Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн XXVI чакырылыштагы кезексиз IX сессиясынын №9/1ТОКТОМУ

shapka_cn

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн XXVI чакырылыштагы кезексиз IX сессиясынын

ТОКТОМУ

21-январь 2014-ж №9/1 Орто-Нура айылы

Чет-Нура айыл аймагынын 2014-жылдагы жыл
башынан калган акча каражатын чыгымдоо жөнүндө

Чет-Нура айыл аймактык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын, ФЭБнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап
Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX сессиясы токтом кылат:

1. Чет-Нура айыл аймактык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын протоколу толуктоо жана өзгөртүүлөр менен бекитилсин.

2. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жыл башынан калган калдык акчасы төмөндөгүдөй чыгымдалсын:
1) Транспорт чыгымдары- 66,8 миң сом
2) Башка чыгымдар жана кызматтар- 124,8 миң сом
3) Имарат жана жайлардын учурдагы ремонту- 141,6 миң сом
4) Материалдарды жана буюмдарды алуу- 39,8 миң сом
5) Негизги каражат алуу- 25,0 миң сом
Баары 398,0 мин сом (Үч жүз токсон сегиз миң сом)

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Мамырбековго тапшырылсын.

Чет-Нура айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин төрагасы: Т.Мамыров

Комментирование запрещено