлеринин укуктарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгондо аларды тейлөө максатында унаа коюучу жерлерди уюштуруу үчүн талап кылынса.

  1. Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери менчикке берилбейт. Өзгөчө учурларда алар айыл өкмөтүнө беш жылга чейинки мөөнөт менен кыска мөөнөттүү ижарага берилиши мүмкүн. Аталган жерлерде жеңилдетилген типтеги курулмаларды жана курулуштарды тургузууга уруксат берилет.

Түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу берүү тартиби

  1. Түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга муниципалдык менчик обүекттерин алууга талапкерлер айыл өкмөтүнө арыз беришип, мында арызда төмөнкүлөрдү көрсөтүшөт:

— арыз ээси тууралуу маалымат (аты-жөнү, жашаган жери);

— муниципалдык менчик обүектисинин жайгашкан жери жана аталышы;

— болжолдонуучу максаттуу пайдалануу;

— жергиликтүү коомдоштук ала турган пайдалар.

  1. Комиссия арызды жана тиешелүү документтерди карайт, андан кийин чечим кабыл алат, ал протокол түрүндө таризделет.
  2. Комиссиянын чечиминин протоколу түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу муниципалдык менчик обүектисин берүү боюнча акыркы чечим кабыл алуу үчүн айыл өкмөтү тарабынан жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизилет.
  3. Жергиликтүү кеңеш түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу муниципалдык менчик обүекттерин берүү мүмкүндүгү жөнүндө чечим кабыл алат, берүү шарттарын жана мөөнөтүн белгилейт.
  4. Түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу муниципалдык менчик обүектисин берүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып 15 жумушчу күндүн ичинде Комиссия тарабынан түздөн-түз сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Айыл өкмөтү түздөн-түз сүйлөшүүлөр аркылуу муниципалдык менчик обүектисин берүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып 3 жумушчу күндүн ичинде арыз ээсине түздөн-түз сатууну өткөрүү датасы жана орду жөнүндө билдирип, ага маалыматтык пакет жөнөтүүгө милдеттүү.

  1. Муниципалдык менчиктин берилип жаткан обүектисинин наркы боюнча арыз ээси менен сүйлөшүүлөр аркылуу Комиссия тарабынан түздөн-түз сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Арыз ээси сүйлөшүүлөрдүн ар кандай стадиясында муниципалдык менчик обүектисин сатып алуудан баш тартууга укуктуу.

9. Аукционду жана түздөн-түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүү тартиби

  1. Аукционго коюлуучу бардык обүекттер лотторго бөлүнүүгө тийиш. Аукциондордо обүекттер “бир номер – бир лот” схемасы боюнча сатылат.
  2. Ачык айкын тооруктарда коюлган муниципалдык мүлккө жана түз берүү жолу менен берилген муниципалдык мүлккө менчик укугуна же ижара укугуна Кыргыз Республикасынын физикалык жана юридикалык жактар кана ээ боло алат.
  3. Тооруктарга катышуу укугун алуу үчүн талапкер айыл өкмөтүнө төмөнкүлөрдү берет:

— лоттун номерин көрсөтүү менен тооруктарга катышуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз;

— талапкер-жеке жактын ким экендигин ырастоочу документ;

— талапкер-юридикалык жактын уюмдаштыруу документтери;

— талапкер-юридикалык жактын жетекчисин дайындоо жөнүндө уюмдаштыруучулардын чечими;

— талапкер жеке же юридикалык жактын атынан чыгып сүйлөөгө укук берүүгө ишеним кат;

— кепилдик төгүмүнүн төлөнгөндүгүн ырастоочу квитанция.

Муниципалдык менчик обүектисине менчик укугун берүү боюнча тооруктарга катышууну каалаган юридикалык жак өзүнүн жак чет өлкөлүк эмес экендигин ырастоочу кошумча документ берет (уставдын же уюмдаштыруу келишиминин көчүрмөсү, акционерлердин реестринен алынган көчүрмө ж.б.).

