Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясынын 13-март 2019-жылдагы №21 ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXVII чакырылышынын  кезектеги  XVII  сессиясынын

ТОКТОМУ

13-март  2019-жыл   №21                                                                            Орто-Нура айылы

Чет-Нура айыл аймагынын 2019-жылдагы жыл башынан калган акча

 каражатын чыгымдоо  жөнүндө

Чет-Нура айыл аймагынын 2019-жылдагы жыл башынан калган акча каражатын бөлүштүрүү максатында Чет-Нура айыл аймактык  Кеңешинин бюджет жана этика  комиссиясынын, ФЭБнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап,

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

  1. Чет-Нура айылдык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын протоколу толуктоо жана өзгөртүүлөр менен бекитилсин.
  1. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жыл башынан калган калдык акча каражаты төмөндөгүдөй чыгымдалсын:
Статья Чыгаша бөлүктүн аткарылышы Сумма (миң сом)
1 2214 Транспорт чыгымдары 80,0
2 2215 Башка чыгымдар жана кызматтар 409,9
3 2217 Медикамент алуу 10,0
4 2221 Учурдагы ремонт үчүн чыгымдар 229,1
5 2222 Материалдарды жана буюмдарды алуу 169,0
6 3111 Имараттар жана каналдар 715,3
7 3112 Машиналар жана камсыз кылуулар 188,0
1801,3

Баары-1801,3 миң сом (Бир миллион сегиз жүз бир миң үч жүз сом).

 

  1. Чет-Нура айыл аймагына караштуу бала бакчаларынын атайын

каражаттарынын 2019-жылдын жыл башынан калган калдык акча каражаты

төмөндөгүдөй чыгымдалсын:

Статья Чыгаша бөлүктүн аткарылышы Сумма (миң сом)
1 2218 Тамак аш алуу 180,3

Баары- 180,3 миң сом (Бир жүз сексен миң үч жүз сом)

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы  К.Ибраевага  тапшырылсын.

Төрага:                                                                                             Т.Сыдыкбеков

Комментирование запрещено