Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы кезектеги VIII сессиясынын №8/7 ТОКТОМУ

shapka_cn

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVI чакырылыштагы кезектеги VIII сессиясынын
ТОКТОМУ

15-январь 2014-ж № 8/7 Орто-Нура айылы

Орто-Нура айылынын тургуну Жумагул уулу
Алмазбектин арызын кароо жөнүндө

Орто-Нура айылынын тургуну Жумагул уулу Алмазбектин Нарын суунун жээгиндеги өздөштүрүп алган 0,50га жерин мыйзамдаштырып берүүнү сурайт.
Арызды угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII сессиясы токтом кылат:

1. Орто-Нура айылынын тургуну Жумагул уулу Алмазбектин арызы канааттандырылып 12-январь 2014-жылдагы Орто-Нура айылынын жалпы элдик чогулушунун №1 токтому жана Орто-Нура айылынын жер комиссиясынын 13-январь 2014-жылдагы №2 токтому бекитилсин.
2. Нарын суунун жээгиндеги өздөштүрүп алган 0,50га жер участогу Кыргыз Республикасынын жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү КР 2.07.1999-жылдагы №46 Мыйзамынын 6-статьясынын 4-пунктуна ылайык берилүүгө жатат.
3. Нарын райондук мамлекеттик администрациясына жайыт жерден сугат жерге которууга сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.

Чет-Нура айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин төрагасы: Т.Мамыров

Жөнөтүлсүн: иш кагазга

Комментирование запрещено