Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн XXVI-чакырылыштагы кезектеги VIII сессиясынын №8/1 ТОКТОМУ

shapka_cn

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн XXVI-чакырылыштагы кезектеги VIII сессиясынын
ТОКТОМУ

15-январь 2014-ж № 8\1 Орто-Нура айылы

Айыл өкмөтүнүн жыл башынан
калган акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

Айыл өкмөтүнүн жыл башынан калган акча каражатын бөлүштүрүү боюнча мурунку каралып жыл аягына калган мектептерден сырткары, Ж.Саламатов орто мектебинин өтүнүч каты,
— Б.Бекжанов орто мектебинин кайрылуусу
— Айыл өкмөтүнүн китепканачыларынын кайрылуусу
— Төш-Булак башталгыч мектебинин кайрылуусу
— «Эки-Нура» СООППВ кайрылуусу
— Чет-Нура айылынын айыл башчысынын кайрылуусу
— Ж.Саламатов орто мектебинин кайрылуусу
— Төш-Булак ФАПтын кайрылуусу
— Орто-Нура маданият үйүнүн кайрылуусу
— Ийри-Суу айылынын бала бакчасынын кайрылуусу түшкөндүгүнө байланыштуу Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII сессиясы токтом кылат:

1. Айыл өкмөтүнүн жыл башынан калган акча каражатын бөлүштүрүү 21-январь 2014-жылы өтүлүүчү сессияда кароого калтырылсын.
2.Жогоруда сунушталган кайрылууларды жеринде барып текшерип, кийинки сессияга сунуштоо айыл өкмөтүнүн эканомика-финансы, бюджет боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.

Чет-Нура айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин төрагасы: Т.З.Мамыров
Жөнөтүлсүн иш кагазга, тармактык комиссияга

Комментирование запрещено