Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын №7/3 ТОКТОМУ

shapka_cn

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVI чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын

ТОКТОМУ

24-октябрь 2013- жыл №7/3 Орто — Нура айылы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жыл 8-июль № 403 токтомун Чет-Нура айыл өкмөтүндө ишке ашыруу жөнүндө

Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтерин А.Мамырбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июль № 403 токтому менен депутаттарды толук тааныштырды.

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII сессиясы токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жыл 8-июль № 403 токтому Чет-Нура айыл өкмөтүндө ишке ашырылып, штаттык бирдиктер (алымча кошумчасы менен ) бекитилсин.

2. Чет-Нура айыл өкмөтү чачкын 8 айылдан тургандыктан МЧС жана жерге жайгаштыруу боюнча адиси 0,5тен эки штатка бөлүнүп, кошумча салык чогултуу жүктөлсүн.

3. Чет-Нура айыл өкмөтү чачкын жайгашкандыгына байланыштуу , Орто-Нура айылында айыл башчы штаты жоктугуна байланыштуу Орто-Саз айылынын айыл башчысынын штат бирдиги Орто-Нура айылына которулсун, Орто-Саз айылынын айыл башчысы кызмат орду жаңы ачылган ВУС кызматы менен толукталсын.Эки жумуш бирдей аткарууга алынсын (Айыл өкмөт башчысы Орто-Саз айылында туруктуу жашагандыгына байланыштуу).

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.

Төрага: Т.Мамыров

Жөнөтүлсүн иш кагазга, айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери А.Мамырбековго.

Комментирование запрещено