Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XII сессиясынын №12/1 ТОКТОМУ

shapka_cn

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVI чакырылышынын кезексиз XII сессиясынын
ТОКТОМУ

29-апрель 2014-жыл №12/1 Орто-Нура айылы

Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылкы жазгы талаачылык иштери боюнча даярдыктары, көчүү-конуу, корук, мал багуунун тарифтерин бекитүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XII сессиясы токтом кылат:

1. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылга жазгы талаачылык иштери боюнча жүргүзүп жаткан иштери канаттандыраарлык деп табылсын.
Айыл өкмөтү боюнча:
— 1-май 2014-жылдан ар бир айылда корук иштери башталсын;
— корукка түшкөн малдын ээсине ооз эки же кагаз жүзүндө билдирүү жиберилсин, угуп туруп малын чыгарып кетпесе, малы өлүп калса корукчу жооп бербей тургандыгы белгиленсин;
— корукка түшкөн малдан алынган акча каражатынын эсебин алуу айыл башчыга милдеттендирилсин (отчёту элге берилсин);
— 10-майдан ортоңку жайытка көчүрүү колго алынсын;
— 1-июндан алыскы жайытка көчүрүү колго алынсын;
— ортоңку жана сырткы жайытка өз убагында көчпөгөн жарандарга: биринчи — эскертүү, экинчи — административдик штраф, үчүнчү – тиешелүү укук коргоо органдарына берилсин;
— бодо малды багуу 200-250 сомго чейин, майда малды багуу 25-30 сомго чейин бекитилсин.
2. Айдап-себүүнүн тарифтери ар бир айылдын кабыл алынган токтомдордун негизинде бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.

Төрага: Ж.Жакыпов
_______________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга, айыл башчыларга.

Комментирование запрещено