Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы кезектеги VIII сессиясынын №8/4 ТОКТОМУ

shapka_cn

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVI чакырылыштагы кезектеги VIII сессиясынын

ТОКТОМУ

15-январь 2014-ж № 8\4 Орто-Нура айылы

Чет-Нура айыл өкмөтүнө караган айылдардагы комок дүкөндөргө
спирт ичимдигин сатууга тыюу салуу жөнүндө

Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Орто-Нура айылынын 20.12.2013-ж№ 4 токтому,Чет-Нура айылынын 20.12.2013-ж № 4 токтому, Төш-Булак айылынын 25.12.2013-ж № 5 токтому, Ийри-Суу айылынын 17.12.2013-ж № 10 токтому жана Ак-Кыя айылынын 23.12.2013-ж №5 токтомдору депутаттарга тааныштырылды.
Токтомдорду угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII сессиясы токтом кылат:
1. Ар бир айылдан кабыл алынган токтомдор мыйзамга ылайык келбегендиктен кийингки сессияга кароого калтырылсын.
2. Кийинки сессияга чейин ар бир айылдарда кайрадан жыйындар өткөрүлсүн.
3. Айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан арак саткан дүкөндөрдө:
— кечки саат 16 00 дөн эртең мененки 8 00 го чейин арак сатууга, чектөө коюлсун
— 16 жашка толо элек өспүрүмдөргө арак, тамеки сатылбасын.
— коомдук жайда арак ичкендерге административдик айыптар салынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.

Чет-Нура айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин төрагасы: Т.З.Мамыров
Жөнөтүлсүн иш кагазга, тармактык комиссияга

Комментирование запрещено