Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясынын №13/4 ТОКТОМУ

shapka_cn

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясынын

ТОКТОМУ

30-май 2014-жыл №13/4 Орто-Нура айылы

Ак-Булуң айылындагы мечитке ат берүү жөнүндө

Ак-Булуң айылынын тургундарынын 25-апрель 2014-жылдагы №2 токтому менен Ак-Булуң айылындагы «Кудайдын үйү» аталган мечит айылдын тургуну Абдыкайыров Токтомамыт- ажы ата өз каражаты менен салып бергендиктен, мечитке атын берүүнү сурайт.

Жогорудагыларды угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XIII сессиясы токтом кылат:

1. 25-апрель 2014-жылдын Ак-Булуң айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун №2 токтому бекитилсин.

2. Ак-Булуң айылындагы курулган мечитке Абдыкайыров Токтомамыт — ажы атанын аты берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.

Төрага: Ж.Жакыпов
_____________________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга, Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө.

Комментирование запрещено