Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясынын 21-май 2019-жылдагы №19/2ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXVII чакырылышынын  кезексиз  XIX сессиясынын

ТОКТОМУ

21-май  2019-жыл   №19/2                                                   Орто-Нура айылы

Ак-Булуң айылында өткөрүлгөн аукцион боюнча айыл өкмөтүнүн       турак жай жана  жер боюнча башкы адистин билдирүүсүн угуу жөнүндө

          АКФнын жерлерин ижарага берүү жөнүндөгү жобого жана Чет-Нура айыл өкмөтүнүн турак жай жана жер боюнча адиси К.Асанбековдун билдирүүсүнүн негизинде,

Чет-Нура айылдык Кеңешинин XIX сессиясы

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Ак-Булуң айылындагы АКФнын жерин ижарага берүү боюнча өткөн аукционго жарандардан ар бир лотко арыздар толук түшпөгөндүктөн түз берилгендиги белгиленсин.
  2. АКФнын ижарага берилген жерлерин мыйзамга ылайык мыйзамдаштыруу айыл өкмөтүнүн турак жай жана жер боюнча адиси К.Асанбековго тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.

Төрага:                                                                                            Т.Сыдыкбеков

Комментирование запрещено