Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясынын ТОКТОМУ 24-июль 2020-жылдагы №25/4

shapka_cn.jpg

 Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеӊешинин

XXVII чакырылышынын  кезексиз  XXV  сессиясынын

ТОКТОМУ

24-июль 2020-жыл   №25/4                                                                       Орто-Нура айылы

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын  Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Нарын районунун Чет-Нура айыл өкмөтүндө 2017-жылдын 1-январынан тартып  2018-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына өткөрүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча.

             Күн  тартибиндеги маселе  боюнча Чет-Нура  айыл  өкмөтүнүн  башчысы А.Н.Мүсүрканов сессиянын катышуучуларына түшүндүрмө берди. Анда төмөнкүлөр айтылды:

  1. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-январынан тартып 2016-жылдын 31-декабрына чейинки аралыкка карата жүргүзүлгөн аудитинде жазылган  11,3 миӊ сомдук «Ямаха», 1,1  миӊ сомдук «Кичинекей Тис» жана тастыктоочу иш кагаздары жок 3,0 миӊ сом чыгышталып, калыбына келтирилген эмес деп көрсөтүлгөн. Бул боюнча төмөнкүлөр жасалган:

а) Б.Бекжанов атындагы орто мектебинде 11,3 миӊ сомдук музыкалык аппарат

«Ямаха» жана 1,1 миӊ сомдук «Кичинекей  Тис» жок болгондуктан, ревизиядан кийин 2017-жылдын 14-сентябрында № 91800011, №91800013 ТТ аркылуу Б.Бекжанов атындагы орто мектебинде материалдарга жооптуу Б.Момунов тарабынан 11,3 миӊ сом жана 1,1 миӊ сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджеттик счетуна төгүлүп, квитанция алынган.                                                                                                                                         б) Кассадан социалдык иш чараларды өткөзүү үчүн берилген 3000 сом акча каражатынын авансалык отчетун өз убагында тапшырбагандыгы үчүн 3-октябрь 2017-жылы №91800097 ТТ аркылуу Чет-Нура айылдык клубунун жетекчиси Абылгазиев Адилет тарабынан 3000 сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджеттик счетуна өндүрүлүп төгүлүп, квитанция алынган.

  1. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрына чейинки аралыкка карата жүргүзүлгөн аудитинде жазылган  1,0 миӊ сомдук 15 (он беш) даана отургуч жалпы  15,0 миӊ сом жетпей калгандыгы жана 3,3 миӊ сом тастыктоочу иш кагаздары жок төлөнүп берилген деп көрсөтүлгөн.  Бул боюнча төмөнкүлөр жасалган:

а) Инвентаризация учурунда жетпей калган 15 даана стул аудит учурунда 2019-жылдын 3-сентябрындагы №132 счет фактурасы аркылуу калыбына келтирилди.

б) 3,3 миӊ сом сапар чыгымы боюнча акча каражаты айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына берилип, бирок отчету жок болгондуктан, ревизиядан кийин айыл башчылар Т.Мамыров, А.Жетиген уулу, М.Омурбековдор тарабынан 9-сентябрь 2019-жылы №91700082, 91700080, 9663660 ТТ аркылуу айыл өкмөтүнүн бюджетине 3,3 миӊ сом төгүлүп, квитанция алынган.

  1. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрына чейинки аралыкка карата дем берүүчү гранттар боюнча жүргүзүлгөн аудитинде подрядчы «Бейшембай Курулуш» ЖЧК тарабынан Орто-Нура айылындагы «Чон-Эне» бала бакчасына кошумча курулма курууда АИАда аткарылган жумуштун көлөмү 21,5 миӊ сом көтөрмөлөнгөнү көрсөтүлгөн.

Бул боюнча төмөнкүлөр жасалган:                                                                                                    а) Подрядчы «Бейшембай Курулуш» ЖЧК тарабынан Орто-Нура айылындагы «Чон-Эне» бала бакчасына кошумча курулма курууда АИАда аткарылган жумуштун көлөмү боюнча көтөрмөлөнгөн 21,5 миӊ сом акча каражаты 2019-жылдын 11-октябрындагы №15 ТТ аркылуу калыбына келтирилген, квитанция алынган.

Мындан кийин депутаттар суроолорду беришти жана тиешелүү жоопторду алышты. Күн тартибиндеги маселе боюнча угуп жана талкуулап

Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын                    кезексиз  XXV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.   Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын мурдагы аудитинин жыйынтыгы боюнча көрсөтүлгөн кемчиликтер толук аткарылгандыгы белгиленсин. Бул боюнча Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Б.Бекжанов атындагы орто мектебинде материалдарга жооптуу Б.Момуновго өз учурунда материалдык балуулуктар жок болгондугуна жол бергендиги  эскертилсин жана мындан ары кемчиликтерди болтурбоо, товардык-материалдык баалуулуктардын сактыгын камсыздоо жагы милдеттендирилсин
  1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2017-жылдын 1-январынан 2018-жылдын 31-декабрына чейинки аудитинин жыйынтыгы боюнча көрсөтүлгөн кемчиликтер толук аткарылгандыгы белгиленсин. Бул боюнча Чет-Нура айыл өкмөтүндө материлдарга жооптуу И.Чекировго оз учурунда материалдык балуулуктар жок болгондугуна жол бергендиги  эскертилсин жана мындан ары кемчиликтерди болтурбоо, товардык-материалдык баалуулуктардын сактыгын камсыздоо жагы милдеттендирилсин.
  1. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери К.Ибраевага сапар чыгымдарын негизсиз тастыктоочу иш кагаздары жок акча каражаттарын бергенде өз учурунда отчетторду кабыл алууда айрым кемчиликтерге жол бергендиги эскертилсин жана мындан ары финансылык кемчиликтерди болтурбоо жагы милдеттендирилсин.
  1. Подрядчылардын аткарган иштеринин көлөмү боюнча отчетту туура чагылдыруу жана аткарган көлөмдөрүнө туура акт түзүү боюнча көзөмөлдөө — айыл өкмөтүнүн башчысы А.Н.Мүсүркановго тапшырылсын.
  1. Бул токтомдун аткарылышы жана мындан ары чарбалык, финансылык мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн жалпы жоопкерчилик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Н.Мүсүркановго калтырылсын.

Төрага:                                                                                                   Т.Сыдыкбеков

 

Комментирование запрещено