Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын №6/6 ТОКТОМУ

shapka_cn

7-август 2013- жыл №6/6 Орто — Нура айылы

Кыргызстанда туруктуулукту жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү колдоо долбооруна катышуу жөнүндө

Чет-Нура айыл өкмөтүнө бул долбоорго катышуу үчүн:
• Орто-Нура айылынын «Нура сүт азыгы»
• Ийри-Суу айылынын маданият үйүнө
• Чет-Нура айылына бала бакча куруу үчүн
• Ийри-Суу айылына «Бала бакчанын капиталдык ремонтуна»
• Орто-Нура айылындагы Үй шартындагы тигүү цехин кеңейтүү үчүн
• Орто-Нура айылынын Мамаке Баатыр спорт комплексинин душ куруу кызыктар каттары катталган.

Жогорудагы кызыктар каттардын негизинде, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI сессиясы токтом кылат:

1. Жогорудагы кызыктар каттарынын ичинен Үй шартындагы тигүү цехин кеңейтүү максатындагы жеке ишкер Сүйүндүк уулу Бакыттын, Ийри-Суу айылынан «Бактылуу бала» бала бакчасынын капиталдык ремонтуна кошумча корпус куруу үчүн бала бакча башчысы Чакиева Жээнбүбүнүн кызыктар каттары колдоого алынып, конкурска катышуу үчүн жиберилсин.

2. Бюджеттен каралуучу салымдар айыл өкмөтүнүн бюджетинен каралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага: Т.Мамыров
_________________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, жеке ишкерлерге, Ага-Хан коомдук бирикмесине.

Комментирование запрещено