Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын 24-июль 2019-жылдагы №20/2 ТОКТОМУ

shapka_cn.jpg

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин

XXVII чакырылышынын  кезектеги  XX  сессиясынын

ТОКТОМУ

24-июль  2019-жыл   №20/2                                                                           Орто-Нура айылы

Чет-Нура айыл  аймагынын айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XVI  сессиясынын 19-январь 2019-жылдагы №16/1токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

         Чет-Нура айыл аймагынын 2019-жылдагы бюджетте каралган акча каражатын бөлүштүрүү максатында Чет-Нура айылдык Кенештин  бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жана ФЭБнүн баяндамасын угуп жана талкуулап

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин кезектеги  XXVII чакырылышынын XX сессиясы токтом кылат:

  1. Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XVI  сессиясынын 19-январь 2019-жылдагы №16/1 токтомуна өзгөртүү киригилсин.

 

  1. Токтомдо бекитилген 22241100 статьясында мекемелерге көмүр алууга каралган 273800 (эки жүз жетимиш үч миң сегиз жүз) сом акча каражаттары эконом болуп калгандыктан:
  • 22122900 статьяга Ж.Саламатов мектебинин интенет байланышы үчүн 15600 (он беш мин алты жүз) сом;
  • 22154100 статьяга социалдык иш чараларды өткөзүү үчүн 13000 (он үч миң) сом;
  • 22211100 статьяга Ж.Саламатов орто мектебинин учурдагы ремонтуна 33100 (отуз үч миң бир жуз) сом, “Чон-Эне” бала бакчасынын көмүрканасынын ремонтуна 25000 (жыйырма беш мин) сом, Орто-Нура маданият үйүнүн ремонтуна 28000 (жыйырма сегиз миң) сом, айыл өкмөтүнүн имаратынын көмүрканасынын ремонтуна 5000 (беш миң) сом;
  • 22211200 статьяга Орто-Саз айылынын көчө жарыгын жана жолдорун ондоого 59000 (элүү тогуз миң) сом, Ак-Кыя айылынын көчө жарыгын жана жолдорун ондоого 59000 (элүү тогуз миң) сом, Чет-Нура айылдык мусор полигонун кенейтүүгө 9100 (тогуз миң бир жуз) сом;
  • 31131220 статьяга көчөттөрдү сатып алууга 27000 (жыйырма жети миң) сом жылдырылып бекитилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Ибраевага тапшырылсын.

 

 

            Төрага:                                                                                                   Т.Сыдыкбеков

Комментирование запрещено