Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясынын 11-апрель 2019-жылдагы №18/3 ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXVII чакырылышынын  кезектеги  XVIII  сессиясынын

ТОКТОМУ

11-апрель 2019-жыл №18/3                                                        Орто-Нура айылы

Орто-Нура айылындагы Жаңы конуштун көчөлөрүнө  ат берүү жөнүндө

Орто-Нура айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун негизинде,

Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XVIII  сессиясы  токтом кылат:

  1. Айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Нура айылындагы Жаңы конуш участкасындагы мечиттин артындагы биринчи көчөгө (маркум) Исаков Кадырдын (ысымы) аты берилсин.
  1. Орто-Нура айылындагы Жаңы конуш участкасындагы үчүнчү көчөгө (маркум) Мүсүрканов Нарынбектин (ысымы) аты ыйгарылсын.
  1. Көчөлөргө шагыл төгүп, оңдоп-түзөө, свет орнотуу, көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жана табличкаларын илүү Исаков Кадырдын жана Мүсүрканов Нарынбектин үй- бүлөөлөрүнө милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.

 

Төрага:                                                                                               Т.Сыдыкбеков

Комментирование запрещено