Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясынын №13/5 ТОКТОМУ

shapka_cn

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
XXVI чакырылышынын кезексиз XIII сессиясынын

ТОКТОМУ

30-май 2014-жыл №13/5 Орто-Нура айылы

«Аканай» Жоопкерчилиги Чектелген Коомуна Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Бугулуу-Төр участкасынан алтын,күмүш жана башка кендерин изилдөөгө уруксаат берүү жөнүндө

«Аканай» Жоопкерчилиги Чектелген Коому 19-март 2014-жылы алтын, күмүш жана башка баалуу таштарды изилдөө үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана Минералдык Ресурстар боюнча мамлекеттик Агентиги тарабынан 3481 АП лицензия алып, мыйзамга ылайык Чет-Нура айыл өкмөтүнө изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн 3-апрель 2014-жылы 750761 сом счётун которгон.
«Аканай» Жоопкерчилиги Чектелген Коому изилдөө иштерин баштоону сурайт.

Жогорудагыларды угуп жана талкуулап, Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. «Аканай» Жоопкерчилиги Чектелген Коомуна Бугулуу-Төр участкасынан алтын, күмүш жана башка кендерди изилдөө үчүн жергиликтүү калк менен макулдашуу жок болгондуктан уруксаат берилбесин.

2. Коомдук угууларды ар бир айылда түзүлгөн график боюнча өткөзүү айыл башчыларга жана айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

3. «Аканай» Жоопкерчилиги Чектелген Коомуна массалык маалымат каражаттарына чагылдыруу суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага: Ж.Жакыпов
_______________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагаздарга, айыл башчыларга.

Комментирование запрещено