Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XII сессиясынын №12/4 ТОКТОМУ

shapka_cn

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVI чакырылышынын кезексиз XII сессиясынын
ТОКТОМУ

29-апрель 2014-жыл №12/4 Орто-Нура айылы

Ак-Булуң айылына 2014-жылга бюджеттен бөлүнгөн акча
каражатынын максатын өзгөртүп берүү жөнүндө

Ак-Булуң айылына өткөн 2013-жылы клуб куруу пландалып, бюджеттен акча каражаты каралган.
Элдин планы өзгөрүлүп, таза суу куруу планы кирип жаткандыгына байланыштуу, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XII сессиясы токтом кылат:

1. Ак-Булуң айылына 2014-жылы бюджеттен бөлүнгөн акча каражатынын максаты өзгөртүлүп, клуб куруу үчүн эмес, таза суу куруу үчүн берилсин.

2. Бюджетти тактап, максатын статьялар боюнча өзгөртүп, Ак-Булуң айылынын таза суу муктаждыгына берүү айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Болот уулу Максатка тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.

Төрага: Ж.Жакыпов
_________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга, Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө.

Комментирование запрещено