Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын №6/9 ТОКТОМУ

shapka_cn

7-август 2013- жыл №6/9 Орто — Нура айылы

Чет-Нура айыл аймагына караштуу Ак-Сай, Орук-Там алыскы жайлоолорунда 2013-жылда пайдаланылбаган жайыттарды кароо жөнүндө

Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы С.Ибаков төмөндөгүлөрдү билдирди: 2013-жылы Ак-Сай алыскы жайлоосундагы Кашка-Суу, Чоң Кашка-Суу, Башкы Кашка-Суу, Көк-Булак участкаларынан 35 000 (отуз беш миң) га жайыт аянты, Орук-Там жайлоосунан Чаар-Жон, Талды участкаларынан 2749 (эки миң жети жүз кырк тогуз) га жайыт аянты, жалпы 37 749 (отуз жети миң жети жүз кырк тогуз) га жайыт малчылар көчүп барбагандыгына байланыштуу пайдаланылган жок.
Мыйзамга ылайык пайдаланылбаган жайыт аянттарына салык төлөнбөйт. Ошондуктан пайдаланылбаган жайыт аянттарын быйылкы жылдын салыгынан бошотууну карап берүүнү сурайм.

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI сессиясы токтом кылат:

1. 2013-жылы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Сай өрөөнүндөгү 35 000 (отуз беш миң) га, Орук-Там өрөөнүндөгү 2 749 (эки миң жети жүз кырк тогуз) га жайыт аянты пайдаланылбай жаткандыгы белгиленсин.

2. Нарын райондук мамлекеттик администрациясынан Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Сай, Орук-Там өрөөнүндөгү 2013-жылы пайдаланылбаган 37 749 (отуз жети миң жети жүз кырк тогуз) га жайыт аянтына чегерилүүчү салыктан бошотуу жагы суралсын.

3. Токтомдун аткарылышы Чет-Нура айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы С.Ибаковго тапшырылсын.

Төрага: Т.Мамыров
_________________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, жайыт пайдалануучулар бирикмесине.

Комментирование запрещено