  1. Кепилдик төгүмү талапкерлер тарабынан айыл өкмөтүнүн учурдагы эсеп-кысабына накталай эмес которуу же болбосо айыл өкмөтүнүн кассасына накталай төгүм төгүү аркылуу төлөнөт. Кепилдик төгүмүнүн өлчөмү муниципалдык менчиктин билдирилген обүектисинин баштапкы наркынын 10 пайызынан ашпаган өлчөмдө Комиссия тарабынан аныкталат.
  2. Тооруктун жеңүүчүсү менен келишим түзүүдө кепилдик төгүмдүн суммасы тооруктардын обүектисине укуктун (пайдалануу же менчик) сатуу наркына кошулат.
  3. Талапкер тооруктарга бир нече обүект боюнча катышкан учурда кепилдик төгүмү ар бир обүект боюнча өз-өзүнчө төлөнөт.

Кепилдик төгүмү  төмөнкүдөй учурларда 5 жумушчу күндүн ичинде кайтарылып берилүүгө тийиш:

— тооруктарда жеңбеген тооруктун катышуучуларына;

— эгерде тооруктар болбой калса;

— тооруктарды өткөрүү күнүнө чейин 3 күн калганда тооруктарга катышуудан баш тартылса.

  1. Комиссиянын катчысы катышуучулардын арыздарын кабыл алат жана аларды каттайт. Талапкерлер арызды кабыл алуу жана номер ыйгаруу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү берилген учурдан тартып тооруктарга катышуучунун статусун алышат.
  2. Арыз ээсине төмөнкүдөй учурларда документтерди кабыл алуудан баш тартылышы мүмкүн:

— арыз тооруктарды өткөрүү жөнүндө билдирүүдө белгиленген арыздарды кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин берилсе;

— арыз ээсинин атынан иштөөгө ыйгарым укуктуу эмес жак арыз берсе;

— документтер берилбесе же болбосо берилген документтер тиешелүү түрдө таризделбесе.

Документтерди кабыл алуудан баш тартуу арыз берилген күндөн тартып кийинки күндөн кечиктирилбестен баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө айыл комиссиянын катчысы тарабынан ишке ашырылат.  Комиссия кабыл албаган арыз жана ага тиркелген документтер арыз ээсине аларды кабыл алуудан баш тартуу менен бирге кайтарылып берилет.

  1. Тооруктарга катышуучу төмөнкүлөргө укуктуу:

— жеке өзү же өзүнүн өкүлдөрү аркылуу тооруктарга катышууга;

— маалыматтык пакетти алуу аркылуу тооруктардын предмети жөнүндө толук маалымат алууга;

— тооруктарга катышуудан баш тартууга, бирок мында тооруктар өткөрүлүүчү күнгө чейин үч күн калгандан кечиктирбестен бул тууралуу тооруктарды уюштуруучуга билдирип, өзүнүн кепилдик төгүмүн белгиленген мөөнөттө алышы керек, көрсөтүлгөн мөөнөт бузулган учурда кепилдик төгүмү кайтарылып берилбейт;

— тооруктардын предметин карап чыгууга;

— Комиссиянын протоколдору менен таанышып чыгууга жана алардын көчүрмөлөрүн алууга;

— тооруктардын катышуучусу катары өзүнүн укуктарын бузулганда сотко кайрылууга.

  1. Тооруктарга тооруктардын катышуучусу болуп саналбаган ар кандай адам, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышууга укуктуу.
  2. Комиссия ар кандай убакта, бирок аукционду өткөрүү датасы келгенге үч күн калганча аукциондон, ал эми конкурсту өткөрүүгө отуз күн калганча конкурстан баш тартууга укуктуу, бул тууралуу протокол түзүлөт, анда тооруктарды өткөрүүдөн баш тартуунун себептери көрсөтүлөт. Тооруктардан баш тартылган учурда айыл өкмөтү бул тууралуу тооруктардын катышуучуларына тооруктарды өткөрүүдөн баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө билдирет.
  3. Ак ниетсиз атаандаштык аныкталган учурда Комиссия каалаган учурда тооруктардан билдирилген лотту алып таштоого же лот боюнча тооруктардын жыйынтыктарын жокко чыгарууга укуктуу.
  4. Катышуучу тараптан ак ниетсиз атаандаштык аныкталган учурда ал катышуучу ушул лот боюнча тооруктарга андан ары катышуу укугунан ажыратылат, мында кепилдик төгүмү (шертпул) кайтарылып берилбейт.

