Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XII сессиясынын №12/3 ТОКТОМУ

shapka_cn

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVI чакырылышынын кезексиз XII сессиясынын
ТОКТОМУ

29-апрель 2014-жыл №12/3 Орто-Нура айылы

Орто-Нура айылынын тургуну маркум Бектемир Акуновду
«Эрдик» медалына көрсөтүү жөнүндө

Орто-Нура айылынын тургундарынын 4-апрель 2014-жылдагы №1 токтомун угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XII сессиясы токтом кылат:

1. Орто-Нура айылынын тургундарынын 4-апрель 2014-жылдагы №1 токтому бекитилсин.

2. Орто-Нура айылынын тургуну маркум Акунов Бектемирдин эмгеги бааланып, Кыргыз Республикасынын «Эрдик» медалына сунушталсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.

Төрага: Ж.Жакыпов
_________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга, Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө.

Комментирование запрещено