Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясынын №13/1 ТОКТОМУ

shapka_cn

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясынын
ТОКТОМУ

30-май 2014-жыл №13/1 Орто-Нура айылы

Жогорку Нарын Каскадындагы Ак-Булуң жана Нарын ГЭС-1 курулушуна
жер аянттарын бөлүп берүү жөнүндө

Жогорку Нарын Каскадындагы Ак-Булуң жана Нарын ГЭС-1 курулушуна жер аянттарын бөлүп берүү боюнча «Кыргызгипрозем» долбоорлоо институту тарабынан жазалган материалдарын карап, талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-25 статьяларынын негизинде Чет-Нура айылдык аймагыныны айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

1. «Электр станциялар» Ачык Акционердик Коомуна Жогорку-Нарын Каскадынын Ак-Булуң ГЭСинин жана Нарын ГЭС-1 курулушуна жалпы аянты 122,37 га жер аянтына анын ичинен Нарын ГЭС-1ге 22,57 га жер аянты, Ак-Булуң ГЭСине 99,8 га жер аянты бөлүнүп берилсин (жерлердин экспликациясы тиркелет).
1.1. «Электр станциялар» Ачык Акционердик Коомуна Жогорку-Нарын Каскадынын Ак-Булуң ГЭСине жана Нарын ГЭС-1 курулушуна бөлүнүп берилүүчү жалпы 122,37 га жер аянтынын ичинен туруктуу калуучу обүектилерге 49 жылдык мөөнөткө, убактылуу курулуштарына 15 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга бөлүнүп берилсин.

2. Жогорудагы 122,37 га жер аянты «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр-жай курулуш, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багытындагы жерлер» категориясына которулсун.

3. «Электр станциялар» Ачык Акционердик Коомуна милдеттендирилсин:
— Жогорку-Нарын Каскадындагы Ак-Булуң жана Нарын ГЭС-1 курулуш иштери аяктаганда «Өнөр-Жай курулуш, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багытындагы жерлер» категориясынан «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясына (рекультивация) жарактуу кылып берүү жагы эки тараптуу келишим түзүү жагы менен жүргүзүлсүн;
— Айыл чарба багытындагы жерлерден пайданын түшүүсү (упушенная выгода) жана айыл чарба жоготууларына ( за сельхозпотер) мыйзам чегинде төлөнүп берилсин.
— Жогорку-Нарын Каскадындагы Ак-Булуң ГЭСине жана Нарын ГЭС-1не жүргүзүлүп жаткан курулуш иштерине жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз болушу колго алынсын.

4. Бул токтомду аткаруу жагы Чет-Нура айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.

Төрага: Ж.Жакыпов
_____________________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга, Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө.

Комментирование запрещено