10. Ижара акысынын коюмдарын эсептөө тартиби

  1. Жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүдө ижара акысы төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:

Ап ө H x S x К1 х К2, мында:

Ап – бир айлык ижара акысынын өлчөмү (сом менен);

Н – Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык жер салыгынын коюму (сом менен);

S – кв.м менен алганда участоктун аянты;

К1 – функционалдык багыттагы коэффициент, ал төмөнкүлөргө барабар:

1 – кайрак жер;

3 – сугат айдоо жерлери;

10 – фото кызмат көрсөтүүлөрүнүн, байланыш жана Интернеттин кызмат көрсөтүүлөрү, банкоматтар, соода павильондору;

10 – убактылуу аянтчалар, коомдук тамактануу жерлери, автосервис пункттары;

20 – жарнама конструкциялары;

К2 – баа зонасынын коэффициенти, ал төмөнкүлөргө барабар:

— 4 – 1-баа зонасында жайгашкан обүекттер үчүн;

— 3 – 2-баа зонасында жайгашкан обүекттер үчүн;

— 2 – 3-баа зонасында жайгашкан обүекттер үчүн;

— 1 – 4-баа зонасында жайгашкан обүекттер үчүн.

  1. Коэффициенттер жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
  2. Ижара акысынын өлчөмү эсептөө күнүндө колдонулуучу жана жергиликтүү кеңештин токтому менен бекитилген коэффициенттерди колдонуу менен айыл өкмөтү тарабынан эсептелет.
  3. Муниципалдык менчик обүектисин тооруктар аркылуу ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүдө ижара акысы сунушталган жана/же белгиленген ижара акысына ылайык келишим түзүлгөн учурдан тартып ижарачы тарабынан төлөнөт. Ижара акысынын коюмдары өзгөргөн учурда ижара акысы өзгөргөн күндөн тартып кайрадан каралууга тийиш.
  4. Жер салыгы Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана ыйгарым укуктуу муниципалдык органдын эсеп-кысабына төлөө аркылуу ыйгарым укуктуу муниципалдык орган тарабынан берилген эсептерге ылайык Ижарачы тарабынан төлөнөт.
  5. Жер участогун убактылуу пайдалануу мөөнөтүн узартууда ижарачы убактылуу пайдалануу мөөнөтү аяктаган учурдан тартып жер участогун иш жүзүндө кайтарып берген учурга же болбосо мөөнөттү узартканга чейин ижара акысын төлөөгө милдеттүү.
  6. Ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер участогунда/курулмада бир жана андан көп пайдалануучу болсо жана аларды өз алдынча бирдикке бөлүү мүмкүндүгү жок болсо, кыймылсыз мүлк обүекти биргелешип пайдалануу обүекти деп саналат. Жер участогун/курулманы пайдалануу үчүн ижара акы төлөөлөрү ар бир пайдалануучу ээлеген жер участогунун/курулманын аянтына пропорционалдуу түрдө алынат.
  7. Ижара акы төлөөлөрү өз учурунда төлөнбөгөн учурда айыл өкмөтү айып санкцияларын (туумдарды) колдонот, ошондой эле айыл өкмөтүнүн алдын ала билдирүүсү боюнча инженердик-техникалык коммуникацияларды колдонууну чектөө боюнча чаралар көрүлөт.
  8. Эгерде ижарачы убактылуу пайдалануу мөөнөтү аяктагандан кийин муниципалдык менчик обүектисин пайдаланууну уланта берсе, ижарачы айыл өкмөтүнө иш жүзүндө кайтарылып берилген учурга чейин муниципалдык менчик обүектиси колдонулган бүтүндөй мезгил үчүн ижара акысын төлөөгө милдеттүү.
  9. Обүективдүү себептердин негизинде келип чыккан ижарачынын жер участогун колдонушунда тоскоолдуктар болсо айыл өкмөтү ижара төлөмдөрүн кошуп эсептөөнү токтото турууга укуктуу.

11. Жеңилдетилген типтеги обүектти демонтаждоо

  1. Жеңилдетилген типтеги обүект төмөнкүдөй учурларда демонтаждалат:

а) жеңилдетилген типтеги обүект жайгаштырууга уруксат берүүчү документтери тиешелүү түрдө таризделбей иштетилсе;

б) жаңы курулуш ишке ашырылса;

в) соттун чечими боюнча;

г) төмөнкүдөй учурларда Комиссиянын чечими боюнча:

а) келишимдин шарттары бузулса;

б) 3 ай бою ижара акысы төлөнбөсө;

в) архитектуралык жана шаар куруу ченемдерине шайкеш келбесе;

г) айыл өкмөтү тарабынан жашоо-турмушту жана айылдын аймагын өнүктүрүүнү жөнгө салуучу чечимдер кабыл алынча.

