Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясынын №13/2 ТОКТОМУ

shapka_cn

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясынын

ТОКТОМУ

30-май 2014-жыл №13/2 Орто-Нура айылы

Чет-Нура айылынын тургуну Азимов Асанбекке Абакировичке
Чет-Нура айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө

Азимов Асанбек Абакирович 1936-жылы 15-октябрда Нарын районунун Төш-Булак колхозунда төрөлгөн.
1950-жылы орто мектепти бүтүп, ошол жылдан баштап 1959-жылга чейин Төш-Булак колхозунда колхозчу болуп иштеген.
1959-жылдан 1961-жылга чейин Ысык-Көл облусунун Пржевальский шаарында айыл чарба техникумунун ветеринария факультетин ийгиликтүү аяктап, эмгек жолун 1961-жылы Эмгекчил айылында веттехник болуп иштөөдөн баштаган. 1963-жылы Жданов колхозунуна которулуп, 1971-жылга чейин веттехник болуп эмгектенген. 1972-жылдан 1975-жылга чейин Зоотехник селекционер болуп иштеп, 1976-жылдан 1978-жылга чейин ветучастканын башчысы, 1980-жылдан 1983-жылга чейин уй ферма башчысы болуп эмгектенген. 1983-жылдан 1992-жылга чейин колхоздун башкы ветврачы, колхоз тарагандан кийин 1994-жылга чейин Чет-Нура айылдык бирикмесинде иштеп, 1995-жылы Ассоциация башчысы болуп иштеген. 1996-жылдан бери ардактуу эс алууда.
Азимов Асанбек Абакировичтин айыл калкына сиңирген эмгеги жогору бааланып, Пржевальск селхоз техникумунун «Ардак грамотасы», Жданов атындагы колхозунун «Ардак грамотасы» менен сыйланган.

Чет-Нура айылынын жалпы элдик чогулушунун 6-май 2014-жылдын №2 токтомунун негизинде, Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XIII сессиясы токтом кылат:

1. Чет-Нура айылынын жалпы элдик чогулушунун 6-май 2014-жылдын №2 токтому бекитилсин.

2. Чет-Нура айылынын тургуну пенсионер Азимов Асанбек Абакировичке Чет-Нура айылынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.

Төрага: Ж.Жакыпов
_____________________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга, Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө.

Комментирование запрещено