Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын №6/7 ТОКТОМУ

shapka_cn

7-август 2013- жыл №6/7 Орто — Нура айылы

Чет-Нура айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга түзүлгөн стратегиялык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө

Чет-Нура айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга түзүлгөн стратегиялык өнүгүү планын жарандардын катышуусундагы талкуулоо боюнча 2013-жылдын 22-23-мартында өткөрүлгөн коомдук угуунун жыйынтыгын эске алып жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI сессиясы токтом кылат:

1. Чет-Нура айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга түзүлгөн стратегиялык өнүгүү планы бекитилсин.

2. Чет-Нура айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга түзүлгөн стратегиялык өнүгүү планында коюлган иш-чараларды аткаруу жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Чет-Нура айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга түзүлгөн стратегиялык өнүгүү планынын аткарылышы жылдык отчеттордо белгиленип турсун.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика, финансы, бюджет, мандат, депутаттык иш, этика жана коомдук тартипти сактоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.

Төрага: Т.Мамыров
_________________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Экономика, финансы, бюджет, мандат, депутаттык иш, этика жана коомдук тартипти сактоо боюнча комиссиясына, аппарат кызматкерлерине.

Комментирование запрещено