  1. Жеңилдетилген типтеги обүектти демонтаждоо 5 күн мурда алдын ала билдирүү боюнча обүекттин ээсинин эсебинен жүргүзүлөт. Тиешелүү документтерсиз орнотулган жана иштеп жаткан обүектти демонтаждоодо алдын ала билдирүү талап кылынбайт.

Эгерде жеңилдетилген типтеги обүекттин ээси аныкталбаса жана андан ары анын жүргөн жерин аныктоо мүмкүн болбосо демонтаждоо жөнүндө билдирүү обүектке тагылат, ал тууралуу акт түзүлүп, ага айыл өкмөтүнүн кызматкери кол коёт.

Демонтаж жүргүзүлгөндөн кийин жеңилдетилген типтеги обүекттин ээси жер участогун баштапкы абалга келтирип, аны көрктөндүрүүгө милдеттүү.

  1. Жеңилдетилген типтеги обүект обүекттин ээсинин же болбосо анын өкүлүнүн көзүнчө демонтаждоо жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин айыл өкмөтү тарабынан демонтаждалат. Демонтаждоодо ээси же анын өкүлү обүектти андагы материалдык баалуулуктардан тазалоого милдеттүү.

Обүекттин ээси же анын өкүлү тарабынан демонтаждоону жүргүзүүгө тоскоолдуктар жаралган учурда обүекттеги материалдык баалуулуктардын тизмеги түзүлөт жана демонтаж мүмкүн болгон материалдык жана моралдык зыяндын орду толтурулбастан андагы материалдык баалуулуктар менен жүргүзүлөт, мында айыл өкмөтү обүекттин жана башка баалуулуктардын бүтүндүгүнө жоопкерчилик тартпайт.

Обүекттин ээси жок болгон учурда обүектке мөөр басылат жана демонтаж мүмкүн болгон материалдык жана моралдык зыяндын орду толтурулбастан андагы материалдык баалуулуктар менен жүргүзүлөт, мында айыл өкмөтү обүекттин жана башка баалуулуктардын бүтүндүгүнө жоопкерчилик тартпайт.

  1. Демонтаж жүргүзүүдө айыл өкмөтүнүн чечими боюнча жетекчилик менен макулдашып, укук коргоо органдарынын кызматкерлери тартылышы мүмкүн.
  2. Жеңилдетилген типтеги демонтаждалган обүект айыл өкмөтү тарабынан аныкталган кампалоо жана сактоо жерине жөнөтүлөт. Жеңилдетилген типтеги обүекттин ээси обүектти демонтаждоого, сактоого кеткен бардык чыгымдарды төлөп бергенде обүект берилет.
  3. Жеңилдетилген типтеги демонтаждалган обүектти сактоо акы төлөө негизинде ишке ашырылат.
  4. Айыл өкмөтү жеңилдетилген типтеги обүекттерди 60 күн бою сактайт. 60 күн өткөндөн кийин айыл өкмөтү аларды ээсиз деп таануу жөнүндө арызы менен сотко кайрылууга укуктуу.

Сот талап кылынбаган (ташталган) жеңилдетилген типтеги обүекттерди ээсиз деп тааныган учурда алар муниципалдык менчикке өтөт.

12. Корутунду жоболор

  1. Тооруктардын катышуучулары айыл өкмөтүнүн жана Комиссиянын муниципалдык менчик обүекттерин берүүгө тиешелүү чечимдерине макул болбогон учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.

 

 

1-тиркеме

_________________________ ___________

айыл өкмөтүнүн башчысына

____________________________________

(арыз ээсинин аты-жөнү)

______________________________________

Тел.:__________________________________

АРЫЗ

№ ____ лот боюнча муниципалдык менчик обүектисине ижара/менчик укугун сатуу боюнча тооруктарга (аукционго/конкурска) катышууга уруксат берүүңүздү суранам.

