Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын №6/1 ТОКТОМУ

shapka_cn

7-август 2013- жыл №6/1 Орто — Нура айылы

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамдарынын негизинде Чет-Нура айыл аймагынын алыскы жайыттарда аңчылык кылган
субүектилердин 2008-2013-жылдарга иш алып баруусу жөнүндө

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин төрагасы Т.Мамыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,
Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI cессиясы токтом кылат:

1. Чет-Нура айыл аймагынын алыскы жайыттарындагы иш алып барган субүектилердин иши тиешелүү деңгээлде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун негизинде жүргүзүлбөй жаткандыгы белгиленсин жана тиешелүү органдарга билдирилсин.

2. Чет-Нура айыл аймагынын алыскы жайыттарындагы иш алып барган мергенчилик субүектилердин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-ноябрындагы № 606 токтомун тиешелүү деңгээлде аткарылбагындыгын эске алуу менен Нарын облустук МУККтын коррупцияга каршы кызматынан Нарын облусундагы мергенчилик кылган субүектилерге түшө турган акча каражатын Нарын облусу боюнча териштирип берүү жагы суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго, аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Төрага: Т.Мамыров
________________________________________________________________________________ Жөнөтүлсүн: иш кагазга,Нарын райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына, айылдык кенешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына

Комментирование запрещено