Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги II сессиясынын №2/4 ТОКТОМУ

shapka_cn
Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVI чакырылышынын кезектеги II сессиясынын

ТОКТОМУ

14-март 2013- жыл №2/4 Орто — Нура айылы

Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүндө катуу тиричилик калдыктарын таштандыларды төгүүчү жайларды аныктап берүү жөнүндө

Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу К.Асанбековдун ар бир айылдан таштандыларды төгүү үчүн 0,10га жер участогун бөлүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:

1. Ар бир айылдан элдин макулдугун эске алуу менен, экология жана санэпидемстанциянын уруксааты менен айылдардын ыңгайлуу жеринен 0,10га жер катуу тиричилик калдыктарын, таштандыларды төгүүчү жай үчүн берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, токой чарба, суу чарба, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, энергетика жана өз алдынча башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Төрага: Т.Мамыров
____________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагазга жана Айыл чарба, токой чарба, суу чарба, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, энергетика жана өз алдынча башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына.

Добавить комментарий