Тиркелген документтердин тизмеги:

1) _______________________________________________________________

2) _______________________________________________________________

3) _______________________________________________________________

4) _______________________________________________________________

Арыз ээсинин колу ________________________________________________

(инициалдары жана фамилиясы)

20__-жылдын “___” __________________

Арыз катталган дата жана номери

20__-жылдын “___” __________________ № ______

___________________________________________________________________

(арызды кабыл алган адамдын кызмат орду, инициалдары, фамилиясы жана колу)

2-тиркеме

БИЛДИРҮҮ

(документтерди каттоо жана кабыл алуу жөнүндө)

20__-жылдын “___” __________________ _________________________айыл өкмөтү

Каттоо номери __________________

  1. _________________________________________________________________

(талапкер адамдын аты-жөнү, паспортунун номери,

__________________________________________________________________________

юридикалык жактын аталышы)

______________________________________________________ дарегиндеги

(жайгашкан жеринин баяндалышы)

 

жана № ____ лот боюнча муниципалдык менчик обүектисине ижара/менчик укугун алуу үчүн тооруктарга (аукционго/конкурска) катышууга арыз кабыл алынды

  1. Тооруктар (аукцион, конкурс) 20__-жылдын “___” __________________

________________________________________________________ дареги боюнча

(жайгашкан жери толук жазылат)

__________________________ имаратындагы № __________ кабинетте өткөрүлөт.

  1. Арыз менен кошо төмөнкү документтер кабыл алынды:

__________________________________________________________________________

__________________________________________________________________________

Талапкердин арызын кабыл алууга жооптуу адамдын аты-жөнү, кызмат орду жана колу _____________________________________________________

(колу)

 

 

 

3-тиркеме

ПРОТОКОЛ

20__-жылдын “___” __________________ № ______

арыз ээлеринин (талапкерлердин) тооруктарга катышуусуна уруксат берүү жөнүндө

Комиссиянын курамы:

Төрага ____________________________________________________

Катчы ________________________________________________________

Комиссиянын мүчөлөрү ______________________________________________

Арыздардын саны _____________________, анын ичинде аукционго

____________________, конкурска ___________________________________

Тооруктарга катышууга уруксат берилген арыз ээлери (талапкерлер) (аты-жөнү):

  1. _______________________________________________________________
  2. _______________________________________________________________
  3. _______________________________________________________________

Тооруктарга катышууга уруксат берилбеген арыз ээлери (талапкерлер) (аты-жөнү):

  1. ________________________________ (уруксат бербөөнүн себеби көрсөтүлөт)
  2. ________________________________ (уруксат бербөөнүн себеби көрсөтүлөт)
  3. ________________________________ уруксат бербөөнүн (себеби көрсөтүлөт)

Комиссиянын төрагасы _________________________________

 

 

 

4-тиркеме

ПРОТОКОЛ

20__-жылдын “___” __________________ № ______

аукционду өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө

 

Аукционду уюштуруучу: _____________________________________________

Аукциончу: ______________________________________________________

Жеңүүчү: ______________________________________________________

Экинчи жеңүүчү: _________________________________________________

Ушул лот боюнча аукционго катышуучулардын саны

__________________________________________________________________

Лоттун номери _______

Обүекттин аталышы ______________________________________________

Жайгашкан жеринин дареги ______________________________________________

Обүекттин мүнөздөмөсү (аянты, жыл ж.б.) ___________________________

___________________________________________________________________

Тооруктун түрү: укукту сатуу (менчик/мөөнөттүү пайдалануу) ___________________________________________________________________

Ижара мөөнөтү _______________________________________________________

(цифралар жана жазуу менен)

Баштапкы баасы _____________________________________________________

(цифралар жана жазуу менен)

Акыркы баасы _________________________________________________

(цифралар жана жазуу менен)

Тооруктарды уюштуруучу_______________________________________ (аты-жөнү)

(колу)

Аукциончу _________________________________________________ (аты-жөнү)

(колу)

Аукциондун жеңүүчүсү ________________________________________ (аты-жөнү)

(колу)

5-тиркеме

ПРОТОКОЛ

20__-жылдын “___” __________________ № ______

конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө

Комиссиянын курамы:

Төрага _______________________________________________________

Катчы __________________________________________________________

Комиссиянын мүчөлөрү __________________________________________________

Жеңүүчү: ________________________________________________________

Экинчи жеңүүчү: __________________________________________________

Лоттун номери _______

Обүекттин аталышы ________________________________________________

Жайгашкан жеринин дареги ______________________________________________

Обүекттин мүнөздөмөсү (аянты, жыл ж.б.) _____________________________

_________________________________________________________________________

Ушул лот боюнча берилген сунуштардын саны ______________________

Катышуучу Конкурстук сунуш
Конкурстун жеңүүчүсү  
Экинчи жеңүүчү  
ж.б.  

Ижара мөөнөтү ________________________________________________________

(цифралар жана жазуу менен)

Ижара акысы _________________________________________________________

(цифралар жана жазуу менен)

Конкурстук комиссиянын төрагасы ______________________________________

(аты-жөнү)                       (колу)

Конкурстук комиссиянын катчысы _______________________________________

(аты-жөнү)                       (колу)

 

 

6-тиркеме

Экономикалык зоналардын өңүтүндө түрдүү функционалдык багыттагы жер участоктору үчүн ижара акысынын

КОЮМУ

Зоналар Ижара акысынын коюмдары
I II III IV V
  Дүкөндөр, күркөлөр, майда дүкөндөр жана башка соода жайлары, аянтына жараша:          
  — 10 кв.м чейин          
  10дон 20 кв.м чейин          
  20дан 35 кв.м чейин          
  35тен 50 кв.м чейин          
  50 жана андан жогору          
  Майда базарлар, базарлар, соода-базар комплекстери          
  Коомдук тамактануу ишканалары          
  Мейманкана ишканалары          
  Банктар, ломбарддар, акча алмаштыруу жайлары          
  Оюн ойноо жана дискотека ишканалары          
  Офистер, бизнес-борборлор, биржалар          
  Авто май куюу станциялары          
  Мунайзат базалары          
  Унаа токтотуучу жайлар, автосервис ишканалары          
  Жарнама курулмалары          
  Эс алуу жана көңүл ачуу, спорттук-ден соолукту чыңдоо, жеке кызмат көрсөтүү ишканалары          
  Транспорт ишканаларынын административдик имараттары: автобекеттер, автостанциялар, темир жол бекеттери          
  Өнөр жай, транспорт, курулуш, байланыш жана энергетика ишканалары, эркин экономикалык зоналардын аймактары          
  Тоо-кен казуу ишканаларынын имараттары жана курулмалары          
  Иштелип жаткан кен чыккан жерлер, карьерлер, шахталар, разрездер, күл ташталган жерлер          
  Геологиялык чалгындоо, долбоордук-издеп табуу, чалгындоо жана изилдөө иштери          
  Байланыштын жана электр берүүнүн аба линиялары          
  Илим, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият мекемелери, балдар-өспүрүмдөрдүн маданий-спорт мекемелери          
  Айыл чарба өндүрүштүк имараттар (гараждар, оңдоо устаканалары, дан өсүмдүктөрүнүн кампалары жана айыл чарба багытындагы башка обүекттер)          
  Коргоо-спорттук-техникалык уюмдар          
  Сулуулук салондору, чач тарачтар, фотосалондор          
  Бильярд ойноочу жайлар          
  Компьютер оюндарынын залдары          
  Кампа жайлары          
  Административдик-өндүрүштүк жайлар          
  Диний мекемелер          
  Уюлдук байланыштын базалык станциялары жана мачталары, трансформатордук станциялар          
  Майыптардын окуу-реабилитациялык борборлору, кайрымдуулук фонддору, калктын корголбогон катмарын (жетим балдар, майыптар ж.б.) колдоо жана коргоо чөйрөсүндө иш жүргүзгөн коммерциялык эмес мекемелер жана уюмдар          
  Административдик-тиричилик комплекстери          
  Көрктөндүрүү жана учурдагы күтүү          
  Балдардын оюн аянтчалары          
  Теннис корттору, футбол талаалары, бассейндер, спорт аянтчалары          
  Социалдык маданий турмуш обүекттери (коомдук маданий борборлор, маданий-ден соолукту чыңдоо комплекстери)          
  Медициналык борборлор          
  Мүлктүк комплекстер          
  Коомдук дааратканалар          
  Жайкы аянтчалар, сыртка чыгарып сатуу үчүн аянтчалар, сезондуу соода үчүн аянтчалар          
  Аялдамалар, аялдама комплекстери          
  Газ толтуруу пункттары          
  Тизмекте көрсөтүлбөгөн обүекттер          

 

 

Чет-Нура  айыл аймагынын

айылдык Кеңешинин төрагасы:                                                          Т.Сыдыкбеков

Комментирование запрещено